Сириялык экстремисттердин торуна чалынган Варвара

караулова Сүрөттүн автордук укугу Sergei Shvilkin/TASS

Вологданын шаардык соту ММУнун мурдакы студенткасын шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотту. Варвара Караулова 2016-жылы Россияда тыюу салынган "Ислам мамлекетине" кошулууга аракет кылганы үчүн төрт жарым жылга түрмөгө кесилген болчу.

Караулова сотто сүйлөп жатып (атын Александра Иванова деп өзгөртүп алган) кылган ишин өзүнүн турмушундагы "эң жаман жорук" деп атады.

"Ушул үч жарым жыл мага абдан оор болду, балким, өзүм үчүн эле эмес, жакындарым үчүн. Мен үчүн ушундай абалда болуу өтө кыйын... Мен түшүнөм, бул жерде эмес, үйдө болсом кана. Мен өзүмдүн жакындарыма керекмин. Мен иштегим келет, окугум келет. Көп иш колумдан келет, ошол болочок эрте эле келсе экен. Анткени азыркы жашоомдун мааниси жок. Ата, апа мен силерди абдан жакшы көрөм",-деген анын сөзүн РИА Новости жазды.

Адвокат Сергей Бадамшиндин айтымында, эгер прокурор каршылык билдирбесе, он күн аралыгында соттун чечими күчүнө кирип, Караулова колониядан чыгат.

Караулова ММУга кайра барып окуса болот, буга стандарттык эрежелер жол берет, дейт РИА-Новостиге философия факультетинин деканы Владимир Миронов.

Ошол эле убакта Караулова ММУдан эмес, Москвадагы "Синергия" университетинде окуусун улантарын ушул окуу жайдын биринчи проректору Артем Васильев билдирди.

№1 түрмөнүн администрациясы менен Вологда областынын прокурору Караулованын түрмөдөгү жүрүш-турушуна жаман мүнөздөмө берип, шартуу түрдө бошотууга каршы болушту. Көрсө, анын 2017-жылдан бери жоюлбаган үч жазасы бар экен.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Варвара Караулова 2015-жылы июнь айында жоголуп кетип, Түркиянын Сирия менен чектешкен аймагындагы Килис шаарында кармалган.

Варвара Караулова 2015-жылы ММУнун экинчи курсунда окуп жатканда жоголуп кетип, аны Сириянын чек арасынан таап, кармап келишкен. Көрсө, ал Түркияга жашыруун түрдө качып барып, ошол жактан Сирияга өтүп, "Ислам мамлекеттинин" согушкерлерине кошулууну көздөгөн экен.

Студенттин ата-энеси ал соңку мезгилдери катуу өзгөрүп кеткенин байкаган. Үйүнөн жөнөкөй кийинип чыгып, университетке жеңи узун көйнөктөр менен барып жүргөнү адаттан тыш болгон.

Караулованын окуясы Орусияны селт эттиргендей болду. Орус телеканалдарында студент жөнүндө жана анын туугандары тууралуу чагылдыруу айрым бир учурда президент Путинге бөлүнгөн эфирден да ашып кеткени айтылган эле. (КС)

Тектеш темалар