Петербургдагы мигранттарга каршы масштабдуу рейд

Петербургда полиция мигранттар жашаган жерлерде масштабдуу рейд өткөрүүдө. Полиция өткөн аптадагы шаардын түштүк-чыгыш тарабында кафеде катталган мушташтын катышуучуларын издеп жатканын билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу Tass/interpress

"Рейд конкреттүү кылмышка катыштыгы болгон кишилерди кармоо максатында өткөрүлүүдө",-деди ИИМдин басма сөз кызматы.

"20-майдын түнүндө кафедеги мушташтан төрт адам бычактан жаракат алган. Шектүүлөр аныкталды. Алар жакынкы чет өлкөнүн жарандары. Оперативдүү маалыматтар боюнча алар Петербург шаарында эле жашынып жүрөт", -деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Жергиликтүү "Фонтанка" басылмасы полициянын рейдин "соңку он жылдагы эң масштабдуу рейд болуп жатат" деп белгиледи.

Мушташ өзбекстандык мигранттар менен Түндүк Кавказдан келгендер ортосунда чыккан болушу мүмкүн деп айтылууда. "Фонтанка" басылмасы мушташта бычакталгандар өзбекстандык мигранттар деп ырастайт.

Санкт-Петербургдагы Кыргызстандын консулу Талаай Абдиев мындай рейд тууралуу азырынча маалыматтары жок экенин билдирди. Эгерде кыргызстандык мигранттарга тоскоолдук жаратса, анда кабардар болот элек деди Абдиев. (AbA)

Тектеш темалар