Казакстан: активисттер кармалып, айрым сайттар ачылбай калды

казак активист камалууда Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Казакстанда бир айдан бери активисттер камакка алынып, айрым маалымат агенттиктеринин интернет баракчалары жана коомдук медиа сайттары ачылбай калды.

9-майда Алматы жана Нур-Султан шаарларында өткөн "Өлбөс полк" акциясы камакка алуу менен коштолду. Ошол күнү "Фейсбук", "Инстаграм", "Ютуб", "Телеграм" жана айрым маалымат агенттиктеринин баракчалары дагы ачылган эмес.

"Буга чейин мындай болгон эмес. Мурда коомдук медиа бир нече саатка эле ачылбай калчу. 9-майда бир күн кечке чектөөлөр болду",- деди казак саясат таануучу Расул Жумалы.

Так канча активист камакка алынганы белгисиз. Алматы жана Нур-Султан шаарында эле ондогондор кармалды деп айтылууда. 1-майдагы демонстрацияда Казакстандын бир нече шаарында болжол менен сексен киши камакка алынганын ЖМКлар кабарлаган.

Полиция 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого каршы чыккандарды кармап жатат. Нааразылык акцияга катышкандар Касым-Жомарт Токаевден башка альтернатива жок болгондуктан, шайлоодо ким жеңип чыгаары алдын ала белгилүү дешүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Назарбаев президенттиктен кеткени менен казак саясатын башкарууну уланта бериши мүмкүн дейт эксперттер. Муну Сингапур менен Кытайдын лидерлеринин мисалында карап жатышат

Өлкөнү отуз жылдай башкарган 78 жаштагы Назарбаев 19-март күнү отставкасын жарыялаган болчу. Мыйзамга ылайык, Сенаттын мурдагы төрагасы, 65 жаштагы Токаев учурда президенттин милдетин аткарууда.

"Нур-Отан" партиясынын апрель айындагы кезексиз курултайында Назарбаев бийликтеги партиянын атынан президенттикке талапкер катары Касым-Жомарт Токаевди көрсөткөн.

"Касым-Жомарт Токаев эгемендиктин алгачкы күндөрүнөн тарта мени менен катарлаш иштеди. Мени менен бирге Казакстандын сырткы саясатын түптөгөндөрдүн бири. Көп жылдар Тышкы иштер министрлигин жетектеди. Анын дипломатиялык даражасы чет өлкөлөрдө дагы жогору бааланат. Силер билесиңерби, ал Бириккен улуттар уюмунун катчысынын орун басары болгон. Өтө тажрыйбалуу саясатчы",- деген эле Назарбаев.

Сүрөттүн автордук укугу PAvel Alexandrov/TASS
Image caption Касым-Жомарт Токаев

Токаевдин ордуна Сенаттын жетекчилигине Назарбаевдин 55 жаштагы кызы Дарига шайланган. Жашыруун добуш берүүдө Назарбаева бир добуштан колдоо тапкан. Конституция боюнча Сенаттын спикери өлкө президентинен кийинки эле экинчи кызмат адамы.

Активисттер Дарига Назарбаеванын Казакстандын төмөнкү палатасынын спикери болуп шайланына дагы каршы чыгууда. Ошондой эле нааразылык акцияга чыккандар баш калаа Астананы Нур-Султан деп өзгөртүүгө каршы болуп, камакка алынган активисттердин бошотулушун талап кылууда.

Казакстандагы оппозицияны ким башкарып жатат?

Нааразылык акцияларды "Казакстандын демократиялык тандоосу" аттуу кыймыл уюштурууда. Аны БТА банкынын мурдагы ээси, азыр чет өлкөдө бозгунда жүргөн Мухтар Аблязов түзгөн.

Казак оппозициясындагы барандуу саясатчылардын бири катары саналып жүргөн Аблязов 2009-жылы өлкөдөн качып чыккан. Ал сот тарабынан кылмыштуу чөйрөнү түзгөн жана банк каражаттарын уурдаган деп айыпталып, сыртынан жыйырма жылга эркинен ажыратылган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption блязов Казакстандан 2009-жылы чыгып кетип, анын банкы банкрот деп табылып, улутташтырылган

Аблязов коюлган айыптоолорду четке кагып, аны саясий негизде куугунтукка алып жатканын билдирген.

Касым-Жомарт Токаев деген ким?

Алтымыш беш жаштагы Токаев "Эл башынын" эң ишенимдүү кишилеринин бири. Узак жылдардан бери Назарбаев менен бирге иштешип жүргөн тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер, эл аралык чөйрөдө таанылган дипломат.

СССР учурунан эле Кытай, Сингапурдагы элчиликтерде эмгектенген. Өлкө эгемендик алгандан кийин тышкы иштер министри, премьер-министрдин орун басары, премьер-министр жана парламент төрагасы кызматтарында иштеген.

2011-2013-жылдары БУУнун баш катчысынын орун басары болуп турган. Сенаттын төрагалыгына 2013-жылы келген эле.

Тектеш темалар