Би-Би-Си кызматкери ханзааданын уулу тууралуу твити үчүн иштен кетти

Би-Би-Синин алып баруучусу Дэнни Бейкер ханзааданын уулу тууралуу твитинен кийин жумуштан кетти. Ал колдоруна шимпанзе көтөргөн жубайлардын сүрөтүн жарыялап, алдына "королдук наристе төрөт үйүнөн чыкты" деп жазган.

Бейкер өзүнүн аракети "келесоолук" болгонун жазып, кечирим сураган. Бейшембиде "Твиттер" баракчасына: "Азыр эле Би-Би-Си 5тен жумуштан бошотушту",-деп кабарлады BBC Radio 5 Live алып баруучусу.

61 жаштагы Бейкердин жумуштан кетүүсүнө себеп болгон билдирүүсү дароо эле өчүрүлгөн. Бирок өтө чоң резонанс жаратты. Журналистти көптөр расист деп айыптапшкан. Ханзаада Гарринин жубайы актриса Маркл Меган өткөн жылы британдык королдук династиянын тарыхтагы алгачкы африкалык мүчөсү болуп кошулган эле.

Шаршембиде ханзаада Гарри менен Меган ымыркайын коомчулукка көрсөттү. Алар 6-майда уулду болуп, ысымын Арчи Харрисон Маунтбеттен-Виндзор деп коюшкан.

"Твиттер" колдонуучулар Бейкердин билдирүүсүн мазактоо деп кабыл алып, катуу тилдегенден кийин, "мазактоо" тууралуу ой такыр болбогонун айтып, кечирим сурады.

"Макул эми. Сенин ден-соолугуң үчүн Арчи, кечир", -деп жазды кийин.

Радио уктуруу корпорациясы твит "биздин карманган баалуулуктарга карама каршы келет" деген билдирүү таратты.

"Дэнни мыкты алып баруучу, бирок ал мындан ары биз менен бул шоуго катышпайт",-деди Би-Би-Си өкүлү.

Дэнни Бейкер Radio 5 Live радиосунда апта сайын дем алыш күндөрү чыккан шоу программаны алып барчу. (AbA)