Жулиан Ассанж акыйкаттын күрөшкериби же авантюристпи?

Жулиан Ассанжды колдогондор чындык үчүн күрөшкөн эр жүрөк деп баалашат. Ал эми сындагандар болсо, WikiLeaks негиздөөчүсүн атак десе эт-бетинен кеткен жоопкерчиликсиз аңчы деп айыптап келет. Жашыруун маалыматтарды интернетке жайып, көп кишилердин өмүрүн коркунучка кептеди деген да пикирлер бар.

Сүрөттүн автордук укугу Ruptly

Ассанж менен бирге иштешип калгандар болсо, аны акылдуу, терең, чаалыкпаган мээнеткеч жана уникалдуу хакердик жөндөмгө ээ деп макташат.

New Yorker журналисти Раффи Хачадуриан WikiLeaks негиздөөчүсүн уйку менен тамакты унутуп салып иштеген адам деп мүнөздөгөн.

Жулиан Ассанж биринчи кезекте WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү катары белгилүү. Бул сайт АКШнын мамлекеттик мекемелериндеги, анын ичинде Пентагон, Мамлекеттик департаменттин жашыруун маалыматтарын ачыкка чыгарып жиберген.

Ассанж өзү жөнүндө, басып өткөн жолу тууралуу айтканды көп жактырбайт. Бирок анын өмүр жолу тууралуу бирин-экин маалыматтар белгилүү.

Ассанж 2012-жылдан бери Эквадор элчилигине караштуу аймактан чыкпай жашады.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Жулиан Ассанжды камакка алуу операциясы

Ал Австралиянын түндүгүндөгү Квинсленд штатындагы Таунсвилл шаарында 1971-жылы антрепренердун бүлөөсүндө туулган. Ата-энеси ар дайым жер которуп иштегендиктен Жулиан бир нече мектепти алмаштырган.

Кийин бул анын эр жеткен учурдагы мүнөзүнө дагы таасирин тийгизген. Ассанж ар дайым орун которуп, ар башка өлкөлөрдө, шаарларда жүрөт. Жумушуна алыста туруп алып эле интернет аркылуу баш-көз болуп турган. Компьютердик программалоо менен бала кезинен эле алектене баштаган. 16 жашынан "Мендакс" деген ник менен интернет желесинде пайда болот.

Борбордук Квинсленд жана Мельбурн университеттеринде физика, математика, программалоо боюнча окуган.

2014-жылы сентябрда Ассанж БУУга арыз менен кайрылып, Эквадордун элчилигине кармалып турушун мыйзамсыз деп даттанган. БУУ анын арызын колдогон эле

1991-жылы Ассанж 20 жашында канадалык Nortel Networks телекоммуникация компаниясынын сайтын бузууга катыштыгы бар деп кармалат. Сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алган.

Анда акчалай айып менен эле кутулуп кеткен. Экинчи ирет мыйзамды бузбайм деп убада берген. Компания бир топ эле зыян тарткан экен.

1997-жылы Ассанж иликтөөчү жана журналист Сьюлетт Дрейфус менен авторлошуп хакерлер жөнүндө Underground деген китепти чыгарган.

2006-жылы Жулиан Ассанж санаалаштары менен биргелешип, WikiLeaks сайтын негиздейт.

Бул өзүнчө почта кутусу сыяктуу кызмат кылышы керек эле. Потенциалдуу маалымат берүүчүлөр өз материалдарын жөнөтүп турмак.

Жашыруун документтер

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Австралиянын 47 жаштагы жараны Жулиан Ассанж Wikileaks аркылуу жашыруун деп саналган 500 миңден ашуун электрондук документтерди ачык жарыялаган

Сайтка ар кайсыл өлкөлөрдөгү материалдар чыгып турган. Бирок сайт 2010-жылы апрелде дүйнөгө дүң болду. Америкалык атайын кызматта иштеген Брэдли (Челси) Мэннинг берди делген жашыруун маалыматтар чыгып кеткен. Анда Ирактагы согуш тууралуу көптөгөн жашыруун делген маалыматтар айтылып, анын ичинде Ирактын жайкын тургундар мүрт кеткен окуя дагы жарыяланат. Кийин Ирактагы жана Ооганстандагы согуштар тууралуу миңдеген маалыматтарды ачыкка чыгарган.

Ушундан WikiLeaks олуттуу каржылык кыйынчылыктарга туштукту. АКШ аларга келип жаткан кайрымдуулук үчүн берилген каражаттардын жолун бөгөдү.

2010-жылдын август айында Швеция Ассанжга зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козгоп, эл аралык издөө жарыялайт.

2016-жылы БУУнун жумушчу тобу Ассанжды далилсиз куугунтукту курманы болду деп билдирүү жасайт

2010-жылы 7-декабрда Ассанж өз ыктыяры менен Лондондогу полиция бөлүмүнө барганда камакка алынган. Тогуз күндөн кийин сот аны күрөө менен эркиндикке чыгарат.

2012-жылы британдык сот аны камакка алып, Швецияга өткөрүп берүү тууралуу өкүм чыгарганда, Лондондогу Эквадордун элчилигине баш калкалаган.

Ошондон бери жети жыл Ассанж элчиликтин аймагынан алыс чыккан жок. Швецияда анын кылмыш иши токтотулган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жулиан Ассанж жана Эквадордун тышкы иштер министри Рикардо Патиньо. 2014-жылдагы басма сөз жыйыны учурунда

Кечээ күнү Жулиан Ассанжды Эквадордун Лондондогу элчилигинде камакка алышты.

Эквадордун президенти Ленин Морено Wikileaks негиздөөчүсү Ассанж эл аралык конвенцияларды бир нече жолу бузгандыгы үчүн баш паанек берүү сунушун артка чакыртканын билдирди.

Wikileaks болсо "Твиттердеги" баракчасына Эквадор саясий баш паанек макамын артка чакыртып, эл аралык мыйзамдарды бузду деп жазды.

Жулиан Ассанж Wikileaks аркылуу жашыруун деп саналган 500 миңден ашуун электрондук документтерди ачык жарыялаган. Анын ичинде АКШнын Кыргызстандагы "Манас" аба майданында жайгашкан мурдагы Транзиттик борбору жөнүндө да жашыруун сүйлөшүүлөр камтылган.

2010-жылы жарыяланган Кыргызстанга тиешелүү жашыруун документтерде Кошмо Штаттарынын Бишкектеги аскердик базасын жабуу үчүн Кытай өкмөтү Кыргызстанга 3 миллиард доллар жардам сунуш кылгандыгы айтылган. Ошол кездеги АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер "Бул документтердин бири да чындыкка дал келет деп айта албайм. Бирок айтаарым - Америка Кошмо Штаттары жашыруун сакталышы керек болгон маалымат минтип ачыкка чыгып кеткенине терең өкүнүчүн билдирет. Биз муну айыптайбыз",- деп билдирген болчу.

Андан тышкары Wikileaks АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын хакердик ыкмаларын ачкан миңдеген документтери чуу жараткан эле. Бул документтерде компьютер, смартфон вирустары, тыңшоочу каржатка айланып кеткен «акылдуу» телевизорлор тууралуу сөз болгон. Wikileaks АКШнын чалгын кызматынын хакердик мүмкүнчүлүгү мыйзамдардан аша чаап кеткен жокпу деген талкууга жем таштап жатканын белгилеген болчу. (AbA)

Тектеш темалар