Камакка аларда өзүнө кол салган экс-президент

Полиция Гарсианын үйүнө келгенде, ал адвокатына телефон чалууга уруксат сурап, бөлмөнү кулпулап алган экен. Ошол жерде өзүнө кол салган. Башынан жаракат алып, оор абалда ооруканага жеткирилет.

алан гарсия

Сүрөттүн булагы, AFP

"Гарсианын үч жолу жүрөгү сокпой калып, бирок ар бир учурда дарыгерлердин жардамы менен жандандырылды",- деди өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Зулема Томас.

Перунун президенти Мартин Вискарра "Твиттер" баракчасы аркылуу Гарсианын жакындарына көңүл айтты.

Экс-президентке тагылган айып

Тергөө маалыматында Алан Гарсиа экинчи мөөнөткө президенттик кызматка келген 2006-2011-жылдар аралыгында Бразилиянын "Одебрехт" курулуш компаниясынан пара алган деп айтылган. Бул Перунун баш калаасы Лимадагы метро куруу долбоору менен байланыштуу. Аталган компания курулуш долбооруна катышмак.

Компания өкүлдөрү 2004-жылдан тарта перулук чиновниктерге 30 млн. долларга чукул пара беришкенин мойнуна алды.

Сүрөттүн булагы, Reuters

"Одебрехт" курулуш компаниясы

Бул чоң курулуш компаниясы 2014-жылдагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка жана 2016-жылдагы Олимпиада оюндарына карата курулган ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырган.

Чуулгандуу коррупциялык иликтөөнүн бутасына айланган компания буга чейин жергиликтүү чиновниктерден тарта Латын Американын көп өлкөсүнүн бийлигине пара берүүгө мажбур болуп келгенин ачык айтты.

Тергөөчүлөр Odebrecht пайдалуу курулуш келишимдерине жетүү үчүн чиновниктерди жана саясатчыларды сатып алганын айтууда.

Чуулуу окуядан кийин Латын Америка өлкөлөрүндө аттуу-баштуу саясатчылардын ысымдары аталды. Перуну акыркы жылдары башкарган төрт президент коррупция боюнча шектелүүдө. Бешинчиси Альберто Фухимори адам укугун бузган жана пара алган деп айыпталып, абакта жазасын өтөп жатат.

Мурдагы президенттердин бири Педро Пабло Кучински бир нече күн мурун ушул эле Odebrecht иши менен шектелип камалган. Шаршембиде кан басымы көтөрүлүп кетип, ооруканага түштү.

Odebrecht боюнча оппозиция лидерлеринин бири Кейко Фухимори 1,2 млн доллар пара алган деп айыпталууда.

Ушул ишке шектелип, өзүнө кол салган Алан Гарсиа буга чейин Уругвайдан баш паанек сурап кайрылып, бирок тескери жооп алган. (AbA)