Нормандия операциясына 75 жыл: согуштун нугун өзгөрткөн D-Day

6-июнда Экинчи дүйнөлүк согуштун нугун өзгөрткөн, англосаксондук өлкөлөрдө D-Day аталып калган Нормандиядагы десанттык операцияга 75 жыл толду.

Сүрөттүн автордук укугу IWM

1944-жылы 6-июнда британдык, америкалык жана канадалык аскер күчтөрү Нормандиянын жээктерине ташталган. Десанттык күчтөрдүн бул аймакка түшүрүлүшү "Оверлорд" операциясынын бир бөлүгү эле. Ошол күнү өкүм сүрүп турган катаал аба ырайына жана немис бөлүктөрүнүн айыгышкан каршылыгына карабай союздаштар Нормандияга 156 миң жоокер жана офицерлерди түшүрө алды.

D-Day фактыларда

  • Франциянын жээктерине 156 миң аскер (73 миң америкалык, 62 миң британдык, 21 миң канадалык) жеткирилип, алардын 24,5 миңи аскер учактары менен ташталган.
  • Аскерлер беш секторго бөлүнгөн 80 чакырым тилкеге жайгаштырылган. Эң катуу кармаш "Омаха" тилкесинде болуп, бул тууралуу кийин "Катардагы жоокер Райанды сактап калуу" деген голливуддук тасма тартылган.
  • Аскердик операцияга 6939 кеме, 11 590 аскер жана десант таштаган учактар, 195 700 деңиз аскери тартылган.
  • Жоготуулар жана дайынсыз кеткендер саны 4413, жаракат алгандар жана туткунга түшүп калгандар 5836. Ошондой эле 127 аскер учагы кыйраган.

Операция алдындагы кыйроо

Сүрөттүн автордук укугу Ted Archer

Коомчулук бул операциянын алдындагы репетиция учурунда масштабдуу кыйроо болгонун жакшы биле бербейт. "Жолборс" деп аталган машыгуу учурунда 749 америкалык аскер каза тапкан.

1944-жылы 28-апрелдин таңында сегиз аскер кемеси Девон жээктериндеги Лайм-Бэй кысыгынан Англиянын түштүк-чыгышындагы Слэптон-Сэндс аймагын көздөй жөнөдү. Кемелер машыгуу үчүн аскерлерди жана техникаларды жеткирип бараткан.

Слэптон-Сэндсти жөн жерден машыгуу үчүн тандап алышкан эмес болчу. Анткени, аймактын табигый шарттары Нормандиядагы союздаштар аскерлерин жайгаштыра турган тилкеге окшош эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Слэптон-Сэндсти жөн жерден машыгуу үчүн тандап алышкан эмес болчу. Анткени аймактын табигый шарттары Нормандиядагы союздаштар аскерлерин жайгаштыра турган тилкеге окшош эле
Сүрөттүн автордук укугу Exercise Tiger Trust/Beverly Hughes
Image caption Машыгуу операциясы учурунда каза тапкандардын көрүстөнү

Аскер командачылыгы чыныгы согуштук кырдаалда машыгуу өткөрүү үчүн азыраак сандагы артиллериялык снаряддарды колдонууну чечкен. Албетте, операция өтө жашыруун эле. Бирок немистер интенсивдүү радио байланыштардан улам машыгуу өтүп жаткан аймакка өзүнүн торпедалык катерлерин жиберген.

Ошентип оор жүк тартып келе жаткан союздаштардын аскер кемелери оңой бутага айланды. Сегиз кеменин үчөө дароо эле немис катерлеринин огуна кабылып, сууга чөгөт.

План боюнча машыгуу өтө турган аймакта британдык эсминец болушу керек эле. Бирок аны пландуу оңдоп түзөө үчүн жөнөтүп жиберишет. Командачылык деңиздеги үстөмдүк кылган күч-кубатына ишенген.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Трагедияга чейинки америкалык десанттардын машыгуусу. Архивдик тасма үн менен коштолбойт.

Немистер ок жаадырып баштаганда америкалык моряктар "бул машыгуунун бир элементи го" деп ойлошкон.

Апрелде деңиз өтө эле суук болчу. Машыгууга бара жаткан жөө аскерлер жана танк башкарган аскерлердин көбү куткаруу кемселдерин пайдаланууну дагы билчү эмес.

Ошентип машыгуу операциясынын жыйынтыгы чоң жоготуулар менен бүттү. Бир күндө 749 америкалык жоокер курман болду.

Нормандияга аскер түшүрөрдүн алдында бул трагедияны аскер жетекчилери ачыкка чыгарышкан эмес. Кимдир бирөө муну оозунан чыгарчу болсо, аскер трибуналы менен коркутушкан.

Командачылыкты душмандын колуна операция тууралуу билген офицерлерден бирөө жарым колго түшүп калбадыбы деген чочулоо катуу бушайман кылган. Операцияны жылдыруу тууралуу дагы маселени коюшкан. Бирок кийин операция тууралуу билген кишилердин баары жээкте экени белгилүү болгондон кийин, Нормандияга аскер түшүрүшкөн.

Согуштан кийин бул окуянын баарын ачыкка чыгып, аскерлер үчүн чыгарылган Stars and Stripes журналына жарыялашкан.

Лейтенант Дуглас Харлендер, № 531 аскер кемесинин командири:

Чабуул учурунда менин кемем конвойдун орто жеринде бараткан. Торпедалар жарыла баштаганда кишилер жана аскер танктары турган негизги палубаны өрт жалмады. Кемени сактап калууга мүмкүн эмес экенин дароо түшүндүм. Ошондуктан аскерлерди аман алып калуу айласын көрө баштадык. Аскерлерге куткаруу кемселдерин тараттык. Мен 15 кишиге куткаруу кемселин берип, сууга секирүүгө буйрук кылдым. Кеме оодарылып, чөгүп баратканда гана өзүм сууга секирдим. Ал жерден алыс кетип калуу үчүн болгон күчүм менен жээкти көздөй жөнөдүм. Кийин аскер жетекчилиги жана АКШ өкмөтү бул окуяны ачыкка чыгарбоо тууралуу чечим кабыл алганын билдик. Нормандияга жөнөп кетердин алдында аскерлерге моралдык сокку болбосун деп эсептешкен. Анткени 6-июнь күнү кайра эле ушул суу аркылуу өтмөкпүз. Болжолу борттогулардын үчтөн экиси Ла-Маншта суу түбүндө түбөлүккө кала берди.


Машыгуу учурунда каза тапкандар тууралуу жакындарына 1944-жылы 28-апрелде кабарлашып, согуш талаасында курман болду деп билдиришкен.

1980-жылдардын соңунда "Жолборс" операциясы тууралуу документалдык тасма тартышкан. Бул тууралуу эскерүүлөрдү Кен Смолл ысымдуу британдык аскер кызматкери жана тарыхчы биринчилерден жазып чыкты. Ошол машыгуу алдында аскер жетекчилери үч миң чамалуу жоокерди машыгуу өтө турган аймакка жөнөткөн. Алардын арасында Кен Смолл дагы бар эле.

Согуштан кийин Кен ошол жерге кайтып келип, жээктен окторду, аскер кийимдерин, техникалардын тетиктерин тапкан.

40 жылдан кийин жергиликтүү балыкчы ага жээкте туруп, суудан карарган бир нерсе көргөнүн айтат. Смолл өзүнүн аквалангист достору менен келип, деңиздеги 18 метр тереңдиктен америкалык "Шерман" танкасын табат. Анын аракети менен 1984-жылы D-Day юбилейине карата танканы жээкке алып чыгып орнотуп коюшкан.

Кызыктуу фактылар

Сүрөттүн автордук укугу IWM
Image caption "Юта" секторундагы АКШнын 7-корпусу

Союздаштар аскерлерин Нормандияга эмес, Кале-Булонь аймагына таштоо тууралуу адаштырган тактика жасап, немистерди ошого ынандырган.

Дезинформация үчүн радио, пресса, ошол аймакка атайын көңүл бурдурган аракеттерди кылып турушкан.

1944-жылы 12 өлкөдөн келген эки миллион чамалуу аскер Улуу Британияга чогулуп, операцияга даяр турган. "Д-күнү" союздаштардын негизги күчтөрүн АКШ, Улуу Британия жана Канада түзгөн.

Нормандияга союздаштар аскерин түшүрүп баштаган маалда нацисттик Германиянын лидери Адольф Гитлер уктап жаткан экен. Анын генералдарынын бири дагы тартипти бузуп, аны ойготууга батынган эмес. Ошентип Нормандия үчүн кармаштын маанилүү учуру өтүп кеткен.

Гитлер ойгонгон маалда ага кабар кылышканда, Германия союздаштардын ташын талкан кылып, оңой эле жеңет деген пикирде болгон. (AbA)