Лондондогу теракт боюнча сот башталды: Окуя кандай болгон?

Лондон көрпүрөсүндөгү теракт боюнча соттук угуу башталды. 2017-жылдын 3-июнунда үч киши ижарага алынган фургон менен кишилерди тебелетип, кийин бычак менен кол салышкан. Сегиз киши каза таап, кол салган үч киши полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн эле.

Image caption Лондон көпүрөсүндөгү чабуулдан каза тапкандар: Кристина Арчибальд, Себастьен Беланже, Кирсти Боден, Игнасио Эчеверриа, Жеймс Макмаллан, Александр Пигар, Ксавье Тома жана Сара Железняк

Соттук угуу учурунда полиция биринчи жолу окуяны ийне-жибине чейин тизмектеп берди.

Теги марокколук 30 жаштагы Рашид Редуан жана 22 жаштагы Юсеф Загба, ошондой эле теги пакистандык британ жараны 27 жаштагы Хурам Батт мурда-кийин полициянын көзүнө илинген эмес. Чабуулга даярданып жаткан учурда дагы эч ким шек санабаптыр.

Алар 3-июнда эрте менен унааны ижарага жалдап, Lidl дүкөнүнөн бычак жана керамикалык лезвия жана кызгылтым түстөгү ручка сатып алышат.

Ушул эле күнү 22:00 чамасында Лондон көпүрөсүнө келишкен. Андан кийинки окуялардын сүрөттөлүшү үрөй учурат. Видео байкоодон фургон көпүрө аркылуу келе жатканы көрүнөт. Унаа катуу ылдамдык менен барып, көпүрөдө жөө бараткан туристтердин тобун сүзгөн. Унаадан жасалма жанкечти курун тагып алган үч киши түшүп, бычак менен кол салып кирген.

Андан кийин алар Боро-маркет тарапка жүгүрүп кетишкен. Бул жер шаардагы белгилүү базар, көчөдө тамак-аш дагы сатылат. Ошол күнү базар иштебей турган. Бирок жака белиндеги ондогон ресторан жана пабдар бар эле. Ишемби болгондуктан эл көп болчу.

Сотто айтылган маалыматка таянсак, бычак менен чабуул бир нече минутага уланган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Рено" унаасы тротуарда бараткандарды сүзгөн учурдагы хронология

Унаа сүзгөндөрдүн бири француз туристи Ксавье Тома ошол учурда уулу менен телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан. Жанында курбусу Кристин Делкро бар эле. Алар дем алыш күндөрдү өткөрүү үчүн Парижден келишкен. Соттогу көрсөтмөсүндө Делкро Англияга сапардын алдында "өзүнчө дүрбөлөңдүү сезимдер болгонун", бирок крубусунун көңүлүн кыйбай макул болгонун айтып берди.

Унаанын катуу соккусу Томаны Темзага ыргыткан. Анын сөөгүн бир нече күндөн кийин гана таап чыгышты. Делкро тирүү калган.

Мына ушул маалда эле 30 жаштагы Канада жараны Кристина Арчибальд унаанын алдында калат. Ал сүйлөшүп жүргөн жигити менен London Bridge станциясынан чыккан. Анын жигити Фергюсон сотто сүйлөп жатып, окуядан бир нече секунд алдын Кристина колун бекем кысып, жүзүнөн сүйгөнүн айтып берди.

Андан кийин кол салгандар фургондон чуркап чыгышкан. "Арсеналдын" футболкасын кийген Хурам Батт Лондондо окуган австралиялык студент Сара Железняктын алдынан чыгып, бычак менен бир нече ирет сайган.

Кол салгандарды кармоого аракет кылган франциялык Себастьен Беланжени үчөөлөп бычактап салышкан.

30 жаштагы австралиялык медайым Кирсти Боден Лондон көпүрөсүнүн алдындагы пабдан чыккан. Ызы-чуу болгондо чуркап чыгып, көпүрөдө унаа сүзгөн кишилерге жардамга келген. Боден 26 жаштагы франциялык Александр Пигарга жардам берүүгө аракет кылат. Бирок ал эсине келе албай жан берген. Мына ушул учурда Хурам Батт Боденди түртүп жиберип, көкүрөгүнө бычак урат. Ал качып кетүүгө аракет кылып, бирок узакка бара алган эмес. Көп кан жоготкондуктан Боден дагы каза табат.

Боден менен Пегаранын жакындары сотто кол кармашып, чогуу олтурду.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Лондон көпүрөсүндөгү полиция, 2017-жылдын 3-июну

Окуянын кийинки өнүгүшү

Кол салгандар көпүрөдөн чуркап баратышып пабдын кире беришенде турган 32 жаштагы британдык бизнесмен Жеймс Макмалланды бычактап кетет.

Испаниялык банкир Игнасио Эччевериа скейтборд менен сейилдеп жүргөн. Кол салгандар аялды бычактап жаткан учурда жете келип, ортого түшүүгө аракет кылган. Жыйынтыгында аны да бычактап кетишкен.

El Pastor ресторанына кол салгандарды киргизбей, бөтөлкө, олтургучтар менен уруп, артка кайтарышат.

Андан кийин алар дээрлик бош турган Black&Blue ашканасына барышат. Ал жерден 47 жаштагы футбол фанаты Рой Лэрнер менен карп-курп чыгып калышкан. Лэрнер жеңил жаракат алып ооруканага түшкөн. Кийин достору тамашалашып, ооруканага сурап барганда "Чуркаганды үйрөнгүлө" деген китеп белек кылган.

Кол салуудан сегиз минутадан кийин үч шектүүнү тең полиция атып өлтүргөн.

2017-жылдын жай айында Улуу Британия боюнча күчөтүлгөн коопсуздук чаралары киргизилген эле. Ушул жылы март айында Вестминстер районунда беш киши бычакталган. Кол салган шектүүнү полиция атып өлтүргөн.

22-майда "Манчестер-Аренада" америкалык поп-ырчы Ариана Гранденин концерти жыйынтыкталып жаткан учурда жарылуу болгон. Андан 22 киши каза таап, 59 киши жаракат алганы белгилүү болду. Жардырууну өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топ моюнуна алган эле. (AbA)