Атамбаевдин тарапташтарынын коррупцияга каршы митинги

митинг

Бишкекте Кыргызстан социал-демократиялык партиясы коррупцияга каршы митинг өткөрүп жатат. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү катышууда.

"Медиа форум" имаратынын алдына митингге чогулгандар "коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүүдө" деп азыркы бийликти айыптап, кээ бир саясатчылар куугунтукка алынып жатканын айтууда.

Митинг "Унчукпай турба! Үн кат!" деген чакырык алдында башталган.

Өз сөзүндө экс-президент А.Атамбаев президент Жээнбековду кландын башкаруу бара жатат деп сынга алып, "Раим миллион" темасын кайра козгоду. "Жээнбековду мен абдан таза, чынчыл деп ойлоп, премьерликке, президенттикке көрсөткөм, "Жээнбеков шайлоого 24 млн. кошкондо таң калдым", "Раим-миллионду өмүрүмдө бир эле жолу көргөмүн" деп билдирди.

Премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун камалышына ушул жагдай себеп болду деди. Башынан эле Алмазбек Атамбаев менен анын жактоочулары "Раим-миллиондор" жаңы бийликти колго алып, "өч ала баштады" деген билдирүүлөрдү таратып келүүдө.

А.Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү:

"УКМК Жээнбеков - Матраимовдордун кланынын кызыкчылыгын коргоп жатат. УКМК улуттук коопсуздукка коркунуч туудуруп жатат",-деп айтты Атамбаев.

Азыркы жана мурунку президенттин ортосундагы мамиле начарлап кеткенден кийин, Атамбаев президент Жээнбековдун бийлигин сындап, анын коррупцияга каршы күрөшүн жасалма деп сынга алып келүүдө. Социал-демократиялык партиясы дагы эки башка жолго түштү.

Митингдин жүрүшүн бул жерден көрүңүз:

Атамбаевдин убагында чоң кызматта жүргөн эң жакын адамдары коррупциялык иштер менен айыпталып, камакта отурат. Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди жаңылоо ишиндеги коррупция боюнча айыпталууда. Бишкектин мурдакы башчылары К.Кулматов менен А.Ибраимовго да ошондой күнөө коюлуп жатат. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке жан сакчысы Дамир Мусакеевке кызматынан кыянат пайдаланган деп айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылды. Атамбаевдин учурунда айдоочу, кийин кеңешчи, президенттик аппарттын жетекчи орун басары кызматтарын аркалаган Икрамжан Илмияновго "алдамчылык" беренеси менен кылмыш ишин козголуп камалган.

15-майда экс-президент тууралуу жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, мурдагы мамлекет жетекчилерине саясий иштер менен алектенүүгө жана саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган. Ошондон кийин Атамбаев партия төрагасы кызматынан кеткен эле. (AbA)

Тектеш темалар