Чернобыль апааты тасмада: 33 жылдан кийин эмнеге эстешти?

Апта башында Американын НВО кабелдик телеканалы "Чернобыль. Ажыраган аймак" сериалын обого чыгарды. Ошол эле учурда орусиялыктар дагы Чернобыль апааты боюнча көркөм тасма тартууда.

Чернобыль

Арадан 33 жыл убакыт өткөндөн киийн Чернобылдагы кырсык кайрадан көңүл борборуна чыгып, талкуу жаратууда.

1986-жылы 26-апрелге караган түнү болгон Украинадагы Чернобыль АЭСиндеги жарылуудан кийин техногендик кырсык башталганын сүрөттөгөн тасма беш сериядан турат, ар бир сериясы бир сааттык.

НВО сериалында 1980-жылдардагы реалдуу каармандар абдан көп. Маселен, физик Валерий Легасовду актер Жаред Харрис ойногон. Адам Нагаитис болсо Василий Игнатенконун ролун жаратты. Өрткө каршы кызматтын жаш кызматкери эбегейсиз радиация алып, өтө азаптуу өлүмгө кабылган.

Физик Ульяна Хомюк (Эмили Уотсон) трагедиянын себебин аныктоого аракет кылат Сүрөттүн автордук укугу Alamy
Image caption Физик Ульяна Хомюк (Эмили Уотсон) трагедиянын себебин аныктоого аракет кылат

Швед актеру Стеллан Скарсгард советтик карьерист-чиновник Борис Щербинди ойноду. Аны Кремль авариянын кесепеттерин жоюу үчүн түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын төрагасы кылып жөнөткөн.

Башында Щербиндин "партиялык линиясы" кырсыктын масштабын аңдай алган эмес. Авария болгон аймакка барып, Валерий Легасов менен жолуккандан кийин гана кырсык өтө олуттуу экенин түшүнөт.

Андан кийин тасмада дагы бир каарман пайда болот - белоруссиялык физик Ульяна Хомюк. Анын образын Эмили Уотсон жаратты. Тасманын сюжети боюнча бул окумуштуу Минскиде туруп алып эле кырсыктын масштабын түшүнгөн. Башкача айтканда, ЧАЭС кызматкерлеринен мурун эле кырдаалды баалаган.

Сериал Чернобыль Сүрөттүн автордук укугу Sky UK/HBO
Image caption Василий Игнатенко (Адам Нагаитис) - өрткө каршы кызматтын жаш кызматкери. Эбегейсиз радиация алып, өтө азаптуу өлүмгө дуушар болгон

Би-Би-Синин кино сынчысы Уилл Гомперц сериалга катуу таасирленгенин жазды.

"Актердук чеберчилик таң калтырды. Ар бир сценасы ынанымдуу жана советтик 1980-жылдарга алып барат..."Чернобыль" тасмасын көрүп баштаганда бул тарыхты билем деп ойлогом. Азыр эми билбей турганымды түшүндүм",-деп жазды Гомперц.

"Эми азыр бул темага кайрылуунун эмне зарылчылыгы бар эле", деп сындаган пикирлер дагы көп айтылды. Рунет дагы муну көңүл сыртында калтырган жок.

1986-жылдагы Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты учурунда СССР бийлиги жаап жашырууга аракет кылган. Жүздөгөн өрт өчүргүчтөр аймакка эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбай жөнөтүлгөн. Радиациядан сактаган каражаттары болгон эмес. Коммунисттик жетекчилик биринчи күндөрү эч нерсе болбогондой түр көрсөткөн. (AbA)

*