Петербургдагы теракттын соту: Айыпталгандардын көбү кыргызстандыктар

2017-жылы он беш кишинин өмүрүн алган Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардыруу боюнча соттук териштирүү башталды. Жардырууну ишке ашырган деп теги кыргызстандык Орусия жараны Акбаржон Жалиловдун ысымы аталган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мындан эки жыл мурун 3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу орун алган. Андан тышкары, колго жасалган жардыргыч зат метродогу "Площади Восстания" станциясынан табылган. Орусиянын Тергөө комитети "теракт" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аны ишке ашырган деп теги кыргызстандык Орусия жараны, 1995-жылы туулган Акбаржон Жалиловду шектүү аташкан эле. Ал өзүн кошо жардырып жибергени айтылган.

Бул кылмыш иши бир жарым жыл иликтенди. Тергөө жардырууга шектүү катары Жалиловдон сырткары 11 кишинин катыштыгы болгонун айтууда.

Терактан 15 киши мүрт кетип, алтымышы ар кандай жаракаттарды алган. Иликтөө жүрүшүндө Орусиянын федаралдык коопсуздук кызматы "кылмышкерлер бири-бири менен байланышуу үчүн Telegram кызматын пайдаланганын" айтып чыккан эле. Жардыруудан кийин Москвада жана Санкт-Петербургда Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген бир нече киши камакка алынды.Орусиянын атайын кызматы аларды террордук уюмдарга катыштыгы болгон жана метродогу жардырууга тиешеси бар деген шек менен кармаганын айткан.

Шектүүлөр

Бул кылмыш иши боюнча террордук ишмердүүлүк жүргүзгөн, мыйзамсыз курал жасоо жана жардыруучу, ок атуучу куралдарды соодалаган деген беренелер менен айып тагылууда.

Жанкечти чабуулун ишке ашырды делген Жалиловдон сырткары, дагы эки киши негизги уюштуруучу катары аталган. Ахмед каймана ысымдуу Бабуржан Махбубов жана Абу-Салах деп таанылган кыргызстандык Сирожиддин Мухтаров.

Мухтаровго 2016-жылы эл аралык издөө жарыяланган. Ал 1990-жылы Ош шаарынын чет жакасындагы Кашкар-Кыштак айылында туулган.

2000-жылдары Мухтаров Сириядан диний билим алган. 2012-жылы Сириядагы "Катибат Имам ал-Бухари", тобуна кошулуп кетип, кийин тарапташтары менен "Катиба Таухид ал-Жихад" тобун түзгөн деп айтылат.

Калган айыпталуучулар сот залына алып келинди. Алардын баары орто билимге ээ жана буга чейин соттолгон эмес.

  • Ага-ини Азимовдор. Аброр Азимов теги кыргызстандык Орусия жараны. Үй-бүлөлүү, бир кызы бар.
  • Акрам Азимов. Кыргызстанда төрөлгөн, Орусия жараны. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
  • Содик Ортиков Тажикстандан.
  • Шохиста Каримова, Өзбекстан жараны.
  • Махаматюсуп Эрматов. Кыргызстандын жараны. Үй-бүлөлүү, бир баласы бар, такси кызматында иштеген.
  • Ибрагибжон Эрматов кыргызстандык, Махаматюсуп Эрматовдун бир тууганы.
  • Махамадюсуп Мирзаалимов, Ош шаарында төрөлгөн, Орусиянын жараны.
  • Азамжон Махмудов, өзбекстандык.
  • Сейфулла Хакимов Ошто туулган. Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.
  • Бахрам Эргашев Ошто туулган. Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.
  • Дилмурод Муидинов, Ош шаарында туулган. Петербургда ашпоз болуп иштеп жүргөн.

Тергөө

Прокуратуранын өкүлү Надежда Тихонованын айтымында, кыргызстандык Сирожиддин Мухтаров Сириянын аймагында "Таухид ал-Жихад" аттуу террордук уюм түзгөн. Уюмдун башкы кеңсеси Алеппо шаарында жайгашкан.

Прокуратура Орусиянын Сириядагы аскердик аракеттеринен улам Санкт-Петербургда террордук чабуул уюштурулду деген пикирде. Жардырууну уюштургандар орус бийлиги коопсуздукту камсыйздай албасын көрсөткүсү келген. Андан тышкары коопсуздук кызматкерлери Мухтаровго Бобиржон Махбубов аттуу адам жардам бергенин да айтышууда.

Жан кечтинин жардыруусун уюштурган Акбаржон Жалилов Сирияда Мухтаров менен Махбубов түзгөн уюмда даярдалган деген божомолдор бар. Сириядагы машыгуусунан кийин Жалилов Петербург шаарына көчүп келип, кадыресе турмушун уланткан.

Соттук угууда бир тууган Азимовдор Сириядан келген маалыматтарды Жалиловго өткөрүп бергенин айтылды. Тергөөчүлөр Азимовдор 103 миң рублду Жалиловдун банк эсебине которгону да аныкталганын ырасташууда.

"Бул каражатты жардыргыч зат жасоо үчүн жумшаган. Бомбаны "Площадь Восстания" станциясында жардыруу чечими кабыл алынып, даярдык чаралары бир айга созулган",-деп айтылды тергөө маалыматтарында.

Ошондой эле прокуратура Шохиста Каримова менен Содик Ортиков Жалиловго телефон жана электрондук капчык ачып беришкенин айтты. Кийин Ортиков терродук чабуул уюштуруу үчүн Эрматовду чакырган. Ал Петербург шаарында батир таап берген. Батирде Махмудов, Эргашев, Мирзаалимов, Муидинов жана Хакимов жашап, станциядагы эң аялуу жерлерди чогуу аныкташкан.

План түзгөндөн кийин алар Аброр Азимов менен байланышып, террордук чабуулга даяр экенин айтышкан. Бир тууган Азимовдор болсо Сириядагы Бобиржон Махбубовго кабар беришкен.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кыйноо боюнча арыздар

Террордук чабуулду уюштурду деп шектелгендер, жардыруучу заттарды, тапанчаны жана башка буюмдарды Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү атайын таштап кеткенин айтышууда. Ошондой эле алар кыйноого алынганы тууралуу дагы айтылган.

Коомдук байкоочу комиссиянын өкүлү Яна Теплицкая бир тууган Эрматовдор кыйноо боюнча арыз жазганын билдирди.

"Ал [Мухаматюсуп] 2017-жылы 6-апрелден 11-майга чейин Москвадагы жашыруун абакта кармалганын айтты. Ал 2017-жылы 5-апрелде Петербургда кармалып, Москвага жеткирилген (документ боюнча Мухаматюсуп 2017-жылы11-майда Москва шаарында кармалган)".

Теплицкая Эрматов кармалган учурунда колдору, буттары кишенделип, башына баштык кийгизилип, караңгы бөлмөдө кармалып турганын айткан деди. Ошондой эле Эрматов сурак учурунда кыйноого алынганын айттып берген.

Мухаматюсуп Эрматов - ФСБнын жашыруун түрмөсүндө кармалганы боюнча үн каткан үчүнчү фигурант. Буга чейин жашыруун түрмө тууралуу Акрам менен Аброр Азимов дагы айтышкан.

Мухаматюсуп Эрматов "жашыруун түрмө" бюнча арызын аскердик прокуратурага жолдогон экен. Ошондой эле адвокаты аркылуу дагы арызын прокуратурага жеткирүүнү өтүнгөн. Бирок Мухаматюсуп Эрматов арызы аскердик прокурорго жеткенби же жокпу азырынча билбейт.

Мухаматюсупдун агасы Ибрагибжон 5-апрелден бери дайынсыз кеткен бир тууганын издеп полицияга да кайрылганын айтты. Полиция арызын кабыл албай, эмдиги күнү кел деп койгонун да билдирди. Бир күндөн кийин полиция Эрматовдор жашаган батирге келип, тинтүү иштерин жүргүзгөн.

Ибрагибжондун айтымында, полиция кетип жатып "эртең келгиле, сүрөтүн ала келгиле, балким ал өлүп калган" деп айтышканын билдирди. Бирок кийинки күнү өздөрү кайтып келип, эшикти талкалап батирге киришкен экен. Ибрагибжон полициянын айтканына көнүп, ордунан жылбай жерде жатканын айтты. Тинтүү иштеринен кийин бир киши баштык көтөрүп келип, оролгон кара буюмду көрсөткөн экен.

- Бул эмне экенин билесиңби?

- Жок.

- Билип ал, бул сенин үйүңдө табылган бомба.

Ушундай сүйлөшүү болгон. (AT/AbA)