1989-жылы Тяньаньмэн аянтында эмне болду эле?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

1989-жылы Тяньаньмэн аянтында эмне болду эле?

АКШнын мамлекеттин катчысы Май Помпео Тяньаньмэн аянтындагы кыргындын 30 жылдыгы белгиленип жатканда Кытайдын саясий системасын сынга алды. Кытай болсо Помпеонун сөзүн бир тараптуу деп мүнөздөдү.

Кытай 4-июнда Бээжиндин борборундагы Тяньаньмэн аянтында коопсуздук чараларын күчөттү.

1989-жылы июнь айында Кытайда эмне болду эле?

1980-жылдары коммунисттик мамлекетте нааразылык күчөгөн. Реформа жана саясий түзүлүштүн өзгөрүлүшүн талап кылып көп адам көчөгө чыккан.

Кытайда ал мезгилде экономикалык жана маданий жандануу болгон. Бээжиндин борборундагы Тяньаньмэн аянтында студенттер чогулуп, өкмөттөн демократиялык реформаларды талап калышкан.

Демонстрацияларды токтотуу аракетинен майнап чыкпаганда, 3-июнда күүгүм киргенде Бээжиндин борборуна танктар кирип келген.

Андан кийин эмне болду?

Азыркы күнгө чейин канча киши курман болгону белгисиз. Кээ бир эксперттер жүздөгөн адам десе, башкалары он миңдей деп айтат.

Студенттердин кыймылы күч менен басылып, лидерлери камалган. Демократия менен саясий реформа тууралуу сөз кылууга тыюу салынган.

Ошондой эле 1989-жылы июнь айында болгон окуялар өлкөдө ачык талкууланган эмес.

Айрымдар Тяньаньмэн аянтындагы кыргын Кытайдын жаңыланышын токтотуп,

коммунисттик партиянын беделин түшүрдү деген пикирде. Башкалары болсо бийлик демонстрацияны күч менен басып салбаса, саясий туруктуулук, экономикалык өсүш болмок эмес дешет.