"Геноцид" сөзү кайдан чыккан?

"Геноцид" сөзү кайдан чыккан?

24-апрелде армян "геноцидинин" курмандыктары эскерилди.

Геноцид - байыркы грек тилиндеги gеnos сөзүнөн алынган. Грекче gеnos сөзү - "уруу" дегенди түшүндүрөт. Ал эми caedо латын тилинен алынып, "өлтүрөм" деген мааниде. Улуттук, этностук, расалык же башка диний топтордун мүчөлөрүн толук же жарым-жартылай жок кылууга багытталган кылмыштык аракеттер.

Терминди 75 жыл мурун жөөт адвокат Рафаэль Лемкин киргизген. Анын бүлөөсү нацисттер тарабынан өлтүрүлгөн. Бирок бул терминдин үй-бүлөсүнө байланышы жок. Башка трагедиялуу окуядан улам киргизген. Бул 1915-жылы Осмон империясы тарабынан өлтүрүлгөн бир жарым миллион армянга байланыштуу. Түркия геноцид деген айыптоолорду четке кагып келүүдө.