Баңгизаттын эң ири көмүскө базары - Европа

20 жылдан бери Евробиримдиктин аймагында баңгизаттар боюнча изилдөө жүргүзүп келе жаткан "Баңгизаттарды жана ага көз карандылыкты изилдөө боюнча европалык борбору" деп аталган уюм жылдык докладын жарыялады.

Сүрөттүн автордук укугу NurPhoto

Анда баңгизаттар Европага кандай жол менен келери жана аны пайдалангандар тууралуу айтылат.

Документтин авторлору Европага баңгизаттар сырттан азыраак кирип, көбү ЕБ мамлекеттеринин өзүндө өндүрүлүп жатканын белгилешкен.

Бул героинге тиешелүү эмес. Анткени героин ЕБ аймагына Ооганстандан жана бир катар азиялык өлкөлөрдөн ташылат. Ал эми кокаин Түштүк Америкадан өтөт. Изилдөөчүлөр баңгизаттарды Европага өткөргөн ири өтмөктөрдүн бири - Роттердам (Нидерланддар) порту деп белгилейт.

Ал эми баңгизаттын калган түрлөрү Европанын өзүндө жасалат. Маселен, синтетикалык баңгизаттар жасалган лабораториялардын көпчүлүгү Нидерланддар менен Бельгиядан табылган. Докладда полиция тарабынан жабылган лабораториялар жөнүндө кеп болот. Жалпысы болуп 6,6 миллион таблетка алынган.

Метамфетамин жасаган үч жүздөй лабораториянын эки жүз алтымыш төртү Чехиядан табылган. Бул жерден табылган баңгизат каражаттарынын жалпы көлөмү 6,5 тоннага жакын.

Андан сырткары авторлор марихуана Европага Мароккодон ташылып жатканына көңүл бурушат. Бул өлкөдө аны атайын өстүрүп, анан сатышат дейт изилдөөчүлөр.

2018-жылы борбордун изилдөөчүлөрү Евробиримдикте колдонулган 730 психоактивдүү каражаттарга байкоо салышкан. Бул баңгизаттын опиаттан тартып, стимулятор жана каннабиоиддерге чейинки түрлөрү. Эксперттердин айтымында, алардын 55 түрү көмүскө базарда акыркы жылдары гана пайда болду.

2017-жылы Европа Биримдигинин аймагында баңгизатка каршы мыйзамды бузган 1,5 миллион чамалуу учур катталган. 2007-жылга салыштырганда 20 пайызга көп.

Сүрөттүн автордук укугу ED OUDENAARDEN
Image caption Полиция баңгизат каражаттарын өндүргөн лабораторияны тинтүүгө алууда

Героинди колдонуу темпи жайлап, стабилдешип калды. Баңгизаттын бул түрү Чыгыш Европада популярдуу.

Европа баңгизатка суроо талап жогору болгон дүйнөдөгү эң ири базар бойдон кала берүүдө. Изилдөө көрсөткөндөй, ЕБ мамлекеттеринде 91 миллион киши, биримдиктеги калктын болжолу 27 пайызы өмүрүндө бир жолу марихуана чеккен. 18 миллион киши, ЕБ калкынын 5 пайыздайы кокаин колдонгон.

Эксперттер кокаинди табуу жана сатып алуунун оңой жолдору көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирген. Азыр коомдук сайттар аркылуу жана башка технолгиянын кызматтарын колдонуп, оңой эле каалаган жерине жеткирсе болот. Муну кокаинди "уберизация" кылуу жараяны деп атап жатышат. Бул Европа өлкөлөрүндөгү полицияга жаңы чакырык болду.

Баңгизаттарга көз карандылыктан дарылоо үчүн атайын программаларды иштеп чыгып жатышат. Маселен, азыр "исландиялык программа" иштөөдө. Деген менен өткөн жылы баңгизатты ашыкча колдонуудан 9,5 миң чамалуу киши көз жумган. (AbA)