Зеленский Орусиянын паспорт боюнча демилгесин шылдыңдады

Volodymyr Zelensky speaking at a presidential campaign event in April 2019 Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty
Image caption Украинадагы президенттик шайлоодо Владимир Зеленский атаандашы Петро Порошенкону караандатпай, чаңында калтырып жеңип алды

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский Орусиянын өздөрүн "Донецк менен Луганск элдик жумурияты" деп атап алган аймактын тургундарына орус паспортун берүү демилгесин четке какты.

Өткөн шаршемби күнү Орусиянын президент Путин Украинанын чыгышында жашагандарга орус паспортун жеңилдетилген тартипте берүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Зеленский "Фейсбук" баракчасына "украиналыктар эркин эл, эркин мамлекетте жашайт" деп жазып, украин жарандыгын "авторидардык жана коррупциялык режимде кыйналып жаткан бардык кишилерге, өзгөчө катуу кыйналган орустарга" сунуштады.

Учурда эки мамлекеттин мамилеси чыңалып турат. Өткөн аптада эле Украинанын Жогорку Радасы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Мыйзам мамлекеттик тилди сөзсүз билүүгө милдеттендирет жана башка тилдерди колдонууну чектейт.

Документке ылайык, украин тили өлкөдөгү жалгыз мамлекеттик жана расмий тил болуп калды. Мыйзамда орус тили тууралуу бир дагы сөз жок. Бирок англис тили 18 ирет эскерилген.

Путин кандай жарлыкка кол койду?

Дүйнө лидерлери Украинанын жаңы президентин куттуктап жатканда, орус президенти Владимир Путин үн каткан эмес.

Сүрөттүн автордук укугу Mikhail Svetlov/Getty
Image caption Президент Путин Украинанын жаңы президенти Зеленскийди куттуктай элек

Анын ордуна президент Путин Украинанын Донецк менен Луганск облустарынын тургундарына жеңилдетилген тартипте орус паспортун берүү боюнча жарлыкка кол койду.

Украинанын президенти Петро Порошенконун пикиринде, өздөрүн "Донецк менен Луганск элдик жумурияты" деп атап алган аймактын тургундарына орус паспорттору жеңилдетилген тартипте берилсе, Кремль аскердик аракеттерин мыйзамдаштырууга жол ачат. Орусия конституциясына ылайык, мамлекет чет өлкөдөгү орус жарандарын коргоо боюнча милдетин да алган.

Ал эми орус талдоочулары Москванын кадамын жаңы шайланган украин президенти Владимир Зеленскийге жасалган опуза катары баалады.

Эми бул аймактын тургундары орус тилинен экзамен тапшырбай эле жана Орусия аймагында беш жыл милдеттүү түрдө жашабай туруп орус жарандыгын алат.

Орусия калкынын саны миллиондогон кишилерге көбөйөбү?

Донецк менен Луганск областарынын калкынын саны боюнча так маалымат жок. Өздөрүн "Донецк менен Луганск элдик жумурияты" деп атап алган аймактын башчылары Донбасста 3,7 млн киши жашайт деп айтууда.

Украин бийлиги болсо аймакта 2,7-2,8 млн тургун жашап жатканын жана көптөр Орусияга көчүп кеткенин билдирди. Орусиянын Ички иштер министрлиги Украинанын чыгышынан миллиондон ашуун адам жер которуп келгенин маалымдаган.

Сүрөттүн автордук укугу Pavel Karavashkin/Tass

Андан тышкары президент Путин кол койгон жарлыкка Украинанын чыгышындагы кайсыл аймактар камтылары да белгсиз.

Орусиянын жана Украинанын мыйзамдарына ылайык, жарандыгынан баш тарткандар гана орус паспортун алууга укуктуу. Демек, Донецк менен Луганск областарынын тургундары орус паспортун алуу үчүн украин жарандыгынан баш тартышы керек.

Орус паспорттору Донбасста таратылабы?

Негизинен орус жарадыгын Орусиянын чет өлкөдөгү консулдук же Ички иштер министрлигинин бөлүмүнөн алса болот.

Жарлыкка ылайык, Донецк менен Луганск областарынын тургундарын орус жарандыгын Ички иштер министрлигинин бөлүмүнөн алышы керек. Донецк менен Луганскта Орусиянын Ички иштер министрлигинин бөлүмү жок. Демек, орус паспортун алгысы келгендер Ростов облусуна барышы керек.

Сүрөттүн автордук укугу ITAR-TASS/ Marina Lystseva

Орусия башка мамлекеттин жарандарына массалык түрдө паспорт тараткан учурлар буга чейин дагы болуп келген. Айталы, 2008-жылы Орусия-Грузия тиреши учурунда Москва Абхазиянын тургундарына массалык түрдө орус паспортторун таратканы бар. Паспортту ыйгарган жайга "консулдук бөлүм" деп жазылган эле.

Москва Абхазияны көз карандысыз мамлекет катары тааныгандан кийин гана расмий түрдө консулдук бөлүмдөр ачылган.

Бул кадамдын кандай мааниси бар?

Орусиядагы тышкы саясат институтунун башчысы Андрей Колесниковдун айтымында, Москва бул кадамы менен жаңы шайланган президент Зеленскийге белги берип жаткандай.

"Абал оор экени, сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоо жеңил болбой турганын каңкуулаган белгини Зеленскийге жеткирип жатышат. Бул аймактын тургундарына орус жарандыгын берүү боюнча кептер президенттик шайлоодогу экинчи айлампасынын алдынан эле айтыла баштаган. Зеленскийдин жеңишине Кремлдин жообу деп кабыл алсак болот",-деди Колесников.

Мындай пикирди Украинадагы Эл аралык саясат институтунун директору Сергей Солодский дагы кубаттайт. Анын айтымында Москва "азуусун" көрсөтүп жатат.

"Бул кадам жаңы шайланган президентке болгон шантаж. Эми Украинанын жаңы жетекчилиги Орусия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн айрым багыттар боюнча кызыкчылыктарынан баш тартышы керек болот",-деди Солодский.

Украина "Газпромго" коюлган айып пулдан тартып, Минск сүйлөшүүлөрүндө кабыл алган айрым беренелерди жеңилдетүүгө чейин чегинүүгө барышы мүмкүн деди Солодский.

Орусия 2017-жылы өздөрүн "Донецк менен Луганск элдик жумурияты" деп атап алган аймактын паспортун тааныган. Демек, бул аймактын тургундарына орус жарандыгын берүү Москва үчүн өтө деле маанилүү эмес, дейт Солодский. Айталы, бул аймактын тургундары Орусияга эркин кирип-чыгат.

Украин бийлиги кандай жооп берет?

Зеленский ант кармай электе, президент Петро Порошенко Орусия "чектен ашып кетти" жана "Донбасстагы тынчык сүйлөшүүлөрүнө тоскоолдук жаратып жатат" деген пикирин билдирди.

Ошондой эле Порошенко мыйзамсыз паспорт таратуу менен Орусия Украинанын чыгышындагы аскердик аракеттерин мыйзамдаштыруу аракетин көрүп жатат деп айтты.

Зеленскийдин штабы Орусия "бул кадамы менен оккупант катары жоопкерчиликти мойнуна алды. Бул кадам эки мамлекетти маселени чечүүгө, согушту токтотууга жакындатпайт" деген билдирүү жасаган.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги болсо өздөрүн "элдик жумурияты" деп атап алган аймактардын тургундарын орус паспортторун албоого чакырууда. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар