Улуу ата мекендик согуштун бүтпөгөн суроолору, чечилбеген талашы

Советтик тарыхчылар атагандай, Улуу Ата мекендик согуш СССРдин жеңиши менен аяктады, бирок согуш менен байланыштуу бүтпөгөн, бүгүнкү күнгө чейин биротоло чечилбеген, талаш туудурган көп тарыхый, саясий, социалдык, моралдык, көйгөйлөр, суроолор бар. Алар илимий жана саясий деңгээлде тактоону, кайра ойлонуп, жаңыча чечмелөөнү талап кылат. Кээ бир маселелер чечилген сыяктуу сезилет, бирок жаңы табылган фактылар согуш тарыхына башкача көз карашта кароо керек дешет бул теманы иликтеген окумуштуулар.

Советтик аскер Сүрөттүн автордук укугу Alexander Demianchuk

Согуш темасын, тарыхын иликтеген ушундай окумуштуулардын бири Ош мамлекеттик юридикалык университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов менен Би-Би-Си байланышып, бир катар суроолорду жолдоду.

Би-Би-Си: Эң көп талаш туудурган тема согуштун башталган алгачкы айлардагы Кызыл армиянын чегинүүсү, фашисттик Германиянын аскерин кыска убакытта Москвага жакын өткөрүп жибергенинин себептери жөнүндө болуп келатат.

Б. Абытов: Биринчиден, баса белгилей турган нерсе, Улуу ата мекендик согуш дүйнөлүк экинчи согуштун негизги бөлүгү болуп, адамзаттын тарыхындагы эң апаат, эң көп адамдын башын жуткан согуш болуп калды. Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде согуштук искусствонун, согуштук техниканын бардык жетишкендиктери колдонулду. Эгерде экинчи дүйнөлүк согуш 1937-жылы 1-сентябрда башталган болсо, анын негизги бөлүгү Улуу ата мекендик согуш 22-июнда башталып, 1418 күн жана түн тынымсыз согуш болду. Мына ушул согуштун алгачкы кези бүгүнкү күнгө чейин талаш-тартыштарды жаратып келатат. Согуш дегенде биринчи күдүк ой жеңилүү, чегинүү жөнүндө болот. Эмне үчүн даңкы чыгып аткан Кызыл Армия кыска мөөнөттө фашисттик Германиянын аскерин Москвага чейин өткөрүп жиберди. Бул жерде тагыраак маалыматтарды келтириш керек.

Германия Советтер Союзу менен согушуу үчүн 164 дивизия жиберген, анын курамында 4 млн 322 200 аскер болгон. 42049 миномет, 4127 танк, 4846 учак даярдаган. Советтер союзу өз кезегинде 193 дивизия, анын курамында 3 млн 235 600 аскер болгон. 59787 орудие жана миномет, 14751 танк жана штурмалык куралдар жана 19743 учак болгон.Үстүртөн караганда бул артыкчылык, саны жагынан көп. Бирок ошо артыкчылыгына карабастан, фашисттик Германиянын аскерин өлкөнүн борборуна чейин өткөрүп жиберди деп жатабыз. Мунун себептери жөнүндө тарыхчылар арасында эки көз караш бар. Орусча айтканда, "обезглавленная армия" дейт. Экинчи бир багыт "расстрелянная армия" деп аталат. Согуштун астында аскердик стратегияны алып жүргөн башкы аскер командачылар репрессияга туш келип, жок болуп кеткен. Маршалдардын 60%, биринчи рангдары командирлердин 100%, экинчи рангдагы командирлердин 100%, корпус командирлеринин 88%, дивизия командирлеринин 83%, бригада командирлеринин 55% репрессияга дуушар болгон. Көп армия болгонубуз менен аны баштаган, туура нукка буруп, уюштура турган аскер жетекчилери, стратег командирлерибиздин жок болуп калганынын натыйжасы ушундай кейиштүү болду. Эгерде ошондо тажрыйбалуу аскер башчылары ошол жерде болгондо, согуш мынчалык деңгээлге жетпеши да толук мүмкүн эле. Тилекке каршы, 37-жылдан баштап Тухачевскийди баш кылып, Егоров, Якир деген жогорку командалык курамдагы аскер жетекчилери, алардан баштап бригада командирлерине чейин басымдуу түрдө жок болуп кеткенине байланыштуу фашисттик Германия кыска мөөнөттө Москвага чейин кирип келди.

Фронтко бараткан советтик жоокерлер, Москва, 1-ноябрь 1941-жыл Сүрөттүн автордук укугу wikipedia
Image caption Фронтко бараткан советтик жоокерлер, Москва, 1-ноябрь 1941-жыл

Би-Би-Си: Согуштун алгачкы айларында эле чегинүүлөр менен көп жоготуулардын себебин да ушул жактан караш керек го. Курчоодо калып, колго түшүп берген армиялар болду. Экинчиден, кээ бир жоокерлер эскергендей, атышайын десе куралы жок, куралы болсо огу жок болгон армия кантип туруштук бермек эле.

Б. Абытов: Башкы себеби тажрыйбалуу командирлердин жоктугу болсо, экинчиден кол салуу капыстан болгонун эске алуу керек. Сталин он жыл бою Германия менен СССР согушпайт деген Риббентроп менен Молотовдун келишимине абдан катуу ишенип туруп алды. 22-июнда таңкы саат төрттө согуш башталат экен деген кабарларга карабастан, ишенген эмес. Ошондой кенебестиктин айынан аскер командачыларын комплектациялоо толук ишке ашпай калган. Капысынан кол салуудан биз канчалаган авиациялык эскадриляны, аскердик техниканы жоготтук, канчалаган аскерибиз курман болуп кетти. Качан анын маани маңызына жеткенде кеч болуп калган. Согуштун биринчи эле июнь-июль айларында Советтер союзу баардыгы болуп бир миллиондон ашык аскер жоготкон, анын ичинен 700 миңи туткунга түшүп бергендер. Курчоодо калган аскерлерди кайрадан жаңы түзүлгөн аскер бөлүктөрүнө бөлүп, кайрадан согушка киргизген. Экинчиден, кээ бир учурларда сиз айткандай, мылтыгы болсо патрону жок, патрону болсо мылтыгы жок жетишпегендик да болгон. Көп аскердик объектилер бомбалоодон талкаланып кеткен.

1941-жылдын июнь айынан декабрь айына чейин 3 млн 138 миң адам дайынсыз кеткен. Дайынсыз жоголгондор, жарадар болгондор, контузия болгондор... Анан бир млн 336 миңден ашуун адам ар түрдүу оору-сыркоого кабылып, жараат алып согушка жараксыз болуп калган. Ошондуктан бул дагы талаш маселе. Кээ бирде бир миллиондон үч миллионго чейин десек, кээ бирде изилдөөчүлөр согуштун алгачкы үч-төрт айында 3 млн 980 миң 700 адам жоготууга дуушар болгон, анын ичинен 2 млн 841 миң 900 курман болгон деп келишет. Бул сандар дагы деле тактоону талап кылат. Мына кийинчерек орустарда "История советской государственности" деген окуу китеби чыккан, ошол китепте мындай жазылат. 1941-жылдын 22-июнунан баштап декабрга чейин СССР бардыгы болуп, курман болгондор, дайынсыз кеткендер, туткунга түшүп кеткендер, баарын эсепке алганда 7 млн адамды түзөт деген маалымат бар. Ошондуктан бүгүн дагы бул сандарды акыркы деп айтышка болбойт.

Би-Би-Си: СССРдин экинчи дүйнөлүк согуштагы жалпы жоготуусу дагы так болбой, ар башка сандар айтылып келбедиби. Бул өзүнчө бир саясий маселе катары каралып келбедиби.

Б. Абытов: Туура айтасыз, чоң саясатка айланып кеткен. Мисалы, согуш бүткөндөн кийин ошол убактагы башкы командачы, Совнаркомдун төрагасы болуп турган Иосиф Сталин согуштагы жоготуулар жөнүндө сураганда, анын кыял-жоругун билген адамдар чочулашып, сыйда гана он беш миллион адамга жакын деп коюшат. Ошондо Сталин "Советтер союзу үчүн бул көптүк кылат" деп болгону бир сөз айтат. Азайт, көбөйт деген жок, болгону ушундай реплика кылып коет. Ошондуктан 1946-жылы Прага конференциясында ошол убактагы тышкы иштер министри Молотов СССРдин жалпы жоготуусу жети миллионго барабар болду деп сыйда гана айтып койгон. Бул жети миллион аскер адамыбы, анын ичинде карапайым эл дагы барбы, аны тактаган эмес. Бирок ошол жети миллион 1965-жылга чейин сакталып келди.

Эми караңыз. 1961-62-жылдан баштап Улуу ата мекендик согуштун алты томдугун даярдоо иштери башталган. Хрущев тактагыла деп тапшырма берип, анын көрсөтмөсү менен 1965-жылы, 20 жылдык юбилейге карата чыккан алты томдукта СССРдин жоготуусу 20 миллион адамды түзгөн деген пикир айтылып, ошол сан бардык окуу китептеринде, бардык тарыхый энциклопедияларда 1992-жылга чейин жазылып келди.

Едльцин бийликке келгенден кийин 1991-жылы РФнын Генералдык штабынын алдында атайын комиссия түзүп, согуштагы жоготууларды тактоо тапшырмасын берген. Ошондо мамлекеттик комиссия изилдеп чыгып, мындай тыянакка келген. 1941-45-жылдар аралыгында аскердик гана жоготуу 8 млн 668 миң 400 адамды түзгөн. Ал эми согуштун кучагында калган райондордо жашаган карапайым калктын ичинде 19 миллиондон ашууну курман болгон. Натыйжада, ошол Ельциндин мезгилинде СССРдин Улуу ата мекендик согуштагы жоготуусу 27 миллион 668 миң 400 адамды түздү деген пикир түзүлүп, калыптанып, мына бүгүнкү күнгө чейин ушул санды колдонуп келатабыз. Азырынча мындан артыгы да, кеми да жок. Мисалы, орус тарыхчыларынын көпчүлүгү, Белоруссиянын, Украинанын тарыхчылары жоготуу мындан да көбүрөөк сандарды айтып жүрөт, бирок архивдик маалыматтарга таянбаган божомолу көбүрөөк айтылган десек болот.

СС жетекчиси Генрих Гиммлер (ортодо) Штуттгофдогу лагерге келген учур. Сүрөттүн автордук укугу Stutthof Museum
Image caption СС жетекчиси Генрих Гиммлер (ортодо) Штуттгофдогу лагерге келген учур

Би-Би-Си: Эми дезертирлердин проблемасына келсек. Бул теманы көркөм чыгармада Айтматов менен Распутин сыяктуу чоң жазуучулар чагылдырды, бирок документалдуу так маалыматтар элге жеткен жок. Мамлекеттик архивде маалыматтар дагы эле жашыруунбу?

Б. Абытов: Кеңеш доорундагы коммунисттик идеология абдан күчтүү болгон. Ошол идеологиянын бирден бир таасири Советтер Союзунда дезертир болгон эмес деген көрсөтмө болгон. Ким дезертир болсо, ал биздин адам эмес, ал Советтер союзунун душманы деп келишкен. Айтматовдун "Бетме-бет" повести чыкканга чейин, керек болсо 90-жылдарга чейин бул тема жабык болгон. Айтматов согуш убагында катуу сыноолорго, кыйынчылыкка чыдабай кетип, дезертир болуп кеткен адамдар жөнүндө гана жазды. Дезертирлер орустарда, белорус, украиндерде же Литва менен Латвияда болгон жок дейсизби. Миңдеп, керек болсо миллиондоп болгон. Бирок дезертир темасы жабык болгон үчүн ал жөнүндө жазышкан эмес. Бүгүнкү күнгө чейин Россиянын тарыхында деле миллиондогон аскер адамдарынан канчасы дезертир болуп кеткени жөнүндө так маалымат жок. Бул тема дагы көп изилдөөнү, тактоону талап кылат.

Генерал Власов жана анын Орустарды боштондукка чыгаруу армиясы Сүрөттүн автордук укугу inosmi.ru
Image caption Генерал Власов жана анын Орустарды боштондукка чыгаруу армиясы

Би-Би-Си: Дезертир темасы менен кошо согуш убагындагы чыккынчылар жөнүндө айтпай кетүүгө болбойт. Фашисттик Германия тарапка өтүп, советтик жарандардан түзүлгөн бүтүндөй армиялар СССРге каршы согушпадыбы.

Б. Абытов: Бул тема дагы советтик тарыхта, советтик идеологияда дээрлик айтылбай келген. Эгемендик жылдарында демократиянын шарданы менен бир топ маалыматтар ачыкка чыкты. Орус тарыхчылары архивден алган маалыматтарга таянсак, согуш мезгилинде фашисттик Германия тарабында мурдакы кеңеш өкмөтүнүн атуулдары болгон бир миллиондон ашуун адам Советтер союзуна каршы согушкан. Кээ бир тарыхчылар бул дагы азыраактык кылат дейт, кээ бирлери бул көп дейт. Кандай болгон күндө дагы табылганы ушул бир миллион адамдын айланасында. Тарыхчылардын так маалыматтары бар, ошону карап көрөлү. 1943-жылдын ортосунда Германия тарапта мурдакы Советтер Союзунун 400 миңден 600 миңге чейинки аскер өз ыктыяры менен фашисттик Германиянын аскерине кошулду деген маалымат бар. Булар негизинен совет бийлигине таарынгандар, ага каршы болгондор жана аскер туткундары. Легионерлерди түзүүгө фашисттик Германия 1992-жылдан баштап кирише баштаган.

Эң алгачкы легионерлер Түндүк Кавказ, калмык, карачай, кабардин-балкар, азербайжан, армян, грузин, татар, Түркестан элдеринен түзүлгөн. Ар бир улуттук легионерлерге ылайык улуттук комитеттер түзүлгөн. Ошолордун ичинде, өкүнүчтүүсү, ошол согуш туткундарынын ичинен аталган улуттагы элдерден аскер бөлүктөрүн, полкторду түзгөн. Ошолордун катарында Түркстан легиону да болгон. Анын катарында негизинен татарлар, казактар, өзбектер, түркмөндөр, тажиктер, кыргыздар болгон. Эми ойлоп көрүңүз, согуш мезгилинде фашисттик Германия тарапта легионерлердин эсебинен 90 пехоталык батальон түзүлгөн. Ар бир батальондо миңден кем эмес адам болгон. Анын ичинен 26 батальону Түркстан легиону, он беши азербайжан, он үчү грузин, он экиси армян, тогузу Түндүк Кавказ, сегизи Крым татарларынын, жетиси Волга татарларыныкы. Ошондуктан бул тема дагы терең изилденүүгө муктаж.

Москва үчүн кармаш Сүрөттүн автордук укугу TASS

Карап көрүңүз, 1944-жылдын акырында ССтин аскерлеринин курамында украин, белорус, Балтика боюндагы элдерден түзүлгөн, жогоруда айтылгандан башка, жети легионердик дивизия болгон. Бул бүгүнкү күнгө чейин талаш-тартышты туудуруп келаткан маселе. Алардын ичинен эң чоңу, албетте, генерал Власов башында турган Орустарды боштондукка чыгаруу армиясы. 1945-жылы 28-январда Гитлер аны Германия тарапта согушкан бүткүл орус аскер бөлүктөрүнүн башкы командачысы кылып дайындаган. Эң өкүнүчтүүсү Власовдун армиясынын катарында Советтер Союзунун чоң аскер чиндери, аскер округдарынын башкы командачылары, аскер кеңешинин мүчөлөрү болгон. Мисалы, генерал-майор Трухин, генерал Малышкин дегендер. Советтер Союзунун Баатырлары Бычков, Пантелеевский дегендерди айтсак болот. Тагдырдын тамашасын караңыз, убагында бизден баатыр наамын алганы менен кийин ошол Орустарды боштондукка чыгаруу армиясында генерал Власовдун карамагында кайрадан Советтер союзуна каршы согушкан.

*

Тектеш темалар