Украина: Зеленский менен Порошенконун штабындагы кармаш

Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлмпасына саналуу гана күндөр калды. Бул кыска убакытты эки талапкердин штабы тең болушунча эффективдүү пайдаланып калууга аракет кылууда. Зеленский менен Порошенко шайлоочуларды ынандыруу убарасында.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасынан кийин талапкерлер өлкө тарыхында алгачкы ирет анализге кан тапшырышты. Ошондой эле дебат боюнча эмоционалдуу видео кайрылуулар жасалды.

"Эркек болсоң дебатка кел",-дейт видео кайрылуусунда Порошенко атаандашына кайрылып. Зеленский буга жооп кылып дебатты алып барууну Тимошенкодон өтүндү.

Бири - каардуу жана чечкиндүү, экинчиси энергиялуу жана өжөр.

Эмнеге эки талапкер тең өзүн ушундай көрсөтүүдө? Алардын штабдары экинчи айлампаны утуп чыгуу үчүн кандай стратегия жана тактикаларды тандап алды?

"Мен сизди уктум"

Биринчи айлампадагы экзит-пол жыйынтыгынан кийин Порошенко дароо эле билдирүү жасап, коомчулук өзүнүн добушу аркылуу бийликке коңгуроо какты деди. Мына ушул кырдаалдан тарта аракеттеги президенттин штабы жеңишке жетүү үчүн өнөктүктү өзгөртүү жагын ойлонууда.

Сүрөттүн автордук укугу УНІАН

Анан калса Зеленскийдин чоң айырмачылык менен биринчи айлампаны утуп чыкканы, атаандашын шайлоочуларга башкача мамиле жасоого аргасыз кылды көрүнөт. Эми Порошенконун алдында дагы бир түйшүк бар - Зеленскийдин шайлоочуларынын бир бөлүгүн, тагыраагы жаштарды өзүнө ынандырышы керек.

Би-Би-Синин Украин кызматынын өздүк булактары кабарлагандай, биринчи айлампадан соң, Порошенконун командасы "Армия, тил, ишеним" деген стратегиядан кетип, шайлоочуларга башкача мамиле кылууну чечти.

Аракеттеги президент атаандашын дебатка чакырды. Порошенконун штабы дебатты Зеленскийдин "алсыз жери" деп эсептейт. Кыязы президенттин командасына Зеленскийди олуттуу сүйлөшүүлөрдөн буйтап, өзүн качырган кишидей көрсөтүү тапшырмасы берилсе керек.

Андан сырткары Порошенконун штабы жаштар менен иш алып барууну күчөттү. Коомдук сайттар аркылуу дагы активдүү өнөктүк жүрүүдө.

Өздүк булактар маалымдагандай, Петро Порошенко аймактардагы өзүнүн штабынын дээрлик жарымынын ишине канааттанган эмес.

Порошенко өзүнүн риторикасын дагы өзгөрттү. Ал теле аркылуу кайрылууларында кадр саясатындагы кемчилигин моюнга алып, реформалардын чабалдыгын, ачык-айкындуулук болбой калганын айтып жатат

Жаңы билборддор пайда болду. Алардын биринде Петр Порошенко менен Владимир Путин бири-бирин сүзө качыра карап турат. Муну көптөр сынга алып, "израилдик саясий технологдордун кара пиары" деп дагы атап жиберди. Бирок Порошенконун штабы муну расмий түрдө четке какты.

"Ойлонгула"

Зеленскийдин штабы болсо эч кандай тактика жана стратегияны өзгөрбөйт деп айтты.

"Зеленскийдин штабы "Адам бойдон калып, кантип президент болуу керек" деген чакырыктын алдында үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө. Мындай ачык жүргөн шайлоо өнөктүгү украин тарыхында болбосо керек",-дейт талапкердин саясий кеңешчиси Дмитрий Разумков.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Алар экинчи айлампада Зеленскийдин негизги электораты болгон жаштарды шайлоого катыштыруу тапшырмасы менен катуу иштеп жатышат.

Порошенконун дебат чакырыгын Зеленскийдин командасы өз кызыкчылыгына колдонууга аракеттенүүдө.

Видео роликтеринин биринде жаш лидер "Олимпийский" стадионунда пайда болуп, атаандашына шарт коюп жатат: кечирим сура, анализдерди тапшыр жана дебат үчүн спорттук аренага кел!

Зеленский "ойлонгула" деген сөзү менен кайрылуусун жыйынтыктайт. Ушундан кийин видео кайрылуулар чынжыр сыяктуу бири-бирин улап кетти. Коомдук сайттар аркылуу баарлашуу, пикир алышуу уланууда.

"Ишеничти актоо"

Юлия Тищенко, Украинадагы көз карандысыз саясий изилдөөлөр борборунун эксперти

Эгерде экинчи айлампадагы риторикалык өзгөрүүлөр жөнүндө айтсак, албетте, азыр Петро Порошенко өзүнө добуш бербеген шайлоочуларды тартууга кызыкдар. Өзүнүн аракеттери, кадрдык чечимдери аркылуу элдин көңүлүн бууруга далбастап жатат.

Ошондой эле өзүнүн кайрылуулары аркылуу добуш берип, бирок азыр арсар болуп турган шайлоочулардын ишеничин актоого умтулууда.

Талапаркерлерин кармап калып, жаңы добуштарды алуу керек. Мына ушундай тапшырма менен иш алып барууда.

Байкап көрсөк, биринчи айлампада Порошенко Зеленский менен эмес, башка оппоненттери менен күрөш жүргүзгөндөй. Эми болсо көңүлдүн баарын бир гана атаандашына бурат.

Зеленский жөнүндө айта турган болсок, башынан эле шайлоо алдындагы өнөктүгүндө коомдук сайттарды, видео кайрылууларды активдүү колдонуп келүүдө. Экинчи айлампада Зеленскийдин командасы атаандашына шарт коюп, доомат артуу жагынан активдүүлүгүн көрсөттү.

Ал өзүн жаңы сапаттарды алып жүргөн жаңы талапкер катары көрсөтүүдө. Бирок маселе - ал эмне болгон жаңы сапаттар экенин азырынча эч ким оңдуу түшүнө электиги. (AbA)

Тектеш темалар