Ооган генералы Достум экинчи кол салууда аман калды

Afghan Vice President Abdul Rashid Dostum arrives at Hamid Karzai International Airport in Kabul. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Теги өзбек генерал Достум талаштуу фигура катары белгилүү

Ооганстандагы "Талибан" кыймылы өлкөнүн вице-президенти Абдул Рашид Достумга кол салып, ал аман калды. Вице-президенттин жан сакчысы каза тапты.

Расмий маалыматтарга ылайык, генерал Достум Балх провинциясында буктурмага кабылган. Талиптер чабуул уюштурганын мойнуна алды. Бир саатка созулган атышууда дагы эки жан сакчы жарадар болгон.

Теги өзбек деп айтылган генерал Достумга июль айынан бери экинчи жолу кол салуу болуп жатат. Июлдагы террордук чабуулда 14 киши каза тапкан. Генерал Достум Кабулдун аба майданына конгондо, өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ жан кечти жардыруусун уюштурган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Достум 2001-жылы талиптерди бийликтен түшүрүүгө АКШга көмөк көрсөткөн

Достум 2001-жылы талиптерди бийликтен түшүрүүгө АКШга көмөк көрсөткөн. Өлкөдөгү жарандык согушта Достум талаштуу фигура катары белгилүү. Ал 2014-жылы Ооган өкмөтүнө кошулган.

Бир жыл мурун Достум саясий атаандаштарын уурдап, кыйноого алган деген айыптардан улам Түркияга чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал айыптарды четке кагып, Түркияга даарылануу үчүн чыкканын айтууда.

Ооганстандын түндүк тарабындагы саясий оюнчулар генерал Достумдун өлкөгө кайтып келишин талап кылгандан кийин гана ооган өкмөтү буга жол берген. Ооганстандын түндүгүн байырлаган өзбектер өлкөдөгү этникалык топтордун ичинен саны боюнча төртүнчү орунда турат. Талдоочулардын айтымында, президент Ашраф Гани 28-сентябрда өтө турган шайлоодо өзбек азчылыгынын колдоосун алуу үчүн Достумдун кайтып келишине жол ачты. (AT)

Тектеш темалар