Назарбаев Казакстан президенттигине Токаевди көрсөтөт

Казакстандын биринчи президенти жана "Улут көсөмү" Нурсултан Назарбаев "Нур Отан" партиясы аркылуу президенттикке талапкер катары Касым-Жомарт Токаевди көрсөттү.

Сүрөттүн автордук укугу Pavel Aleksandrov/TASS

"Нур-Отан" партиясынын кезексиз курултайына Токаев өзү дагы катышып олтурду.

"Касым-Жомарт Токаев эгемендиктин алгачкы күндөрүнөн тарта мени менен катарлаш иштеди. Мени менен бирге Казакстандын сырткы саясатын түптөгөндөрдүн бири. Көп жылдар Тышкы иштер министрлигин жетектеди. Анын дипломатиялык даражасы чет өлкөлөрдө дагы жогору бааланат. Силер билесиңерби, ал Бириккен улуттар уюмунун катчысынын орун басары болгон. Өтө тажрыйбалуу саясатчы",-деди Назарбаев.

Өлкөнү 30 жылдай башкарган 78 жаштагы Назарбаев 19-март күнү отставкасын жарыялаган эле. Мыйзам боюнча Сенаттын төрагасы 65 жаштагы Токаев президенттин милдетин аткарып жатат.

Өткөн аптада эле Токаев кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөрүн жарыялаган.

Шайлоо жарышына катышарын же баш тартарын Касым-Жомарт Токаев ачык айткан эмес. Саясий талдоочулар ошол эле убакта башка дагы потенциалдуу талапкерлер тууралуу сөз кылууда.

Талапкерлер тууралуу айтканда, биринчилерден болуп Нурсултан Назарбаевдин 55 жаштагы кызы Дариганын ысымы аталган эле. Бирок эми мураскер Токоев болоору белгилүү болду. Саясат таануучулар Касым-Жомарт Токаевдин мураскер болушу күмөн деп жатышкан эле.

65 жаштагы Токаев "Эл башынын" эң ишенимдүү кишилеринин бири. Саясатта узак жылдардан бери Назарбаев менен бирге иштешип жүргөн тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер, эл аралык чөйрөдө таанылган дипломат. СССР учурунан эле Кытай, Сингапурдагы элчиликтерде эмгектенген. Өлкө эгемендик алгандан кийин тышкы иштер министри, премьер-министрдин орун басары, премьер-министр жана парламент төрагасы кызматтарында иштеген. 2011-2013-жылдары БУУнун баш катчысынын орун басары болуп турган. Сенаттын төрагалыгына 2013-жылы келген эле.

Касым-Жомарт Токаев - бийликти мураскерге чыр-чатаксыз өткөрүп берүүгө ортомчулук кыла турган фигура катары тандалып алынган деген пикирлер айтылган.

Британдык Сhatham Нouse аналитикалык борбору дагы бир талапкер тууралуу божомолун жазды. Анда Казакстанда бийликке таасир эткен күчтөрдүн бири катары социология илимдеринин доктору, Назарбаев чөйрөсүндөгү "аталык" деп таанылган 59 жаштагы Марат Тажиндин ысымы аталган. Ал Казакстандын тышкы иштер министри, Улуттук коопсуздук комитетинин катчысы, президенттин кеңешчиси кызматтарын аркалаган.

Мындан тышкары Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Карим Масимов, УКК төрагасынын орун басары, Назарбаевдин жакын тууганы Самат Абишдин дагы ысымдары аталган. Бирок эми булардын бири дагы талапкерлер болбошу мүмкүн. (AbA)

Тектеш темалар