Кара деңиздин жээгинде табылган кокаин

Cocaine
Image caption Румыниянын полициясы териштирүү иштерин баштады

Румынияда Кара деңиздин жээгине 130 килограмм кокаин оролгон желим баштыкчалар жээкке чыгып калгандан кийин, полиция териштирүү иштерин баштады.

14 аскердик кеме жана үч жүз коопсуздук кызматкери баңгизаттарды издөөгө киришти. 130 килограмм кокаин жума күнү жээкте табылган.

Полиция жергиликтүү тургундарды жээктен желим баштыкка оролгон шектүү буюмдарды байкаса, аны ачпоого чакырды. Кокаиндин концентрациясы абдан жогору болгондуктан, ал өмүргө коркунуч жаратат.

Румыния баңгизат соодасында Америка менен Европаны байланыштырган транзиттик өлкө катары белгилүү.

Эки апта мурун коопсуздук кызматкерлер ээн калган кемеден бир тоннага чукул кокаин табышкан. Жээкке сүрүлүп чыккан баңгизат дагы ушул кемеде болгон деген божомолдор бар.

Кемедеги кокаинге байланышы бар деп, эки сербиялык жаран камакка алынган. Жекшемби күнү полиция издөө иштерине эки тик учак жана суучулдар дагы тартылганын ырастаган.

Румыниянын Digi24 телеканалы операция 90 чакырымга созулган аймакта жүрүп жатканын кабарлады.

2016-жылы Румыния 600 миллион еврого бааланган эки жарым тонна кокаинди тапкан. Голландияга багыт алган кокаин банан салынган кутучага катылган болчу.

Тектеш темалар