Украинадагы шайлоо: Рейтинг боюнча Зеленский алдыда

Зеленский и Порошенко Сүрөттүн автордук укугу AFP, EPA

Украинада ушул аптанын жекшембисинде президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт.

Талапкерлердин бири Владимир Зеленский шайлоо алдындагы сурамжылоолордо кыйла эле алдыда келе жатат.

"Рейтинг" аттуу социалдык сурамжылоо уюмунун маалыматына ылайык, Зеленскийге үч эсе көп шайлоочу добушун берүүгө даяр.

Тагыраагы, сурамжылоого катышкандардын 73 пайызы экинчи айлампада добушун Зеленскийге берүүгө даяр деп айтылат уюмдун маалыматында. Теле жылдызы атаандашы аракеттеги президент Порошенкодон бардык курактагы категория боюнча алдыга озду.

Ал ортодо Киевдин Социология боюнча эл аралык институту да сурамжылоо өткөрүп, шайлоочулардын 65,1 пайызы Зеленскийди колдогонун, ал эми 34,9% Порошенкого добушун берүүгө даяр экенин маалымдады.

Биринчи айлампадан кийин Зеленскийдин рейтинги бир аз төмөндөгөн дейт аталган институттун эксперттери. Ага карабастан куудул бардык көрсөткүчтөр боюнча атаандашынан алдыда келе жатат.

Президенттик резиденцияны бала бакчага айланткысы келген Зеленский

Зеленский "РБК-Украина" телеканалына кеңири маек куруп, президенттик шайлоодо жеңишке жеткенден кийинки пландары менен бөлүштү.

Ал украиналыктар менен коомдук тармактар аркылуу түз байланышка чыгуу, ММК ишине кийлигишпөө жана Украинага орусиялык маданий ишмерлердин келишине киргизилген чектөөнү кайра карап чыгууга убада берүүдө.

Зеленский Донбасска өзгөчө макам берүүгө каршы экенин дагы билдирген. Өлкөнүн чыгышындагы жаңжалды токтотуу үчүн Донецк менен Лугансктагы куралчан топторго мунапыс берген мыйзамга кол коем дейт ал.

Кызыгы, теле жылдызы "украин президентине таандык болгон үч учакты сатып, кадыресе каттам менен сапарга чыгып турам", "президенттик кортежден баш тартам" деген ою менен бөлүштү. Ал эми президенттик резиденцияларды, Зеленский бала бакчага айландырат экен.

"Орусиянын президенти Владимир Путин сизге душманыбы?",-деген суроого Зеленский "албетте" деп жооп берди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Порошенко атаандашы Зеленскийди "мүнөзү туруксуз" деп айыптады

Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 21-апрелде өтөт. 19-апрелде Киевдеги "Олимпийский" стадионунда Порошенко менен Зеленскийди дебаты күтүлүүдө.

Президент Порошенко дебатты 14-апрелде өткөрүүнү сунуштап, өзү стадионго келип маалымат жыйын өткөргөн. Зеленский 14-апрелде стадионго келген эмес. Порошенко атаандашы Зеленскийди "мүнөзү туруксуз" деп айыптап, шайлоочуларды "чыныгы президент жана башкы кол башчыны" тандоого чакырды. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар