Соода согушу: Кытай менен АКШ келишимге жакындады

A woman works on socks that will be exported to the US at a factory in Huaibei in China's eastern Anhui province on August 7, 2018 Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Президент Дональд Трамп Вашингтон менен Бээжин сүйлөшүүлөр учурунда эң талаштуу делген маселелер боюнча мунаса тапканын билдирди.

Дональд Трамп жаңы келишимге "тарыхый" деген мүнөздөмө берип, төрт жуманын ичинде кол коюлат деп болжоду. Бирок ага карабастан айрым маселелерде тараптар дагы деле бир пикирде эмес. Сүйлөшүүлөр дагы бир топко уланышы мүмкүн.

Кытайдын лидери Си Цзиньпин дагы сүйлөшүүлөр боюнча оптимисттик көз карашын айтты. Өкмөттүк Xinhua агенттиги сүйлөшүүлөрдө жылыштар болгонун жазып чыкты.

АКШ менен Кытайдын расмийлери соода тармагындагы пикир келишпестиктерди жөнгө салуу үчүн декабрь айынан тарта эле такай жолугушууларды өткөрүп келүүдө.

Сүлөшүүлөрдө кандай маселелер көтөрүлдү?

Өткөн жылы дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикага ээ болгон бул өлкөлөр ортосунда 600 млрд доллар көлөмүндөгү сооданын талашы ырбап кеткен.

АКШнын лидери Трамп "соода тармагындагы мазактоого мындан ары чыдай албайбыз. Биз ага жол бербейбиз" деп кайрылуу жасаганына бир ай өткөндөн кийин, Вашингтон Кытайдын 3 миллиард доллар импортуна олчойгон салык салып, Бээжиндин реакциясын байкап көргөн. Кытайдын жообу дагы АКШдан кем болгон жок.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Дональд Трамп АКШ-Кытай ортосундагы соода дефицитин азайтууну көздөйт. АКШ жылына 500 млрд долларга кытай товарларын сатып алат, ал эми Кытайдын өзүнө кайра сатканы 130 млрд долларды түзөт. Трамп мындай чоң айырма кытай бийлигинин өздөрүнүн экономикасын катуу кармаган "уятсыз саясатынын" айынан болуп жатат деген пикирде.

Ошондой эле Вашингтон Кытай америкалык компаниялардынинтеллектуалдык менчигин уурдап жатат деп айыптоодо. Кошмо Штаттарынын компаниялары Кытайда иш алып баруу үчүн жергиликтүү компаниялары менен биргелешкен ишкана түзүүгө милдеттүү. Бул талаптан улам кытайлык компаниялар чет элдик ишканалардын технологиясын алып жатат дейт АКШ.

Кытай жетекчиси үчүн бул талашта жемин жедирип жиберүү - намыстын эле иши эмес, он жылдыктын эң ири долбоору болгон "Made in China 2025" стратегиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Бул долбоорго ылайык, Кытай роботтехника менен таза энергиядан баштап жогорку технологиянын он орчундуу тармагында Батышты кууп жетейин деп келет. Америкалык технология менен кооперациясыз бул ишти аткаруу кыйын болот.

Дал ошол себептен Кытай экономикалык түзүлүшүн өзгөртпөйт дейт талдоочулар.

Мунаса табылбаса эмне болот?

АКШ менен Кытай жаңы соода келишимине кол койбосо бажы төлөмдөрү эки эсеге көтөрүлөт. Кошмо Штаттарына импорттолгон 200 миллиард долларга тете Кытай товарларына болгон бажы төлөмү өсөт. Президент Трамп кытай товарларынын баардык түрүнө бажы төлөмдөрүн көтөрөбүз деп опузалады.

АКШ эмитен эле Кытайда өндүрүлгөн 250 миллиард долларга тете товарларга бажы төлөмдөрүн көтөрдү. Кытай жооп катары АКШда өндүрүлгөн 110 миллиард долларга тете товарга салык салган.

Вашингтон менен Бээжин өздөрү соода согушун каалабай турганын айтууда. Экономисттердин эсебинде, эрегиштин айынан АКШда экономикалык өсүш болжолдуу түрдө 0,5% басаңдайт, Кытай да мындан кача албайт.

Америкалык бизнес-бирикмелер биринин артынан бири тарифтерди көтөрүү жумуш орундарынын кыскарышына, баалардын өсүшүнө алып келерин эскертип жатышат.

Эки кубаттуу экономиканын соода тиреши дүйнөлүк деңгээлде таасирин тийгизүүдө. (AT)

Тектеш темалар