Тбилисидеги "Кандуу жекшемби": 30 жылдан кийинки эскерүүлөр

1989-жылдын 9-апрели Грузиянын тарыхындагы трагедиялуу даталардын бири болуп калды. Мындан 30 жыл мурун советтик аскер күчтөрү Тбилисиде тынчтык маанайдагы антисоветтик демонстрацияларды күч менен тараткан.

Похороны погибших 9 апреля Сүрөттүн автордук укугу TASS/Shakhvelaz Aivazov

Тбилисидеги демонстранттар Грузиянын көз карандысыздыгын талап кылып чыгышкан. Демонстрацияны таратуу операциясы таңкы саат төрттө башталат. Митингчилерди таратууда дубинка, саперлордун күрөгү жана ууландыруучу заттар колдонулган. Жыйынтыгында 20 киши каза тапты. Алардын үчөө жашы жетелек өспүрүмдөр, көпчүлүгү аялдар эле.

Ошол окуялардын дагы бир курмандыгы - 25 жаштагы Гия Карселадзе болду. Ал коменданттык саат жарыялангандан кийин каза болгон.

Митингчилер таратылган алгачкы сааттарда эле эки жүздөй киши ооруканага түштү. Эртеси күнү дарылоо мекемелерине миңдей киши кайрылганы белгилүү болгон.

Шаарга коменданттык саат киргизилген. Советтик аскер күчтөрүнүн аракети митингчилерди коркуткан жок. Тескерисинче, Грузиянын көз карандысыздыгын жактагандар санын көбөйтүп, болуп өткөн кайгылуу окуя аларды бириктирген.

"9-апрелдин таңында Грузия үчүн Советтер Союзу урады. Баары эле ордунда болчу, Борбордук комитет жана өкмөт, күч түзүмдөрү. Бирок бир гана Советтер Союзу жашабай калды. Жогорудан келген чечимдерди, буйрукту эч ким укпай калган",-дейт Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Ираклий Менагаришвили. Ошол маалда Менагаришвили Грузин ССРинин саламаттыкты сактоо министри болуп турган.

Трагедиялуу окуялардан толук эки жылдан кийин, 1991-жылы 9-апрелде өлкө көз карандысыздыгын жарыялады. Бул күн курмандыктарды эскерүү жана улуттук биримдиктин күнү катары дагы белгиленип калды.

"Кандуу жекшемби" деп аталып калган ошол окуялардын катышуучуларынын эскерүүлөрүн сунуштайбыз.


Лали Канчавели, каза тапкан 15 жаштагы Эка Бежанишвилинин апасы

Эка митингге барган экен. Ага каршы деле болгон жокпуз. Анткени элдин баары эле чогулуп жаткан, эч кандай коркунуч сезилген эмес. Ошол күнү атасы аны физика боюнча сабак алып жаткан мугалимине жеткирип келген эле. Ал жерден кызым Руставели аянтына барыптыр. Үйгө кечикпей келчү. Ошол күнү узакка жок болду. Биз аны кечки саат сегизден кийин издеп чыктык. Эсимде, аянтка аны издеп тапкан учурда митингчилердин алдына патриарх чыгып сүйлөп баштады. Кызым патриарх сүйлөгөндөн кийин кетели деди. Андан соң биз үлгүрбөй калдык.

Патриарх Кашвети чиркөөсүнө жайгашууга чакырды. Бирок акцияны башкарып жүргөн кишилер арасында мындай кылбагыла деген чакырыктар болгон.


Грузиянын патриархы Илия II митингчилерди таратуудан бир нече мүнөттөр алдында реалдуу коркунуч тууралуу эскертип, Кашвети чиркөөсүнө жайгашууга чакырган. Бирок митингчилер мурдакы ордунда кала беришкен. (Би-Би-Синин эскертүүсү)


Түш сыяктуу элестер көз алдымда. Кызымдын колун кармап тургамын. Жолдошум болсо кызымды аянттын башка тарабынан издеп кеткен эле. Кишилердин агымы аны Кашвети чиркөөсү тарапка сүрүп салыптыр.

Патриарх сүйлөп бүткөндөн кийин эле митингчилерди таратуу аракети башталып кетти. Эсимден танып калыпмын. Башыма сокку тийсе керек. Менимче биринчи эле сокку мага тийген го, кызым мага үйрүлө түшкөндө, анан ага күч колдонушкан.

Жакындарым мени төрт күн издешиптир. Жүзүмдөн таанууга мүмкүн болбой калган экен. 80 жаштагы аялдай эле көрүнүп калыпмын, тишимдин баары күбүлгөн, бетим шишип кеткен. Өзүмө келгенде эңги-деңги абалда экем. Бешке чейин санай албай койдум. Колум сынып, өз алдымча баса албай турдум...

Алгач мени Арамянцда дарылашты (Тбилисидеги оорукана), андан кийин неврологиялык ооруканага которушту. Ошол маалда кызымды жерге беришиптир.

Күрөктүн соккусунан алган тырык калды. Андан кийин биз ууландыруучу зат колдонулганын билдик. Жолдошума жумуштагылары көмөк көрсөтүп, мени Германияга алып келишти. Бутумду мурдакы калыбына келтирүүгө мүмкүн болбоду. Биз дарыгербиз, кудай эмеспиз дешти. Азыр өз алдымча 10 метр дагы баса албайм. Бутум шилтенбейт, анан жыгылып кетем. Олтургучтардын жардамы менен араң үйдө ары-бери жылам.


Анатолий Собчактын төрагалыгындагы Эл депутаттары тарабынан түзгөн комиссия хлорацетофенон жана Си-Эс (хлорбензальмалонодинитрил) "колдонулганы анык" деп тапкан.


Кызымды жерге берүү зыйнатына катышмак тургай, анын каза тапканын билген дагы жокмун. Эканын кыркында дагы ооруканада элем. Өзүмө келе баштаганда анан кызымды сурай баштапмын. Мага аны айылдагы туугандардыкына жөнөттүк деп айтышкан. Эч ким суук кабарды угузганга батынган эмес. Качан гана апам анын сүрөтүн кармап киргенде, эмне болгонун түшүнө баштадым. Акыл-эсим алты айдан кийин гана калыбына келе баштады. Эканын баш сөөгү жана колу сыныптыр. Ал күндөлүгүндө "өмүрдө из калтырып жашап өтүш керек" деп жазыптыр. Билбейм, бул изден эмне көрүнөт. Анткени ушундан кийин биз кандай азапта жашадык.

Каза тапкандарды жерге берүү зыйнатына миңдеген кишилер келген Сүрөттүн автордук укугу TASS/Shakhvelaz Aivazov
Image caption Каза тапкандарды жерге берүү зыйнатына миңдеген кишилер келген

Мимоза Парджиани, "Тез жардам" кызматынын улук дарыгери

40 чейинки "Тез жардам" кызматынын бригадасы такай митинг өтүп жаткан жерге барып турган. Биз бири-бирибизди алмаштырып иштедик. Анда "Тез жардам" чукул чалууларды гана кабыл алып турду. Анткени баары мобилизацияланып, кандайдыр бир жамандыкты күтүп калган. Тилекке каршы, ошол күткөн нерсе болду. Бул үрөй учурган көрүнүш эле. Алар күрөк көтөрүп жана ууландыруучу заттар менен келе жатышты. Кулаган кишилердин үстүнөн тебелеп өтүп жатышты...

Митингди таратуу башталар замат, биз Кашвети чиркөөсүнүн ылдыйкы тарабынан келдик. Андайда коркпой калат экенсиң. Болгону жабыркагандарды мүмкүн болушунча ошол жерден алып кетип, сактап калуу керек деген ой болду. Анда баары жабыркаган эле. Биринчиден, коркунуч маалындагы кишилердин массалык албууттанышы, экинчиден газдан уулануу. Ар кай жерде жаракат алгандар, көзү ачышып, кусуп уулангандар. Баары жабыркагандар, анын ичинде "Таз жардам" дарыгерлери дагы бар. Азырга чейин менин көзүм ооруйт.

Бизге дагы күч колдонгулары келди. "Тез жардам" унаасынын эшиктеринин баарын ачып, көп кишини батырып кетели деп шашкалактап жатканда, аскер кишилеринин бири келди дагы колундагы күрөгү менен тап берди. Бизди токтоткула деген белги болсо керек. Биз албетте, жаракат алгандарды ооруканага алып кеттик. Ушундан кийин кайра артка кайтып келдим. Жабыр тарткандардан калып калгандар жок бекен деп, бир сыйра карап койгону келгемин. Менин эсимде калган эң коркунучтуу учур бул - 9-апрелдин таңындагы Руставели проспектисиндеги көрүнүш эле.

Аскерлер тобу бири-бири менен кобурашып турушуптур. Жүздөрүндө өзүнө канааттануу бар эле. Анан шамалдын ышкырыгы угулуп, өлүү тынчтык орноп турду.


Демонстрация таратылгандан кийин Тбилисиге коменданттык саат киргизилди Сүрөттүн автордук укугу TASS / Vladimir Valishvili and Ivan Shlamov
Image caption Демонстрация таратылгандан кийин Тбилисиге коменданттык саат киргизилди

Митингчилер колдонгон буюмдар, алардан калган сүмке, бут кийимдер, төшөнчүлөр дөбө болуп үйүлүп жатты. Мунун алдында эле аянтта ыр-күлкү жаңырып турган. Экинчи күнү аянт чакчалекей болуп, бүлүнүп жатты. Ошондогу эсимде калган көрүнүш өмүр бою көз алдымдан кетпей калды.

Ирма Инаридзе, Демилгелүү аялдар тобунун активисти

7-апрелде митингде жүрүп чарчап келип жыгылдым. 8-апрелдин таңында танканын күркүрөгөн добушунан ойгонуп кеттим. Танкалар шаарга кирип келген экен. Шашыла кийинип эле, Руставелини көздөй жөнөдүм.


Собчактын төрагалыгы алында түзүлгөн комиссиянын докладында, 8-апрелде шаардын үстүнөн аскер тик учактарынын үч эскадрильясы учуп өткөнү, Тбилиси көчөлөрүндө митингчилерге жанынан куралдуу аскерлер түшкөн аскер техникалары жүргөнү чагымчылдыктын ролун аткарган деп белгиленген.


Ал жердегилер шаарга аскер техникаларынын кирип келишине кабатырланып турган экен. Биздин биримдиктен башка күчүбүз жок экенин көрсөтөлү деп чечтик. Биз көз карандысыздыкты, эркиндикти талап кылып турдук.

Демонстранттар чогулган өкмөт үйү Сүрөттүн автордук укугу Getty Images/TASS
Image caption Демонстранттар чогулган өкмөт үйү

Бизди таратышарын билгенбиз. Бирок мындай жол менен таратат деген эч кимдин оюна келбептир.

Өкмөт үйүнүн алдындагы тепкичте олтурган элем. Кимдир бирөө ырдап, бийлеп турушкан. Андан кийин танканын үстүндө аскерлер колуна кармап өткөн союлдардын тарсылдаган үнү угулду.

Кыйкырыктар эсимде, менин артымда турган бала: "Эмне кылып жатасыңар, бул жерде аялдар менен кыздар турушат го!",-деп кыйкырды.

Тыгылыш болуп, кишилер сүрүлүп кетти. Бир учурда жыгылып кетип, демим кыстыгып жатып калдым.

Курбумдун сүйлөгөнү алыстан угулган кыйкырык сыяктуу сезилди. Ал мени тургузуп жаткан экен, ошондо өзүмө келдим. Биз эптеп эмгектеп барып, чуңкурга жыгылып калдык. Эсимде, жерде жаткан бутактын сыныгы ичиме батып калган. Бирок кыймылдабай жата бердим. Денем ооруну сезбей калган экен. Бир топтон кийин бизди милиция кызматкерлери көрүп калып, сөздүн түз маанисинде айтканда, өкмөт үйүнө өткөн чоң жолго ыргытып салышты.

Тааныш балдардын бири чоң энемдин үйүнө жеткириптир. Эрте менен энем ооруканага алып барды. Ошол жерден каза тапкандар тууралуу уктум. (AbA)

(Макала айрым кыскартуулар менен берилди)

Тектеш темалар