Путин менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жолугушуусу кандай өттү?

Орусия президенти Путин менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Орусия президенти Путин менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео

Сочи шаарында Орусия президенти Путин менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. АКШ президенти Трамптын "Чоң жыйырманын" саммитинде Орусиянын лидери менен жолугам деген ниетин Кремль жылуу кабыл алды.

Путин менен Помпео Украинадагы кырдаал, Орусиядагы адам укуктарынын тебеленип жатканы сыяктуу бир катар орчундуу көйгөйлөр тууралуу сөз кылган жок.

Помпеонун Орусияга болгон биринчи иш сапары бир күн ичинде эле жыйынтыкталды. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен үч саатка созулган сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Помпеонун президент Путин менен жолугушуусу бир жарым саатка созулду.

"Бүгүнкү жолугушуу позитивдүү кадам болду. АКШ менен Орусия мурда эл аралык орчундуу маселелер боюнча кызматташа аларын көрсөткөн. Эки мамлекеттин мамилесин жакшыртуу үчүн Орусияны кызматташууга чакырабыз",- деп жазды Помпео "Твиттер" баракчасына.

Сүйлөшүүлөрдө кайсы маселе козголду?

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Орусия лидери менен АКШ мамлекеттик катчысы Жапонияда өтө турган "Чоң жыйырманын" саммитинде Путин менен Трамтын жолугушуусу боюнча сөз кылганын билдирди.

"Биз мындай сүйлөшүүлөргө дайыма ачык карайбыз деп айттык. Эми америкалык тарап так сунуштарын айтат деп күтүп жатабыз. Биз бардык жолугушууларга, өзгөчө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө даярбыз. Бул абдан маанилүү",- деди Ушаков.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Президент Путиндин жардамчысы дүйнөдөгү эки ири державанын лидерлери "бетме-бет отуруп, актуалдуу суроолор боюнча сүйлөшүп алганына баары кызыкдар" деп кошумчалады.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдө стратегиялык туруктуулукка байланыштуу көйгөйлөр көтөрүлдү. Анын ичинде Сирия, Түндүк Корея, Ооганстан, Ливия, Иран жана Венесуэладагы абал талкууланды.

Ушаковдун айтымында, Түндүк Корея өзөктүк куралдарын жок кылуудан мурун эл аралык оюнчулардан кепилдик талап кылууда.

"Жолугушууда мурда болгон тоскоолдуктарга карабастан, АКШ Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин түшүндүк",- деди Ушаков.

Кайсы маселе козголгон жок?

Эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп жатканына карабастан, Путин менен Помпео Украинадагы кырдаалга токтолгон жок.

Өткөн жылы 25-ноябрда Керч кысыгындагы украиналык катерлерди орусиялык кемелер аткылап, кармап алышкандан кийин президент Трамп декабрь айына белгиленген Путин менен сүйлөшүүдөн баш тарткан. Жолугушуу Аргентинада өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагында өтмөк.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Окуяда 24 украиналык аскер камалып, кеминде үчөө жаракат алды

Ошондой эле "Baring Vostok" инвестициялык фондунун жетекчиси, АКШ жараны Майкл Калвинин окуясы дагы талкууланган жок. Калви жана анын беш кызматкери көз боёмочулук боюнча айыпталган. Тергөөчүлөр "Восточный" банкынан 39 миллион доллар уурдоо схемасын Калви уюштурган деген дооматты коюуда. Учурда Калви үй камагында отурат. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Андан тышкары адам укуктары, Орусияга каршы санкциялар тууралуу дагы сөз болгон жок. Учурда Вашингтон АКШдагы президенттик шайлоого Кремль кийлигишти деп айтып, Орусияга каршы жаңы санкцияларды даярдап жатат.

"Путин Трампка атайын кайрылуу дагы жолдогон жок",- деп кошумчалады Ушаков.

Буга чейин АКШ президенти Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Орусия менен мамилени оңдойбуз деп айткан эле. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар