"Үйгө кайтуу": 140 жылдан соң кайтып келген карышкырлар

Wolf in wildlife park in Germany Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 2015-жылдан тарта карышкырлардын үйүрү Голландияда пайда боло баштады

Экологдор 140 жылдан соң биринчи жолу Голландияга карышкырлардын үйүрү кайтып келгенин кабарлашты.

Европанын кээ бир аймактарында карышкырларга аңчылык күчөгөндө, көбү жер которуп кетүүгө аргасыз болгон. Эми 2015-жылдан тарта карышкырлардын үйүрү Голландияда пайда боло баштады. Мурда бул өлкөдө карышкыр тукуму калбай бараткан эле. Аларды кыязы Германиядан өтүп келиши мүмкүн деп болжошту.

Экологдордун тобу алты ай бою карышкырлардын изине түшүп, изилдөө жүргүздү. Соңунда Голландияга кайтып келген карышкырдын үйүрү аныкталды.

Айлана-чөйрөнү коргогон активисттер карышкырлардын кайтып келгенине кубанып жатышат. Анткени карышкырлар эко-системада маанилүү ролду ойнойт эмеспи.

Image caption Экологдордун тобу алты ай бою карышкырлардын изине түшүп, изилдөө жүргүздү

Бирок мындай абал европалык дыйкандарды кубандырган жок. Себеби 1992-жылы карышкырлар Италиядан Францияга жер которуп келгенде, 12 миңге чукул кой жана эчкилерди жара тартып кетишкен экен.

Мал чарбачылыгы менен алектенген Симон Мервейл карышкырлар койго тийгенде ошол жерде эле.

"Таң калдым, коркутайын деп асманга ок атсам, карышкырлар тоготуп дагы койгон жок".

Европанын көп өлкөлөрүндө карышкыр малын жара тартып кетип, чабандар чоң чыгымга учураса, өкмөт компенсация төлөп берет. Ошондой эле карышкырлардан мал-жандыкты коргоо үчүн атайын электр тосмолор дагы орнотулат.

Карышкырлардын саны тез өскөндүктөн, Франциянын өкмөтү 2023-жылга чейин жаныбардын санын беш жүзгө кыскартуу долбоорун кабыл алган.

Image caption Мал чарбачылыгы менен алектенген Симон Мервейл

Берн конвенциясына ылайык, карышкырларды өзгөчө кырдаалдарда гана атып өлтүрсө болот.

Европалык дыйкан Мервейл дал ушул конвенцияга каршы пикирин айтып жатат. Ал карышкырлардын Европада байырлаганына каршы эмес, бирок анын малына кол салуу болгондо, дыйкандар карышкырларды атууга укугу болушу керек дейт.

Голландияда болсо экологдор 2008-жылдан бери дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келди. Өлкөнүн экологдору карышкырлар негизинен токой, тоолордогу жапайы элик же доңуздарга аңчылык кылат деп айтышууда. Ал эми тажрыйбасы азыраагы аргасыз кой-эчкилерге кол салат.

Голландиянын эко-системасына 5-6 карышкырдан турган 22 үйүр жетиштүү болот дейт айлана-чөйрө боюнча адистер. (AT)

Тектеш темалар