КЭДР өзөктүк курал боюнча өз талабын айтты

North Korean leader Kim Jong-un (L) with US Secretary of State Mike Pompeo, 7 October 2018 Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Өткөн жылы Помпео Пхеньянга төрт жолу барган

Түндүк Корея өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөргө АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео катышпасын деген талап койду. Пхеньян Помпео сүйлөшүүлөрдө "абсурд деп сыпатталган" талаптарды айтып, "акылсыз" мамиле кылды деп айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жогорку даражадагы расмийлери Помпео мырза сүйлөшүүлөргө катышса, анда эч кандай жылыштар болбойт деген божомолун билдирди.

Буга чейин Түндүк Корея "кубаттуу дүрмөтү бар, алыстан башкарылган тактикалык куралын" ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жарыялаган.

Пхеньян Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын ортосундагы сүйлөшүүлөр натыйжасыз жыйынтыкталгандан кийин биринчи жолу куралын сыноодон өткөрдү.

Түндүк Корея мындай билдирүүнү АКШ менен Түштүк Корея биргелешкен аскердик машыгуу өткөргөндөн кийин жасады.

Түндүк Кореянын мамлекеттик агенттиги курал боюнча кеңири маалымат берген жок. Талдоочулар болсо "жаңы муундагы куралды" АКШга коркунуч жараткан континент аралык ракета эмес экенин айтууда.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 16-апрелде Ким Чен Ын Түндүк Корея аба күчтөрүнүн машыгуусуна байкоо салды

Пхеньян ноябрь айында ушуга окшош сыноолорду өткөргөн. Анысы Вашингтонду кысымга алуу аракети катары бааланган эле. АКШ менен Түндүк Кореянын февраль айында Вьетнамда өткөн саммитинен кийин өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөр токтоп калды.

Өткөн аптада Ким Чен Ын сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн АКШнын лидери Трамп "мүнөзүн өзгөртүшү" керек деп айткан.

Эмнеге Пхеньян Помпеону жактырбайт?

Өткөн аптада Сенаттын комитет өкүлдөрү Помпеого Ким Чен Ынды "тиран" деп атаса туурабы деген суроо жолдошкон. Ал "албетте, мен буга чейин аны тиран деп атагам" деп жооп берген.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Февраль айында Вьетнамда өткөн саммит натыйжасыз жыйынтыкталган

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги Помпеонун билдирүүсүнө нааразы болушууда. Ошондой эле министрлик Вьетнамдагы саммитте Помпео тоскоолдук кылганын айтууда.

"АКШ менен сүйлөшүүлөр улана турган болсо, диологго Помпео мырза эмес, этияттык менен мамиле кылган, коммуникация жагынан жетилген адам дайындалса жакшы болмок",-деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Квон Чен Ун.

Түндүк Корея сыноодон өткөргөн курал

Кореянын борбордук маалымат агенттиги (KCNA) сыноого Ким Чен Ын өзү байкоо салганын кабарлады.

KCNA сыноодо курал "ар түрдүү ыкма менен бутаны атып түшүрдү" деп жазды. Талдоочулар курал жер, деңиз жана абадан колдонулуп, бутаны жок кыла алат деп божомолдоп жатышат.

Курал боюнча кеңири маалымат берилбегендиктен, "тактикалык курал" ракетабы деген суроо чыгууда. Курал-жарак боюнча эксперттер куралды кыска аралыкка учкан ракета деп божомолдоп жатышат.

Өткөн жылы Түндүк Кореянын лидери өзөктүк куралдарды жана континент аралык баллистикалык ракеталар сыноосун токтотконун жар салган. Ага Пхеньянда өзөктүк куралы бар экени "тастыкталганы" себеп болгон.

Түндүк Корея АКШга чейин жете алгыдай, өзөктүк дүрмөтү бар ракеталарды иштеп чыкканы бир нече жолу айтылган.

Ал аңгыча, спутниктен алынган сүрөттөр Пхеньян өзөктүк курал долбоорун улантып жатканын көрсөтүүдө. Түндүк Кореянын негизги атомдук станциясында иштер жанданууда. (AT)

Тема боюнча башка макалалар