Жакарта суу алдында калабы? Индонезия борборун көчүрүүдө

Индонезиянын президенти Жоко Видодо парламентке кайрылып, борбор калааны Жакартадан Борнео аралына жылдырууну расмий түрдө суранды. 10 миллион калкы бар Индонезиянын борбору Жакарта тездик менен сууга чөгүп жаткан шаарлардын бири. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мындай тездик менен суу каптай берсе, 2050-жылга барып шаардын чоң бөлүгү суу астында калышы мүмкүн

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 10 миллион калкы бар Индонезиянын борбору Жакарта тездик менен сууга чөгүп жаткан шаарлардын бири

Жергиликтүү басылмалар Борнео арылындагы Палангкарайя шаары борбор болуп калышы мүмкүн деп жазууда.

Индонезияда борборду жылдыруу маселеси көптөн бери эле талкууланып жаткан. Буга себеп болгон жагдайлардын бири - унаа тыгыны. 2016-жылдагы иликтөө көрсөткөндөй дүйнөдөгү унаа тыгындары боюнча чоң көйгөй ушул шаарга мүнөздүү.

Расмий маалыматка таянсак, унаа тыгындарынан арылуу үчүн өкмөт жыл сайын 100 триллион рупий (6,8 млрд доллар) сарптайт.

Мындан сырткары 20 жылдан бери Индонезияда өкмөттү децентрализациялоо боюнча долбоор иштейт. Анын максаты аймактарга автономия берүү. Эгерде Палангкарайя шаары борбор катары тандалса, Жакартага салышытырганда архипелагдын борбордук бөлүгүнө жакын болот.

10 миллион калкы бар Индонезиянын борбору Жакарта тездик менен сууга чөгүп жаткан шаарлардын бири. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мындай тездик менен суу каптай берсе 2050-жылга барып шаардын чоң бөлүгү суу астында калышы мүмкүн.

Жакарта саздын үстүндө курулган. Калаа Жава деңизинин жээгинде жайгашкан жана ал аркылуу 13 дарыя агып өтөт. Ошондуктан Жакартадагы суу ташкындар таң калычтуу деле көрүнүш эмес. Бирок адистер абал кескин начарлап жатканын белгилешүүдө. Себеби кеп суу ташкын жөнүндө болгон жок, чоң шаардын чөгүп баратканы тууралуу болуп жатат.

Image caption Акыркы 10 жылда эле Жакартанын түндүк аймагы 2,5 метрге чөккөн

Акыркы 10 жылда эле Жакартанын түндүк аймагы 2,5 метрге чөккөн. Шаардын деңизге жакын айрым аймактары эки эсе тез чөгүп, жылына 25 сантиметр жер суу алдында калууда.

Орточо эсеп менен алганда Жакарта жылына 1-15 сантиметрге чейин чөгүп жатат. Учурда шаардын дээрлик жарымы деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан.

Борборду жылдыруу

Географиялык жактан алганда, көптөгөн борбор шаарлар мамлекеттин борбордук бөлүгүндө. Маселен, Мадрид Иберий аралынын чок ортосунда.

1991-жылы нөлдөн баштап курулган Абуджа дагы Нигериянын борбордук бөлүгүндө жайгашты. Муну менен диний көз караштан улам жаңжалдашып, чачыранды болгон өлкөдө борбор шаар биримдиктин символу катары курулган.

Австралиянын Канберра дагы ортодо жайгашып калган артыкчылыгы менен борбор шаар макамын алды. Аны Сидней менен түштүктөгү атаандашы Мельбурн ортосундагы компромисстик вариант катары тандап алышкан.

Казакстан 1997-жылы борборун Астанага көчүргөн. Шаарды Назарбаевдин амбициясынын символу катары дагы көрүшөт. Ал 30 жылдык башкаруудан кийин жакында эле бийликти тапшырды. Астана Нурсултан Назарбаевдин урматына Нур-Султан аталып калды. (AbA)

Тектеш темалар