Эмне үчүн Украина куудулду тандады?

Жекшембиде өткөн президенттик шайлоодо Владимир Зеленский атаандашы Петро Порошенкону караандатпай, чаңында калтырып жеңип алды. Би-Би-Си украиналыктар эмне үчүн куудулду тандап алганын жана анын жеңиши кандай кабыл алынганын айтып берет.

украин шайлоосу Сүрөттүн автордук укугу Brendan Hoffman/Getty Images

Порошенко экзитполдун алгачкы билдирүүсүнөн кийин эле жеңилгенин моюнуна алды.

Добуш берүү жайлары жабыларга бир нече саат калганда эле Порошенконун штабынын ындыны өчө баштаган. Ошондуктан алгачкы тыянактарды сабырдуу кабыл алышты. Аракеттеги президент шайлоочулардын 30 пайыз дагы колдоосун ала алган жок. Ушул жагдай анын командасынын көңүлүн ого бетер түшүрдү.

Алгачкы тыянак белгилүү болгондон кийин, Порошенко жубайы менен медианын алдына чыкты. Аны кол чабуулар менен тосуп алышты. Ал жылмайып турду.

"Эч качан багынба, эч качан, эч качан!",-деп баштады сөзүн бийликтен кетип жаткан президент.

Ал саясаттан эч кайда кетпей турганын, өлкөнүн башында турган учурдагы жетишкендиктерин командасы менен коргой турганын айтты.

"Украинанын багыты ЕБ жана НАТОго бурулат. Визасыз режим, билим берүүдөгү жана медицинадагы реформа уланат",- деди ал. Бир караганда Порошенко алдыдагы парламенттик шайлоодогу партиясынын программасын айтып жаткандай туюлуп кетти.

Зеленскийдин эми күчтүү оппозициясы болот, деди Порошенко.

Марина жана Порошенко Сүрөттүн автордук укугу SERGEI SUPINSKY/Getty
Image caption Алгачкы тыянак белгилүү болгондон кийин, Порошенко жубайы Марина менен медианын алдына чыкты

"Биз кармашты уттурган жокпуз, биз согуштан али утула элекпиз",-деп сөзүн жыйынтыктады. Командасына терең ыраазылык билдирди. Басма сөз жыйынынан чыгып баратканда анын жүзүндөгү мурдакы жылмаюнун изи да жок эле. Жансакчыларынын коштоосунда шашыла жөнөп кетти.

"Петр Алексеевич, өнөктүк учурундагы сиздин команданын негизги катачылыгы эмнеде болду?",-деп сурады Би-Би-Си кабарчысы.

Порошенко суроону укпагандай түр көрсөтүп өтүп кетти да, бир нече метрден кийин артка кылчайып: "Өнөктүк учурунда ката кеткен жок. Ага чейин болду",-деди.

"Бизди карагыла, баарын жасаса болот"

а Сүрөттүн автордук укугу NurPhoto/Getty

Экзитполдун тыянагы боюнча, Петр Порошенко атаандашына Киевде жана Львовдо дагы утулуп калды.

БШК али расмий тыянаткарды жарыялай элек. Экзитпол тыянагы менен Владимир Зеленскийдин 73,2% добуш алганы белгилүү болду. Бул жаңылыкты Зеленскийдин штабы "Ура-аа!" деген кыйкырык алдында кабыл алып, момпосуй чачып, будуң-чаң түшүп калды.

Украинада мындай чоң айрыма менен утуп чыккан шайлоо эч кимдин эсинде жок. Зеленский бул жагыгынан рекорд койду.

Зеленский алды менен ата-энесине, үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирип, командасын алкады. Шайлоодо колдоо көрсөткөн украиналыктарга ыраазычылык билдирип, "ишенчиңерди актайм" деп айтты.

Ошондой эле Зеленский постсоветтик өлкөлөргө кайрылып: "Бизди карагылачы, баарын жасаса болот",-деди.

Эки сааттан кийин Зеленский журналисттер үчүн басма сөз жыйнынын өткөрүп, утулганын моюнуна алган үчүн атаандашы Петро Порошенкого ыраазылык билдирди.

"Калп айтканын кечире алышкан жок"

ы Сүрөттүн автордук укугу Getty, BBC

"Зеленский үчүн добуш бергендер - "Порохту" жек көргөндөрдүн баарынын коалициясы,-дейт украиналык саясат таануучу Константин Батозский. - Анын калп айтканын кечире алышкан жок. Ошондуктан Украина андан кол үздү".

Талдоочулар Порошенко менен Тимошенко сыяктуу саясатчылардан көпчүлүк шайлоочулар үмүтүн үзүп, тажап калган эле дешет. Бул жолу коомдук медиа аркылуу катуу иштеген Зеленский элдин көбүнүн купулуна толуп, жаштарды шайлоого катыштыра алды. Жаштар активдуү аралашкан мындай шайлоо өлкөдө мурда болгон эмес.

Зеленскийдин шайлоодон утуп чыкканы анык болоду. Бирок көп суроолордун жообу бүдөмүк. Маселен, анын командасы кандай болот?

Владимир Зеленский тууралуу

Servant of the People box set

Владимир Зеленский 1978-жылы Кривой Рогдо туулган. Балалык учурунда төрт жыл Монголияда жашап калышат.

Анткени атасы техника илимдеринин доктору болгондуктан ошол өлкөдө иштеп калган. Биринчи жолу мектепке Монголияда жүргөндө барган экен.

Криворож экономикалык институтунун юридикалык факультетин бүтүргөн. Бирок кесиби менен иштеген эмес.

Мектепте жүргөндө эле чыгармачыл даремети көзгө урунуп, кийин "Запорожье - Кривой Рог - транзит" аталышындагы КВН командада ойногон. 1997-жылы достору менен өзүнчө "95- квартал" аталышындагы команда түзүп кетет.

Александр Масляков менен чатакташа кетип, 2003-жылы КВН таштап кеткен. "Кечки квартал" аталышындагы жеке шоу программасын ачып алат.

"Квартал-95" 10 көркөм тасмага продюсерлик кылды. (AbA)

*

Тектеш темалар