Гонконгдогу каршылык жүрүшү, Кытай "сырткы күчтөрдү" айыптады

Жекшембиде Гонконгдо жарандарды Кытайга экстрадициялоо боюнча мыйзамга каршы нааразылык жүрүшү өттү. Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары муну "чет өлкөдөгү күчтөр уюштурду", алар "Кытайга зыян келтирүүгө" аракет кылып жатышат деп жазды.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Жекшембиде Гонконгдо миңдеген кишилер каршылык жүрүшүнө чыкты

1997-жылдан берки Гонконг мындай масштабдуу жана массалык акцияны көрө элек эле. Британия Гонконгду өзгөчө укуктар менен Кытайдын башкаруусуна өткөрүп бергенде ушундай чоң жүрүштөр орун алган.

Өзгөчө макамдагы Гонконгдун өзүнүн мыйзамдары бар. Экстрадиция боюнча 20 өлкө менен келишим түзгөн. Анын ичинде АКШ жана Британия сыяктуу өлкөлөр менен. Бирок Кытайдын өзү менен эч кандай келишим жок. Сүйлөшүүлөр соңку жыйырма жылдан бери жүрүп жаткан эле.

Байкоочулар бул жолу Гонконгдун көчөлөрүнө чыккандар санын миллондон ашуун деп баалады. Ал эми полиция 240 миң киши деп маалымат берген.

Каршылык жүрүшүнө экстрадиция боюнча мыйзамдын өзгөртүлүшү себеп болгон. Бээжин автономдук аймактан кайсыл бир өлкө бийлиги тарабынан айыпталган жарандарды Кытайга, Макаого жана Тайванга экстрадициялоого уруксат берген мыйзамды демилгеледи. Гонконгдун парламенти бул мыйзам долбоорун 12-июнда карайт.

Нааразылык билдиргендер муну менен Бээжин Гонконгдун автономиялык үлүшүнүн чоң бөлүгүн жок кылып жатат деп сынга алууда. Азыркы учурда кайсыл бир айыптоолор менен Гонконгдо жүргөндөрдү материктеги Кытайга экстрадиялоого уруксат жок.

Мамлекеттик ММК эмне дейт?

Жүз миңдеген кишилер ак түстө кийинип, шаар көчөлөрүн аралады. Жөө жүрүштүн соңунда полиция менен кагылышуу орун алды. Кагылышуу массалык мүнөздө болуп, митингчилер парламент имаратына кирүүгө аракет кылышкан.

"Гонконгдун айрым тургундары оппозициянын жана алардын чет элдик союдаштарынын трюктарына алдырып койду. Ошондуктан алар экстрадицияга каршы өнөктүктү колдоого алып жатышат,-деп жазды China Daily басылмасы. -Аң-сезимдүү ой жүгүрткөн ким эле болбосун көптөн бери "бышып калган" мыйзамды колдойт. Буга чейинки мыйзамдагы "алешемдиктерди жоюп", Гонконгду кылмышкерлерден оолак, коопсуз аймакка айлантууга кызыкдар".

Кытайдын өзүндө Гонконгдогу жүрүш боюнча жаңылыктар цензурага кабылган. (AbA)

Тектеш темалар