Украинанын мамлекеттик тили бирөө эле

Активисты Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty Images

Украинанын Жогорку Радасы бейшембиде мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Мыйзам мамлекеттик тилди сөзсүз билүүгө милдеттендирет жана башка тилдерди колдонууну чектейт. Би-Би-Си мыйзам кантип иштей турганын кыскача айтып берет.

Документке ылайык, украин тили өлкөдөгү жалгыз мамлекеттик жана расмий тил болуп калды. Мыйзамда орус тили тууралуу бир дагы сөз жок. Бирок англис тили 18 ирет эскерилген.

Раданын төрагасы Андрей Парубий мыйзам талкууланып жатканда "украин тили - өлкөнүн улуттук коопсуздугу" деп айтты.

"2014-жылы орус танктары кайсыл жерде орус тили болсо, ошол жерге барышты. Украин тили - мамлекеттин негизин түзөт. Тил боюнча мыйзам украиналыктар өзүн өзү урматтаганын көрсөтөт",-деди.

Мыйзамга ылайык, украин тили борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынан тарта, коомдук турмуштун бардык тармактарында артыкчылыкка ээ болот. Жеке сүйлөшүүлөр менен диний жөрөлгөлөргө бул мыйзамдын тиешеси жок. Эгерде украин жарандыгын алам дегендер болсо, милдеттүү түрдө тилди билип, сынактан өтүшү керек.

Украинадагы улуттук азчылыктын өкүлдөрү мектепке чейинки жана баштапкы билимди өз тилинде алууга укуктуу. Ал эми түпкүлүктүү элдин өкүлдөрү (бул жерде кеп крымдык татарлар тууралуу болуп жатса керек) өз тилинде орто билим алса болот.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Мамлекеттик билим берүү мекемелеринде айрым сабактар англис жана Евробиримдиктеги башка мамлекеттердин тилинде өткөрүлөт.

Мыйзам күчүнө кирген эки жылдан кийин улуттук телеканалдар жана радиолор эфирдик убактысынын 90 пайызын мамлекеттик тилде бериши керек. Ал эми жергиликтүү каналдар 80 пайыз украин тилинде берүүгө милдеттендирилет.

Башка тилде жарык көргөн басылмалардын украин тилиндеги версиясы дагы чыгарылышы керек.

Украин аймагындагы компьютердик программалардын интерфейси украинче же англисче болушу керектиги айтылып, орусча болушуна тыюу салынат.

Мамлекеттик кызматта иштегендердин баарына мамлекеттик тилди сөзсүз билүү талабы коюлду.

Мыйзам күчүнө кирген бир жарым жылдан кийин украин тили кызмат көрсөтүүнүн бардык тармагында милдеттүү колдонулат. Айталы, ресторан, интернет-дүкөндөрдө тейлөө мамлекеттик тилде болуусу шарт. Албетте, кардардын талабына карап, жеке кардарды тейлөөдө башка тилди колдонсо мыйзам жол берет.

Порошенко жана Зеленский

Президенттик шайлоо учурунда тил мыйзамы талкуунун чордонунда болду.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Зеленский украин тилин коргой турганын, тыюу салуу же жазалоо жолу менен эмес, позитивдүү, стимул бере турган жолдор менен тилди өнүктүрсө болоорун айтты

Президент Петро Порошенко шайлоо өнөктүгүн "Ишеним, тил, армия" деген чакырык алдында өткөрдү. Украин тили боюнча мыйзамды ачык эле колдоого алды. Шайлоодон утулуп калган соң Рада кабыл алууга жетишсе, тил мыйзамына кол коюп кете турганын билдирген.

Мыйзам кабыл алынгандан кийин Владимир Зеленский дагы пикирин айтты. Ал мамлекет башчы катары украин тилин коргой турганын, бирок тыюу салуу же жазалоо аркылуу эмес, позитивдүү, стимул бере турган жолдор менен деле тилди өнүктүрсө болоорун айтты. (AbA)

Тектеш темалар