Нотр-Дам бүкүрү кантип символго айланган?

Anthony Hopkins as Quasimodo

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

1962-жылы Квазимодонун ролун аткарган Энтони Хопкинс Оскар сыйлыгын алган

XII-XIV кылымдарда курулган Нотр-Дам дүйнөдөгү белгилүү чиркөөлөрдүн бири. Бул жерге жыл сайын 13 миллион турист келет.

Сегиз кылымдан бери көптөргө эргүү берген чиркөө маданиятта дагы чоң роль ойноду. 15-апрелде Нотр-Дамда өрт чыгып, чатыры жана мунарасы урап түштү.

"Нотр-Дам - биздин тарыхыбыз, адабиятыбыз, жандүйнөбүздүн бир бөлүгү, биздин тарыхыбыздын орду... жашообуздун очогу. Нотр-Дам күйүп жатат, биздин мекендештер кандай кайгырып жатканын сезип турам. Бирок бүгүн үмүт жөнүндө айткым келет. Биз чиркөөнү 800 жыл мурун куруп, кылымдар бою жакшыртып, кеңейтип келдик. Ошон үчүн сыймыктаналы. Бүгүн дагы баарыбыз биргеликте калыбына келтиребиз деп ишенем",- деди француз президенти Макрон.

Франциялык поэт жана романтика жанрындагы драматург Виктор Гюго 1831-жылы "Нотрдам де Пари" чыгармасын жарыялаган. Анда Гюго Нотр-Дам чиркөөсүнүн коңгуроосун каккан Квазимодо каарманы аркылуу сүйүү жана коомдук көйгөйлөрдү баяндаган.

Сүйүү жана кайгы

"Нотрдам де Пари" XV кылымдагы Франциянын баш калаасын сүрөттөйт. Ал учурда Людовик XI тактыда отурган.

Окуяда чырайынан бал тамган цыган кыз Эсмеральданы Нотр-Дам чиркөөсүнүн башкы динаятчысы Клод Фролло сүйүп калат. Ал өзүн жоготуп, жүзү суук Квазимодого Эсмеральданы уурдап кел деген буйрук берет. Бирок бүкүр Квазимодону падыша Людовиктин жаачыларынын капитаны Феб де Шатоуперс кармап алат.

Нотр-Дамдым бүкүрүнө эл алдында балак чабышат. Аны көргөн Эсмеральданын боору ооруп, Квазимодого көңүлү бурулат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Квазимодо менен Эсмеральданын окуясы бир нече жолу көркөм тасмага да тартылган

Ал аңгыча капитан Феб де Шатоуперс дагы Эсмеральданы сулуулугуна арбалып, аны сүйүп калат. Динаятчы Фролло болсо кызганычтан улам капитанды өлтүрүүгө аракеттенет. Фроллонун планы ишке ашпай калганда, чагымчылар Эсмеральда капитандын көзүн тазаламак болгон деген ушак тарайт.

Квазимодо Эсмеральданы калкалап келгиси келет. Бирок анын буга кудурети жетмек эмес, цыган кыз дарга асылат. Квазимодо кайгыга батып, ызаадан муунуп Фроллону Нотр-Дамдын мунарасынан ыргытат.

Эки мунара

Чиркөөнүн батыш бөлүгүн куруу иштери 1200-жылы башталган. Бирок эки мунаранын бири 40 жылдан кийин тургузулган экен. Экинчисин 10 жылдан кийин курушкан. Жалпы курулуш 1250-жылы бүткөн.

Мунаралардын бийиктиги 68 метр. Эң бийик жерине чыкканда Париждин толук панорамасы ачылат. Ал жерге чыгыш үчүн 387 тепкичти басып өтүү керек.

Китептин аягында Эсмеральда көмүлгөн жерден эки адамдын сөөгү табылат. Анын бири бүкүр адамдын сөөгү болот. Гюгонун чыгармасы кийин кинодо, театрда, ал тургай мультфильм жана мюзиклда экинчи өмүрүн жашады.

Квазимодо чыныгы турмуштан алынган каарманбы?

Айрым тарыхчылар Квазимодо чыныгы турмушта жашап өткөн адам деп айтышат. 2010-жылы тарых изилдөөчүлөр XIX кылымда Нотр-Дамдагы курулуш иштерине катышкан айкелчи Генри Сибсондун кол жазмаларын иликтешкен. Ал кол жазмаларда чиркөөдө иштеген бүкүр адам тууралуу дагы сөз болгон.

"Мен Траян мырзага жолуктум. Ал кадырлуу жана бешенеси жарык адам экен. Өкмөт тарабынан жалданган уста болсо бүкүр экен" деп жазган Сибсон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

1877-жылы тартылган Квазимодонун сүрөтү

Траян мырза Гюгого эргүү бергенби, алар бири-бири менен тааныш беле? Бул тууралуу так маалыматтар жок. Бирок бул каарман Нотр-Дам чиркөөсүн "сактап калды" деп айтылат.

Тарыхчылар 1163-1345-жылы курулган чиркөө Гюго чыгармасын жазып жаткан мезгилде эскирип, урап калуу коркунучунда турганын жазышат. Гюгонун чыгармасы окурмандар арасында кеңири тарап, чиркөөнү калыбына келтирүү иштерине түрткү болгон экен.

1841-жылы "Нотрдам де Пари" басылганына 10 жыл толгондо, Франция архитектор Эжен Виолле-ле-Дюк менен Жен-Баптист Лассусту жалдап, чиркөөнү калыбына келтирүү тапшырмасын берген. Нотр-Дамды оңдоп-түзөө иштери 23 жылга созулган.