Алкоголь алты аптадан кийин дагы мээни бузат

Алкоголь аны ичкенден бир нече аптадан кийин дагы кишинин мээсине зыяны тийбей койбойт. Мындай тыянакты Испания, Германия жана Италиянын эл аралык окумуштуулар тобу чыгарды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Ичкиликти ичкенден кийинки мээде болгон өзгөрүүлөрдү иликтеген окумуштуулар спирт ичимдиги алты аптадан кийин дагы адамдын нерв клеткаларын буза берерин байкашкан.

"Алкоголь таптакыр жок болсо дагы анын кесепетинен мээде пайда болгон бузулуулар токтобой күчөй берерине эч ким ишенгиси келген жок",-деди иликтөөнүн авторлорунун бири, Барселона университетинин профессору Сантьяго Каналс.

Эксперименттин жыйынтыгы JAMA Psychiatry журналына жарыяланды.

Ичкилик көп ичип алып, ооруканага түшүп калган эркек кишинин МРТ 90 сүрөттөрүн изилдеп көрүп, окумуштуулар ал киши бир нече апта оозуна спирт ичимдигин албаса дагы, дегенерациялык өзгөрүүлөр улана бергенин байкашкан.

Алкоголь ДНК жана мээнин иштешин бузат.

Бул өзгөрүүлөрдүн табиятын жакшылап түшүнүү үчүн келемишке эксперимент жүргүзүшкөн. Келемишти ичикликке үйрөтүп, андан кийин алкоголь бербей мээсиндеги өзгөрүүлөрдү байкоого алышкан. Баарынан дагы мээнин эки бөлүгү - мээнин чоң жарым шарларын бириктирип туруучу бөлүгү жана эмоцияга, эс тутумга жооп берүүчү гиппокамп деп аталган жагы көп жапа чеккен.

Буга чейинки иликтөөлөр спирт ичимдигин ашыкча ичүү гиппокампга олуттуу зыянын тийгизерин көрсөткөн. Мээнин бул бөлүгү көлөмү кичирейип, эс тутум жабыркайт.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин эгерде киши алкоголдон толук баш тартса, гиппокамп калыбына келеби деген суроого жооп табылган эмес.

Бул жолку иликтөөгө караганда, ичкилик ичкенден алты аптадан кийин дагы анын мээге зыяны тие берери белгилүү болду. (AbA)

Тектеш темалар