Владивосток Ким Чен Ынды кантип тосту?

КЭДР лидери Ким Чен Ын иш сапары менен Орусияга келди. Би-Би-Си Түндүк Корея лидерин тосуп алууга кандай даярдыктар көрүлгөнүн айтып берет.

Ким Сүрөттүн автордук укугу Alexander Safronov/TASS

Ким Чен Ын менен президент Путиндин жолугуша турган жери кечээ гана белгилүү болду. Шаршембиден жума күнгө чейин Орус аралына бара турган суу транспортуна чектөө киргизилген. Орусиянын «Коммерсантъ» басылмасы жолугушуу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөрүн жазды. Окуу жайдын имаратына көздөй кеткен жол жээктерине желектер илинди.

Бул жай Түндүк Кореянын сунушу менен коопсуздук маселесинен улам тандалган. КЭДР лидери иш сапары учурунда кампустан сыртка чыкпайт.

Ким Сүрөттүн автордук укугу Alexander Safronov/TASS
Image caption Чек арадан өткөн бекетте тартылган сүрөт

Ким Чен Ын Орусияга зооттолгон поезд менен шаршембинин түнүндө келди. Мурда ушул эле жол, ушундай эле зооттолгон поезд менен атасы Ким Чен Ир Орусияга келип кеткени көптүн эсинде.

"РИА Новости" агенттиги жазгандай, Ким чек араны кесип өтөрү менен кызыл килем төшөп, нан жана туз менен тосуп алышты. Андан соң 1986-жылы Ким Ир Сендин сапары учурунда курулган Орус-корей достук үйүнө барды. Кимдин зооттолгон поезди ушундан кийин Владивосток багыты менен жүрүп кетти.

Ким Сүрөттүн автордук укугу YONHAP/TASS
Владивосток Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Интерфакс" агенттиги шейшембиде Пхеньяндан Владивостокко эки учак келип конгонун жазды. Алардын бири Кимдин лимузин унаасын, экинчиси коопсуздук кызматкерлерин жеткирип келди дейт аталган агенттик.

Владивосток Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
флаги Сүрөттүн автордук укугу Yuri Smityuk/TASS

Кореялык "Чосун Ильбо" басылмасы дүйшөмбүдө Владивостокко КЭДР лидеринин карындашы Ким Е Чжон учуп келгенин кабарлайт. КЭДР лидери 2017-жылы 30 жаштагы карындашын Корея эмгекчилер партиясынын саясий бюросуна мүчө кылып дайындаган. Ким Е Чжон Борбордук Комитеттин үгүт жана пропаганда бөлүмүнүнүн жетекчи орун басары.

Путин менен Ким Чен Ын эмнени талкуулайт?

"Сүйлөшүүлөр 25-апрелде башталат. Алгач лидерлер өз алдынча сүйлөшүп, андан соң кеңейтилген жолугушуулар өтөт",-деди орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүү, Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу маселеси жана аймактык кызматташтык талкууланат.

Трамп и Ким Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Февралда Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын сүйлөшүлөрү натыйжасыз аяктаган эле

Ким Чен Ын Орусия сапары аркылуу изоляцияда калбай турганын АКШга көрсөтүшү керек. Мындай пикирди Жон Кертин атындагы австралиялык университеттин профессору Алексей Муравьев билдирди.

"Эгерде КЭДР дүйнөлүк державалардын биринин колдоосун алганын көрсөтө алса, бул анын АКШ жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдөгү көзүрү болот. Ал ортого өлконүн экономикалык кызыкчылыгы жана режимдин тагдыры коюлган дипломатиялык оюнду чеберчилик менен жүргүзүп жатканын белгилеп коюш керек",-деди Алексей Муравьев

Апрелдин башында КЭДР депутаттарынын делегациясы Орусиянын Мамлекеттик Думасына келип кеткен.

Жолугушууда Түндүк Корея тарап экономикалык кызматташтыкты жандантууну сунуштаган. Туман дарыясы аркылуу көпүрө куруу тууралуу КЭДР демилге көтөргөн.

Лидерлердин жолугушуусунда темир жол куруу жана газ кууру боюнча маселе көтөрүлүшү мүмкүн деп болжойт Сеул университетинин профессору Андрей Ланьков. (AbA)

*

Тектеш темалар