Париж: Нотр-Дам өрткө чулганды

Париждеги белгилүү Нотр-Дам чиркөөсүндө өрт чыгып, чатыры жана мунарасы урап түштү. Өрттү убагында өчүрүүгө мүмкүн болбой калды. Кырсык катталган чиркөөгө өлкө президенти Эммануэль Макрон келди.

Scene of blaze in Paris

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Өрт чиркөөнүн мунарасына жабышкан

Франция президенти чиркөөнү кайра калыбына келтирүү убадасын берип, каражат чогултуу боюнча эл аралык өнөктүк башталарын убада кылды.

"Нотр-Дам - биздин тарыхыбыз, адабиятыбыз, жандүйнөбүздүн бир бөлүгү, биздин тарыхыбыздын орду... жашообуздун очогу. Нотр-Дам күйүп жатат, биздин мекендештер кандай кайгырып жатканын сезип турам. Бирок бүгүн үмүт жөнүндө айткым келет. Биз чиркөөнү 800 жыл мурун куруп, кылымдар бою жакшыртып, кеңейтип келдик. Ошон үчүн сыймыктаналы. Бүгүн дагы баарыбыз биргеликте калыбына келтиребиз деп ишенем",- деди француз президенти.

Париждин чок ортосунда жайгашкан чиркөө XII-XIV кылымдарда курулган. Бул жерге жыл сайын миллиондогон туристтер зыярат кылып келет. Виктор Гюгонун ушундай аталыштагы романынан кийин чиркөөнүн аты ого бетер алыска угулду.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, EPA

Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрттү өчүрүү үчүн тогуз саат күрөш жүрдү. Бирок өрт чиркөөдөгү саатты, чатырын жалмап, мунарасын ураткан.

Өрттү өчүрүү учурунда кызматкерлердин бири жаракат алган. Кырсыктын себептери такталууда.

Өрт кечки саат жетиде тутанган. Өрт өчүргүчтөр дароо аракетин көрүп баштаганы менен чиркөө имаратынын бийиктиги тоскоолдук жаратты. Мунаралары 69 метр, чиркөөнүн өзүнүн бийиктиги 35 метр.

Чиркөө кечки саат алтыда жабылган эле. Бирок өрт катталган учурда ичинде аз сандагы кишилер болгон. Аларды тез арада коопсуз жайга чыгарып кетишти.

Шейшембиде Франциянын маданий мурастарды сактоо фонду чиркөөнү калыбына келтирүү үчүн марафон жарыялайт.

Француз бизнесмени Франсуа-Анри Пинонун үй-бүлөсү 100 млн евро жардам көрсөттү.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, AFP

Эки мунара

Чиркөөнүн батыш бөлүгүн куруу иштери 1200-жылы башталган. Бирок эки мунаранын бири 40 жылдан кийин тургузулган экен. Экинчисин 10 жылдан кийин курушкан. Жалпы курулуш 1250-жылы бүткөн.

Мунаралардын бийиктиги 68 метр. Эң бийик жерине чыкканда Париждин толук панорамасы ачылат. Ал жерге чыгыш үчүн 387 тепкичти басып өтүү керек. (AbA)

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, AFP/GETTY

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, AFP

*