Арам акчаны адалдагандарга аңчылык

Лондондо чет жактан келген коррупционер жана башка кылмышка тиешеси бар кишилерге каршы өнөктүктүн таскагы катуулады. Мурдакы СССР аймагынан жана Орусиядан келип, шектүү жол менен байлыкка ээ болгондорду текшерүү уланууда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Лондондогу элиталык үйлөр

Британдык тергөөчүлөр экинчи шектүүнүн изине түшкөнү белгилүү болду. Жогорку Соттун санкциясы менен анын 100 млн. долларлык элиталык батири камакка алынган. Эми Лондондун бай райондорундагы батирлердин ээси буларды кайсыл акчага сатып алганын далилдеп бериши керек. Болбосо мүлкүнөн ажырап калышы мүмкүн.

Анын ысымы дагы, улуту да ачык айтылган жок. Белгилүү саясатчы, таанымал фигура экени, учурунда оор кылмышка дагы шектелгени тууралуу айтып жатышат.

Камакка алынган үч кыймылсыз мүлк алды менен офшордук компанияларга жазылып, андан кийин 80 млн фунтка сатып алынган деп кабарлады NCA. Мүлктөрдүн азыркы баасы боюнча маалымат берилген жок. Балким бир топ эле кымбат болушу да мүмкүн.

Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агентиги (NCA) кийинки жети-сегиз иштин фигуранттары Африка, Түштүк Азия жана мурунку СССР өлкөлөрүнөн экенин айтты.

Арам акчаларын адалдаган деп Британияда кармалгандардын биринчиси - Азербайжан Эл аралык банкынын мурдагы жетекчисинин жубайы Замира Хаджиева болгон эле. Өткөн жылдын күз айында анын бир катар мүлктөрү камакка алынды.

Хаджиева кыймылсыз мүлктөрдү жана зер буюмдарды сатып алганга короткон каражатынын булагын көрсөтүшү керек. Азербайжандын мамлекеттик банкынын жубайы сапырып жүргөн миллиондор кайдан келди деп, Британия түшүндүрмө талап кылууда.

Биринчи соттук отурумда Замира Хаджиева соттон ысымын ачыкка чыгарбоону өтүнгөн. Баштапкы соттук териштирүүлөрдө Хаджиевдер документтерде мырза жана айым "А" деп эле көрсөтүлгөн.

Хаджиева каражатты мыйзамдуу жол менен тапканын айтып, иликтөөнү токтотуу өтүнүчү менен сотко да кайрылган эле.

Соңку он жыл ичинде Замира Хаджиева Harrods универмагына 16 млн фунт короткону сотто белгилүү болгон. Бул деген күнүнө 4 миң фунт дегендик.

Ошондой эле сотто далил катары элиталык зер буюмдарды, парфюмерия жана саат чыгарган Boucheron фирмасынын продукциясына 150 миң фунт короткону көрсөтүлдү. Cartier зергер дүкөнүнөн күйөөсүнө белек үчүн 20 миң фунт чыгымдаган.

Хаджиеванын Азербайжан Эл аралык банкы тарабынан берилген 35 банктык картасы болгон.

Ошондой эле анын Gulfstream G550 үлгүсүндөгү 42 миллион долларлык жеке учагы бар экени расмий айтылды. Андан сырткары гольф талаасы дагы бар.

Британияда булагы белгисиз болгон каражатка алынган кыймылсыз мүлктөрдү текшерүүгө жол берген мыйзам өткөн жылы кабыл алынды.

Мындай мыйзам Британияда арам акчаны адалдоого жана коррупциялашкан чет өлкөлүк чиновниктерге каршы күрөшүү максатында кабыл алынган деп түшүндүрүлгөн.

Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агенттигинин (NCA) тергөөчүлөрү чет жактан келген, таза эмес жол менен табылган миллиардаган каражаттарга Британияда кыймылсыз мүлктөр сатып алынган деп эсептейт.

Бирок ушул кезге чейин мындай көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып, жоопко тартуу өтө татаалдыктарды жаратып келген. Анткени кандайдыр бир илинчек табуу жагы кыйынга турат. Жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин, эми шектүүлөр короткон акчаларынын булагын көрсөтүүгө тийиш.

Эгерде ал өзүнүн капиталын мыйзамдык жактан далилдей албаса, Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агенттиги үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча сотко кайрыла алат. Эгерде мүлктөрдү сатып алууга корогон каражаттардын булагы далилденбесе, анда мүлктү сатып, түшкөн акчаны мамлекет эсебине өткөрүшөт.

Бирок "шектүү байлыктын" ээсине кылмыш иши козголбойт. Бул кылмыш эмес жарандык иш катары каралат. Мүлктөрү камакка алынгандан кийин, соттун талаптарын аткарбай адаштырганга аракет кылса, кылмыш иши козголуп, эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Арам акчаны Британиядан мүлк сатып алуу аркылуу адалдоого каршы өнөктүк ошентип ордунан козголду. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар