Индиядагы шайлоо: Нарендра Моди чоң жеңишке жетти

A shopkeeper poses with masks of Congress party leader Rahul Gandhi and Indian Prime Minister Narendra Modi Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty Images
Image caption "Индия улуттук конгресси" партиясынын лидери Рахул Ганди менен "Бхаратия Жаната" улуттук партиясынын башчысы Нарендра Моди

Индиянын жаңы тарыхындагы эң масштабдуу демократиялык шайлоодо өкмөт башчы Нарендра Модинин париясы жеңишке жетти.

Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Нарендра Модинин "Бхаратия Жаната" улуттук партиясы парламенттеги 543 орундун 300 алат. Өкмөттү куроо укугун алуу үчүн саясий партия же коалиция парламентте кеминде 272 орунду алышы керек болчу.

Алты аптага созулган шайлоого 600 миллион шайлоочу катышты.

Дүйнөдөгү эң ири шайлоого 8 миңден ашуун талапкер жана 670 саясий партия катышты.

Учурдагы премьер-министр Нарендра Моди "Бхаратия Жаната" улуттук партиясы менен 2014-жылдагы ийгилигин кайталады. Өткөн шайлоонун алдында Моди Индия экономикалык жана аскердик кубаттуу супер державага айланат деп убада берген. Бул жолу ал өлкөнүн космостук программалары "болуп көрбөгөндөй ийгилик" жаратканын, жаңы муундагы ракетасы ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жар салган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Учурдагы өкмөт башчы Нарендра Моди "Бхаратия Жаната" улуттук партиясы менен 2014-жылдагы ийгилигин кайталады

Модинин негизги атаандашы - Индира Гандинин небереси, оппозициялык "Индия улуттук конгресси" партиясынын лидери Рахул Ганди болду. Ал Модини өлкөдөгү демократиялык институттарды талкалады деп айыптап келген.

Үгүт иштеринин жүрүшүндө негизги басым экономикалык маселелерге жасалды. Анын ичинде жумушсуздук көйгөйү курч талкууга алынды.

Индияда 900 млн. чамалуу киши добуш берүү укугуна ээ жана шайлоого 7 млрд. доллар чамалуу каражат сарпталды. Салыштыруу үчүн: 2016-жылы америкалыктар президенттик шайлоосуна жана конгресстин шайлоосуна 6,5 млрд доллар короткон.

Шайлоо комиссиясында 300дөй киши иштеди. Бирок шайлоочулардын баарын камтуу үчүн 10 млн. кызматкерди тартууга туура келди. Айрым шарты катаал аймактарга тик учак менен же кайык менен гана жетишти. Комиссия мүчөлөрү кээ бир алыскы аймактагы шайлоочуга жетиш үчүн пилди минип барууга аргасыз болушкан.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Индиядагы шайлоону түшүндүрөбүз

Шайлоо жараяны жети этап менен 11-апрелден 19-майга чейин өттү. (ATch)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар