Соода согушу: Трамп Федералдык резерв системасын жардамга чакырабы?

U.S. President Donald Trump speaks to the media during a meeting with Hungarian Prime Minister Viktor Orban, in the Oval Office on May 13, 2019 in Washington, DC. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШнын президенти Трамп Кытай менен соода согушунда туруштук берүү үчүн Федералдык резерв системасынан колдоо алуу жөнүндө сөз кылды.

Дональд Трамп АКШнын Улуттук банкы болгон Федералдык резерв системасы экономикалык өсүүгө түрткү бере алат деп "твиттер" баракчасына жазды. АКШ лидери Кытай дагы ушундай кадамга барат деп кошумчалады.

"Кытай жергиликтүү бизнестердин жоготууларын жабуу үчүн системага акча бөлүп, насыялар боюнча үстөк пайыздарды төмөндөтөт деп болжоп жатам. Федералдык резерв системасы дагы Кытай жасаган кадамга барса, биз жеңебиз. Кандай болсо да Кытай келишимге кол коёт",- деп жазды Трамп.

АКШ лидери Федералдык резерв системасынын көз карандысыздыгына шек келтирбөө үчүн мекеменин иши боюнча көп нерсе айтпай келген.

Дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикасы бар бул өлкөлөрдүн 600 млрд. долларга тете соода талашы ырбап кетти.

АКШ өткөн аптада 200 миллиард долларлык кытай товарына бажы төлөмдөрүн эки эсеге көбөйткөндөн кийин, Кытай жооп катары өлкөгө импорттолгон 60 миллиард долларлык америкалык товарларга бажы тарифтердин көтөрдү.

АКШ президенти Бээжинди бажы төлөмдөрүн жогорулатпоого чакырган. Бирок Кытай "чет өлкөлүк кысымга баш ийбейбиз" жана өз кызыкчылыгыбызды коргойбуз деп билдирген.

Эки тараптын Вашингтондогу сүйлөшүүлөрү өткөн аптада натыйжасыз жыйынтыкталган. Буга карабастан, АКШнын кызыкчылыгына шайкеш келген келишимге Бээжин кол коёт, деп Трамп ишендирип келет.

АКШ менен Кытай эмнени талашып жатат?

Дональд Трамп АКШ-Кытай ортосундагы соода дефицитин азайтууну көздөйт. АКШ жылына 500 млрд долларга Кытай товарларын сатып алат, ал эми Кытайдын өзүнө кайра сатканы 130 млрд долларды түзөт. Трамп мындай чоң айырма кытай бийлигинин өздөрүнүн экономикасын катуу кармаган "уятсыз саясатынын" айынан болуп жатат деген пикирде.

Ошондой эле Вашингтон Кытай америкалык компаниялардын интеллектуалдык менчигин уурдап жатат деп айыптоодо. Кошмо Штаттарынын компаниялары Кытайда иш алып баруу үчүн жергиликтүү компаниялары менен биргелешкен ишкана түзүүгө милдеттүү. Бул талаптан улам кытайлык компаниялар чет элдик ишканалардын технологиясын алып жатат дейт АКШ.

Кытай жетекчиси үчүн бул талашта жемин жедирип жиберүү - намыстын эле иши эмес, он жылдыктын эң ири долбоору болгон "Made in China 2025" стратегиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Бул долбоорго ылайык, Кытай роботтехника менен таза энергиядан баштап жогорку технологиянын он орчундуу тармагында Батышты кууп жетейин деп келет. Америкалык технология менен кооперациясыз бул ишти аткаруу кыйын болот.

Дал ошол себептен Кытай экономикалык түзүлүшүн өзгөртпөйт дейт талдоочулар. (AT)