Мигранттарды келемишке салыштырган ыр чуу жаратты

Австрияда жергиликтүү саясатчылардын бири тарабынан жазылган ыр талкуунун чордонунда калды. "Шаардык келемиш" деген ырында автор кишилерди зыянкеч кемирүүчүгө салыштырат. Автор мигранттарга кайрылып, "коомго жуурулушуп, аралашкыла" же "жоголгула" деп кеңеш берет.

Бул ыр аркылуу бирөөнүн көңүлүн оорутайын деген ой болгон эмес деди автор

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бул ыр аркылуу бирөөнүн көңүлүн оорутайын деген ой болгон эмес деди автор

Ырдын автору Кристиан Шильхер - Браунау шаарынын вице-мэри. Ал башкаруучу коалицияга кирген ультра-оңчул "Эркиндик" партиясынын мүчөсү. Анын ыры Браунауда чыгарылган партиялык гезитке жарыяланган. Жергиликтүү ММКлар дал мына ушул шаарда Адольф Гитлер төрөлгөнүн эске салды.

Австриянын федералдык канцлери Себастьян Курц чыгарманы "жийиркеничтүү, адамгерчиликсиз жана расисттик маанайдагы" чыгарма атап, өлкөдө мындай чыгармага орун жок деп айткан. "Эркиндик" партиясын буга чара көрүүгө чакырды.

"Эркиндиктин" лидери жана вице-канцлер Хайнц-Кристиан Штрахе партиялашынын ырын баалуулуктарга жооп бербеген чыгарма атап, автор партиядан чыгарылып, вице-мэрлик кызматынан алынарын билдирген.

"Бирөөнүн көңүлүн оорутайын деген ой болгон эмес эле. Ырды тескери түшүнүшөт деп ойлобоптурмун",-деди автор. (AbA)