Ливиядагы чыңалуу: Батыш өлкөлөрү жарандарын эвакуациялады

Ливиядагы кагылышуудан өкмөттүк күчтөр жоготууга учурады. Өкмөттүк булак 32 киши мүрт кетип, 50 киши жаракат алганын кабарлады.

Хафтардын күчтөрү 14 аскерин жоготконун билдирген эле.

Бейшембиде фелдмаршал Халифа Хафтардын башкаруусу алдында Ливиянын улуттук армиясы Триполинин түштүк жана батыш тарабынан бастырып кирген. Ишембиде өкмөттүк күчтөр баш калаанын түштүгүнөн 50 чакырым алыстыктагы аймакка аба чабуулун жасады.

Ливиянын улуттук армиясы Триполиге чабуул жасады Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ливиянын улуттук армиясы Триполиге чабуул койду

Баш калаанын тургундары чабуул шаардын борбордук бөлүгүнө жылганын билдирүүдө.

Ливиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жекшембидеги шаардын түштүк тарабында болгон ок атышуудан 11 киши мүрт кетип, 23 киши жаракат алганын айтты.

Бириккен Улуттар Уюму жекшембиде Триполинин түштүгүндө ок атышууну эки саатка токтотуп, жайкын тургундардын жана жарадарларды чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган.

АКШнын Африкадагы куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу Ливиядагы америкалык аскер күчтөрүн убактылуу чыгаруу чечими кабыл алынганын жарыялады.

Мисраттык кошуундар Триполи тарабына өттү Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Ливиянын улуттук армиясы бейшембиде Триполиге чабуул жасады

Башка өлкөлөр жана уюмдар дагы өздөрүнүн кызматкерлерин эвакуациялап жатат.

"Ливиядагы түзүлгөн татаал абал кайсы жагына өзгөрөрүн айтуу кыйын",-деди америкалык аскерлердин аймактагы кол башчысы генерал Томас Волдхаузер.

Эл аралык коомчулук тааныган өкмөттүн жетекчиси Фаиз Сарадж ишембидеги теле аркылуу кайрылуусунда, генерал Хафтарды чыккынчылык жана мамлекеттик төңкөрүш үчүн айыптады. Өкмөт тынчтыкка жетүү максаты менен кол сунду, бирок Хафтар күчкө салып жатат деди ал.

Проправительственные группировки Сүрөттүн автордук укугу AFP

Хафтардын аскерлери аба майданды жана бир катар маанилүү обьектилерди басып алууга умутулууда. Анын ичинде улуттук банкты, мамлекеттик телеканал бар.

Колонна Ливийской национальной армии Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ливиянын улуттук армиясы Триполиге чабуул жасады

Триполини коргоо үчүн өкмөттүк күчтөр жана аларды колдогон кошуундар тартылууда. Муаммар Каддафи бийликтен сүрүлгөндөн кийин Ливия чачыранды болуп кетти. Өлкөдө бир нече аскерлешкен топтор аракеттенүүдө.

Армия Хафтара Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Халифа Хафтардын башкаруусундагы регулярдуу армия чоң күчкө ээ
Триполи Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Триполи

Халифа Хафтар деген ким?

Халифа Хафтар Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Халифа Хафтар

Халифа Хафтар Ливиянын аскердик жана саясый турмушуна 40 жылдан бери активдүү катышып келүүдө. 1969-жылы Муаммар Каддафи уюштурган аскердик төңкөрүштүн катышуучусу болгон.

1980-жылдары Хафтар Чад-Ливия жаңжалына катышкан. 1987-жылы Хафтар кол башчылык кылган Ливиянын армиясы жеңилүүгө учурап, генерал туткунга түшкөн.

Каддафи аны операцияны үзгүлтүккө учуратканы үчүн айыптап, камакка алган. Түрмөдөн чыккандан кийин Хафтар АКШга кетип калып, 20 жылдык өмүрүн Каддафи менен күрөшкө арнады.

Ливия Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Баш калааны коргоо үчүн өкмөттү колдогон элдик кошуундар тартылууда

2011-жылы өлкөдө көтөрүлүш башталганда Хафтар кайтып келип, өлкө чыгышындагы көтөрүлүшчүлөрдү башкарган. (AbA)

*

Тектеш темалар