Владивостокто Путин менен Ким Чен Ын жолукту

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусия президенти Владимир Путин Владивостокто жолукту.

Сүрөттүн автордук укугу Valeriy Sharifulin\tass
Image caption Путин менен Ким Чен Ындын алгачкы жолугушуусу

Жолугушуу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин имаратында өтүүдө. КЭДР лидери Орусияга биринчи ирет келиши.

"Эки Кореянын ортосундагы диалогду жандантууда жана Түндүк Корея менен Американын ортосундагы мамилени жөнгө салуудагы аракеттиңизди кубаттайбыз",-деди орус президенти.

"Урматтуу президент мырза, биздин жолугушуубуз КЭДР менен Орусиянын салтка айланган, терең тамырлаган достук мамилесин мындан ары дагы чыңдоого пайдасын тийгизет деп үмүттөнөм",-деди Түндүк Корея лидери.

Белгилүү болгондой Путин менен Ким буга чейин жолугушкан эмес. Бул сүйлөшүүлөр Түндүк Корея оор кырдаалда турган учурда болуп жатат. Февраль айында Вьетнамдын баш калаасы Ханойдо АКШ президенти Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу өткөн. Сүйлөшүүлөрү болжонгон убакыттан эрте аяктап, эки лидер Түндүк Кореянын өзөктүк программасы жөнүндө бир чечимге келе алышкан эмес. Бул сүйлөшүүлөргө Пхеньян чоң үмүт арткан эле.

Ким Чен Ын Орусияга зооттолгон поезд менен шаршембинин түнүндө келди. Мурда ушул эле жол, ушундай эле зооттолгон поезд менен атасы Ким Чен Ир Орусияга келип кеткени көптүн эсинде.

Ким чек араны кесип өтөрү менен кызыл килем төшөп, нан жана туз менен тосуп алышты. Андан соң 1986-жылы Ким Ир Сендин сапары учурунда курулган Орус-корей достук үйүнө барды. Кимдин зооттолгон поезди ушундан кийин Владивосток багыты менен жүрүп кетти.

"Сүйлөшүүлөр 25-апрелде башталат. Алгач лидерлер өз алдынча сүйлөшүп, андан соң кеңейтилген жолугушуулар өтөт",-деп билдирген орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүү, Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу маселеси жана аймактык кызматташтык талкууланат.

Ким Чен Ын Орусия сапары аркылуу изоляцияда калбай турганын АКШга көрсөтүшү керек. Мындай пикирди Жон Кертин атындагы австралиялык университеттин профессору Алексей Муравьев билдирди.

"Эгерде КЭДР дүйнөлүк державалардын биринин колдоосуна алынганын көрсөтө алса, бул анын АКШ жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдөгү көзүрү болот. Ал ортого өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгы жана режимдин тагдыры коюлган дипломатиялык оюнду чеберчилик менен жүргүзүп жатканын белгилеп коюш керек",-деди Алексей Муравьев.

Апрелдин башында КЭДР депутаттарынын делегациясы Орусиянын Мамлекеттик Думасына келип кеткен.

Жолугушууда Түндүк Корея тарап экономикалык кызматташтыкты жандантууну сунуштаган. Туман дарыясы аркылуу көпүрө куруу тууралуу КЭДР демилге көтөргөн.

Лидерлердин жолугушуусунда темир жол куруу жана газ кууру боюнча маселе көтөрүлүшү мүмкүн деп болжойт Сеул университетинин профессору Андрей Ланьков. (AbA)

Тектеш темалар