"ИМ" тобунда согушкан франциялыктар өлүм жазасына тартылды

Ирактын соту өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун катарында согушкан үч франциялыкты өлүм жазасына тартты. Алар экстремисттик топко кошулганы үчүн айыпталууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty
Image caption "Сириянын демократиялык күчтөрү" америкалык аскерлердин колдоосу менен аракеттенүүдө

Сот алдында турган Кевин Гоно, Леонард Лопес жана Салим Мачу 30 күндүн ичинде апелляция жазууга укуктуу деп жазды Франс-пресс агенттиги.

Булардан сырткары дагы тогуз француз жараны Сирия аймагынан кармалып, февраль айында Ирактын сотуна алып келинген.

Франция азырынча Багдаддагы сот чечимине реакция кыла элек. Укук коргоо уюмдары "ИМ" жоочулары деп шектелген кишилердин үстүнөн чыккан сот өкүмүн сынга алууда. Соттор көп учурда үстүртөн, басым алдында алынган көрсөтмөлөрдү далил кылып эле өкүм чыгарууда дейт активисттер.

Соттолгондор тууралуу эмне белгилүү?

Кевин Гоно 32 жашта. Ал Франциянын түштүк-чыгышынан келген. Сирияга Түркия аркылуу келип, "ал-Нусра фронтуна" ("ал-Каиданын" бутагы) кошулган. Андан киийн "ИМ" экстремисттик тобуна ант берген экен.

Кевин Гоно 2017-жылы декабрда апасы, жубайы, аталаш агасы менен бирге Сирия аймагында кармалган. Франциянын соту аны сыртынан тогуз жылга эркинен ажыратканы бар.

41 жаштагы Мачу болсо "ИМ" тобунун европалыктардан турган ячейкасында жүргөн деп айтылды. Экстремисттик топтун бул бутагы Иракта жана Сирияда, Париж менен Брюсселде террордук чабуулдарды пландаган деп маалымдайт франциялык "Терроризмди анализдөө борбору" (фр. Centre d'analyse du Terrorisme, CAT).

32 жаштагы париждик Лопес "ИМ" тобунун көзөмөлүндөгү Ирактын Мосул шаарына жубайы жана эки баласы менен чогуу келген. Андан кийин Сирияга өтүшкөн деп айтылат тергөө маалыматында.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption "Ислам мамлекети" экстреимсттик тобу Ирактын айрым аймактарын басып алып, бир нече убакыт кармап турган

Эмне үчүн аларды Иракта соттошту?

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Ирак менен Сириянын чоң аймагын басып алып, көп убакытка чейин көзөмөлдөп турду. Бир нече жылга созулган согуштук аракеттерден кийин 2017-жылдын соңунда Ирак "ИМ" тобунун үстүнөн жеңишке жеткенин жарыялаган.

Ал эми Сириянын аймагында болсо "ИМ" тобунун акыркы чеби март айында урады.

Болжолу бир нече миң чет өлкөлүк жоочулар жана алардын жубайлары, балдары "Сириянын демократиялык күчтөрү" тарабынан кармалып турат.

Ирак болсо өз аймагында кармалган жоочуларды соттоп жатат. Сирия аймагында кармалган бир нече жүз жоочу дагы Ирак сотуна өткөрүлүп берилген эле. Бирок өлүм жазасына тартылган учур биринчи жолу болду.

"ИМ" тобуна кошулган чет өлкөлүктөрдүн тагдыры

Дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн келип, Ирак менен Сирия аймагындагы "ИМ" экстремисттик тобуна кошулган чет жерликтер саны болжолу 41 миң чамалуу. Алардын ар бир төртүнчүсү аялдар же балдар деген маалымат бар.

Дээрлик алты миң киши Батыш Европадан келишкен. "ИМ" жоочуларынын бир тобу салгылашуу учурунда жок кылынып, көпчүлүгү кармалган. Бирок алардын канчасы чет жерликтер экени азырынча белгисиз. Кеминде жети миң киши өз өлкөсүнө кайтып кеткени тууралуу маалыматтар бар. (AbA)