Сүрөт баяндама: Өрттөн кийинки Нотр-Дам

Париж тургундары жана коноктору шейшембинин таңында Нотр-Дамдын өрттөн кийинки абалын көрдү. Чатыры, сааты жана мунаралары ураган. Жыгачтан жасалган бөлүктөрү күйүп кеткен...

Нотр-Дам

Сүрөттүн булагы, AFP

Франциянын президенти Эммануэль Макрон кырсыкты үрөй учурган трагедия атап, имарат толугу менен калыбына келтирилет деп убада берди. Реставрация иштерине эмитен эле жүз миллиондогон каражаттар чогулууда.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, PA

Сүрөттөр Нотр-Дамдын ичинен жана сыртынан тартылган.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Баалуу тарыхый буюмдарды шаардык администрация имаратына убактылуу чыгарып кетишти.

Сүрөттүн булагы, PA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Нотр-Дам өрткө чейин (2017-жыл, июнь) жана өрттөн кийин (2019-жыл, 16-апрель)

Сүрөттүн булагы, AFP

Париждин прокуратурасы кырсыктын келип чыгышын иликтөөгө киришти. Бул үчүн 50 адистен турган топ түзүлгөнү маалым болду.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, AFP

Париждин чок ортосунда жайгашкан чиркөө XII-XIV кылымдарда курулган. Бул жерге жыл сайын миллиондогон туристтер зыярат кылып келет. Виктор Гюгонун ушундай аталыштагы романынан кийин чиркөөнүн аты ого бетер алыска угулган.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн булагы, Pompiers de Paris/PA

Чиркөөнүн батыш бөлүгүн куруу иштери 1200-жылы башталган. Бирок эки мунаранын бири 40 жылдан кийин тургузулган экен. Экинчисин 10 жылдан кийин курушкан. Жалпы курулуш 1250-жылы бүткөн.

Мунаралардын бийиктиги 68 метр. Эң бийик жерине чыкканда Париждин толук панорамасы ачылат. Ал жерге чыгыш үчүн 387 тепкичти басып өтүү керек. (AbA)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

***