Владимир Зеленский Жогорку Раданы таратты

Ukrainian presidential candidate Volodymyr Zelensky reacts after winning the presidential election in April Сүрөттүн автордук укугу AFP

Украинанын кызматка жаңы киришкен президенти Владимир Зеленский баш калаа Киевде ант берип, Жогорку Раданы таратты.

"Мен сегизинчи чакырылыштагы Жогорку Раданы таратып жатам. Украинага даңк",- деди Зеленский кызматка киришкенден кийинки кайрылуусунда.

Саясатта эч тажрыйбасы жок Зеленский Украинадагы президенттик шайлоодо жетимиш пайыздан ашуун добуш берүүчүлөрдүн колдоосун алып, 2004-жылдан бери бийликте отурган Петро Порошенкону алмаштырууда.

Эффективдүү президент болуу үчүн Владимир Зеленский парламенттин колдоосуна дагы муктаж эле. Учурда парламенттеги башкаруучу коалицияда Петро Порошенконун блогу бар. Порошенконун өнөктөштөрү жана анын фракциясы Зеленскийге келишкис оппозиция болушу мүмкүн. Башка саясий күчтөрдүн багыты кандай болоорун айтуу кыйын.

Ошондуктан Зеленский Жогорку Раданы таратып, кезексиз парламенттик шайлоо өткөрөт деген имиштер айтылган.

Жогорку Рада таратылат деп жарыялоодон мурун Зеленский депутаттарды бир катар мыйзамдарды колдоп берүүгө чакырды. Анын ичинде атайын кызматтын башчысын, Башкы прокурорду жана Коргоо министрин кызматтан кетирүүнү өтүнгөн.

Президент Зеленский Жогорку Раданын таратылышы боюнча мыйзамга бүгүн кол койсо, кезексиз шайлоо 2019-жылдын 14-июлда өтөт.

Зеленскийди кандай көйгөйлөр күтүп турат?

Зеленский шайлоодо жеңишке жеткенден бери маалымат жыйынын өткөрүп же журналисттерге интервью берген жок. Ал алгачкы ишти кайсыдан баштаары да белгисиз.

Үгүт иштеринде Зеленский коррупция тууралуу көп сөз кылган эле. Өткөн айда президенттин жардамчылары депутаттардын кол тийбестигин жокко чыгарабыз деп жар салган. Ошондой эле курал-жарактарды сатып алуу ачык өтүшү керек деп белгилешкен.

Бирок Зеленский Украинанын чыгышындагы согушту кантип токтотот деген суроо чыгууда. Саясатчы Орусияга жан тарткан жикчилдер менен "жаңы мамиле" түзүп, жаңжалды токтотуу үчүн "маалымат согушун" жүргүзөм деп айткан.

Өлкөнүн чыгышындагы жаңжалдан 12 миң адам каза тапты. Андан тышкары Украина 2014-жылы Крым аймагынан айрылды.

Ал аңгыча шайлоодо Зеленскийди колдоду, эми аны башкарат деп айтылган олигарх Игорь Коломойский эки жыл чет мамлекетте жүрүп, Украинага кайтып келди.

Коломойскийге каршы бир нече тергөө иштери дале жүрүп жатат. Зеленскийди колдогондон кийин анын эсесине эмне алат деген дагы талкуу жаралды.

Владимир Зеленский тууралуу

Владимир Зеленский 1978-жылы Кривой Рогдо туулган. Балалык учурунда төрт жыл Монголияда жашап калышат.

Анткени атасы техника илимдеринин доктору болгондуктан ошол өлкөдө иштеп калган. Биринчи жолу мектепке Монголияда жүргөндө барган экен.

Криворож экономикалык институтунун юридикалык факультетин бүтүргөн. Бирок кесиби менен иштеген эмес.

Мектепте жүргөндө эле чыгармачыл даремети көзгө урунуп, кийин "Запорожье - Кривой Рог - транзит" аталышындагы КВН командада ойногон. 1997-жылы достору менен өзүнчө "95- квартал" аталышындагы команда түзүп кетет.

Александр Масляков менен чатакташа кетип, 2003-жылы КВН таштап кеткен. "Кечки квартал" аталышындагы жеке шоу программасын ачып алат.

"Квартал-95" 10 көркөм тасмага продюсерлик кылды. (ATch)

Тектеш темалар