WhatsApp хакердик чабуулга кабылды

WhatsApp logo Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption WhatsApp тиркемесин дүйнө жүзүндө бир жарым миллиард адам колдонот

WhatsApp тиркемесиндеги мүчүлүштүктөн улам хакерлер смартфондорго тыңчылык кылган программаны орноткон. Муну WhatsApp тиркемесине ээлик кылган "Фейсбук" мойнуна алды.

Системадагы кемчиликти WhatsApp он күн мурун байкаган. Компания маалыматты дароо коопсуздук кызматкерлерине жана коопсуздук боюнча эксперттерге жолдогон.

Хакерлер тыңчылык кылган программаны смартфондорго кантип орноткон? Телефонго белгисиз бирөө байланышка чыгат, ага тиркеменин колдонуучусу жооп бербесе деле, смартфонго кооптуу программа көчүрүлүп калат. Ал аркылуу телефон ээсинин камерасын жана микрофонун башкарып, адамдын кайсыл жерге, качан барганын дагы көрсө болот.

Financial Times басылмасы телефон чалуу болгонун смартфондун колдонуучулары байкабай дагы калышы мүмкүн деп маалымдады. Басылма бул көйгөйдү биринчилердин болуп жарыялады. Андагы маалымат боюнча, тыңчылык кылган программаны израилдик NSO компаниясы иштеп чыккан, аты Pegasus деп аталат. NSO "кибер куралдын соодагери" каймана атка конгон.

Бул программа телефондогу кат алмашуу, электрондук почта, камера менен микрофонду күйгүзүп-өчүрүү жана жеке маалыматты алууга жардам берет.

Израилдик компания бул программаны мамлекеттик атайын кызматтар үчүн иштеп чыкканын, ал уюшкан кылмыштуу топтор же террордук уюмдарга каршы күрөшүүдө колдонуларын айтып жатат. Эми компания программанын туура эмес багытта колдонулуп жатканын иликтеп, келечекте мүмкүн анын сатылышын токтотобуз деп билдирди.

WhatsApp системадагы мүчүлүштүктү оңдоп, колдонуучуларды программаны жаңылоого чакырды.

"Фейсбуктун" WhatsApp тиркемесин дүйнө жүзүндө бир жарым миллиард адам колдонот. Азырынча канча колдонуучу чабуулга туш болгону белгисиз. Бул боюнча WhatsApp териштирүү иштерин баштады.

Компания хакерлердин чабуулу жалпы колдонуучуларга эмес, айрым адамдарга багытталган деген божомолун айтып жатат. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар