Түркияда Эрдогандын партиясы таасирин жоготуп жатабы?

Түркиядагы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун тыянактары чыгууда. Добуштар дээрлик эсептелип бүтүп калды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Режеп Тайип Эрдогандын башкаруучу партиясы үчүн күтүлбөгөн жүрүштөр баш калаа Анкара менен Стамбулда орун алды. Бул эки негизги аймакта АК партиясы утулуп калган.

Муниципалдык шайлоолор ар беш жылда бүтүндөй өлкө аймагында өтүп, 81 аймактын жана ири шаарлардын жергиликтүү бийлиги шайланат.

Саясий көз караштан алганда, бул 2018-жылдагы мөөнөтүнөн мурун өткөн президенттик шайлоодон кийинки өтө маанилүү өнөктүк. Президенттик шайлоодо Эрдоган 52,59% добуш алган. Эрдоган жеңишке гана жетпестен, мурдакы бийликтеги мөөнөттөрүнүн баарын жокко чыгарып, укуктарын кеңейтти.

Андан бери Эрдоганга жана анын партиясына карата шайлоочулардын көз карашы өзгөрдүбү?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Президент Эрдогандын партиясын жактагандар Стамбулда жеңишин майрамдай баштады

Бийликтеги Акыйкаттык жана өнүгүү партиясы мурда 81 муниципалитеттин 49ун көзөмөлдөгөн. Бул жолку шайлоодон кийин 41 аймакта гана жеңишке жете алды. Бүтүндөй өлкө боюнча талапкерлери 51% добуш алган.

Эрдоган партиясы жеңишке жеткенин жар салды. Бирок анын тарапташтары эки маанилүү аймакты жоготту - Анкара жана Стамбул шаарлары. Акыйкаттык жана өнүгүү партиясы 1990-жылдардын орто ченинен тарта бийликте келе жатат. Бул жолу АК партиясы өлкөдөгү үчүнчү ири шаар Измирде дагы утулуп калды.

Өлкөдөгү негизги оппозициялык партия - Республикалык элдик партия Анкарада колдоо тапкан. Бул жерде партиянын талапкери Мансур Яваш жеңип чыкты.

Стамбулда оппозициянын талапкери Экрем Имамоглу аз айырма менен утту.

"Бул Эрдоган жана анын тарапташтары үчүн такыр күтүлбөгөн тыянак болду",-дейт Би-Би-Синин Түрк кызматынын кабарчысы Ирем Кокер.

"Бийликтеги партиянын атаандаштары шайлоого мыкты даярдык көрүптүр",-дейт Би-Би-Си баяндамачылар.

Ирем Кокер Түркиядагы кырдаалды "жарыяланбаган экономикалык каатчылык" деп мүнөздөйт. Мындан тышкары оппозиция шайлоого катуу даярдык көрүп, коалиция жана союздарды түзгөн.

Шайлоого өлкөнүн 57 миллион чамалуу жараны келип, добуш берди. Бул жолку шайлоо өлкөдө экономикалык көрсөткүчтөр төмөн кулаган кырдаалда өтүүдө. Өлкө экономикасы рецессияга учурап, инфляция 20% жетти. Жумушсуздук күчөп, ошол эле маалда бийликке нааразы үндөр чыга баштады.

Эрдоган эгерде өлкөдө көйгөй жаралса, Акыйкаттык жана өнүгүү партиясы аны чечүүгө милдеттүү деп билдирүү жасады. Эрдогандын АК партиясы 16 жылдан бери бийликте келе жатат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty Images
Image caption Стамбулдун мэрлигине оппозициянын талапкери катары чыккан Экрем Имамоглу жубайы менен бирге келип добуш берди

Стамбулдагы жеңиш эмнеси менен маанилүү?

Стамбул - 17 миллион чамалуу киши жашап, өлкөнүн каржы жана экономикалык борбору. Бул шаарда Эрдоган саясий карьерасын баштап, 1994-жылдагы шайлоону утуп чыгып, калаанын мэри болгон.

"Стамбулда жеңишке жетиш үчүн, Түркиядан утуп чыгуу керек",-деген чакырыгы ошондо айтылган.

АК партиясы бул жолу шаар мэрлигине Эрдогандын жакын тарапташы, мурдакы премьер-министр Бинали Йылдырымды талапкер кылып чыгарган. Эрдоган шайлоо алдында миңдеген кишилер чогулган митингде кайрылуу жасаганы бар. Күрт жикчилдеринин коркунучу, Жаңы-Зеландиядагы мечиттеги кол салуу боюнча сүйлөгөн.

Ушундай агрессивдүү өнөктүктөргө карабай, оппозициялык Республикалык элдик партияга жеңишти алдырып жиберишти.

Талдоочулар Эрдоган кайра күч жыйнашына убакыт бар деп белгилеп жатышат.

Эрдогандын өлкөдөгү позициясы кандай болот?

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Эрдогандын дагы төрт жыл президенттик мөөнөтү бар.

"Мына ушул убактысын өзүнүн позициясын чыңдоо үчүн күчтөрдү топтоштурууга пайдаланышы керек",-дейт Ирем Кокер.

Би-Би-Синин Стамбулдагы кабарчысы Марк Лоуэндин пикиринде оппозиция өзүнүн дымагын сезди.

"Эч нерсе колунан келбейт деп эсептешкен оппозиция, акыры ал (Эрдоган) ыйык, кудуреттүү эмес экенин жана аны жеңүүгө болорун сезди",-дейт Марк Лоуэн. (AbA)

Тектеш темалар