Индияда сегиз жашар кызды зордуктап өлтүргөн зөөкүрлөр жазасын алды

Сегиз жаштагы кыздын зордукталып өлтүрүлүшү бүт Индиянын кыжырын кайнаткан кылмыш болуп калды. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сегиз жаштагы кыздын зордукталып өлтүрүлүшү бүт Индиянын кыжырын кайнаткан кылмыш болуп калды.

Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн жагында сегиз жаштагы кызды жабыла зордуктап туруп өлтүргөн сегиз зөөкүрдүн алтоосун сот күнөөлүү деп тапты жана чоң мөөнөткө түрмөгө кести.

Мусулмандардын Гуджар уруусундагы кыздын сөөгү 2018-жылы январда Катуа шаарынын жанындагы токойдон табылган.

Кылмышка шектүү деп кармалган сегиз адамды индуисттик уюмдар менен адвокаттар күнөөсүз деп коргоп келишти.

Айыпталгандардын үчөө өмүр бою түрмөгө кесилди. Үч полиция кызматкери далилдерди жок кылганы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бири беш жылдан эркинен ажыратылды.

Алардын баары сотто күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Айыпталгандардын бирөөсүнүн гана баласы күнөөсү жок деп кутулду.

Тестиер кыз 2018-жылы Жаңы жылдын алдында жоголуп кетип, анын мыкаачылык менен кордолгон сөөгү үч аптадан кийин токойдон табылган.

Тергөөчүлөр кызды индуисттер храмга алып барып кармашып, ага уйкунун дарысын сайып, эс-учун жоготушкан деп жатат.

Соттун корутундусунда кызды бир нече күн катары менен зордукташып, акыры өлтүрүп тынышканы айтылат.

Кол салгандардын максаты көчмөн гуджарларды коркутуп, башка жерге журт которууга аргасыз кылуу болгон экен.

Расмий статистикага караганда, Индияда ар бир 15 мүнөттө бир бала жыныстык зордук-зомбулукка кабылат. Эксперттер курмандыктар саны чынында мындан да аябай көп дешет.

Зөөкүрлөр ким?

Соттолгон алты адамдын ичинде мурдакы мамлекеттик кызматкер жана төрт полициячы бар.

Сот ошондой эле жашы жете элек бир өспүрүмдү да кылмышка катышкан деп чечти, анын соту өзүнчө болгон жатат.

Тергөөнүн материалдарына караганда, бул кылмышты 60 жаштагы мурдакы мамкызматчы Санджи Рам төрт полиция кызматкеринин жардамы менен уюштурган.

Сот аларды күнөөлүү деп тапкандан кийин өлтүрүлгөн кызды үй-бүлөсүнүн адвокаты Би-Би-Сиге соттун чечими Конституциянын духуна туура келет деп белгилеп, кыздын үй-бүлөсүн бүт өлкө диний ишенимдерине карабай текши колдоп жатканын айтты.

Соттолгондордун адвокаты өз кезегинде сот тикелей далилдерге эмес, кыйыр далилдерге таянып ишти караганын белгилеп, айыпкерлерге жумшак жаза берүүгө чакырды.

«Биз акыйкат чечим үчүн күрөшөбүз»

Дивья Арья, Би-Би-Си

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"My daughter deserved justice at all costs," the girl's mother told the BBC

Мен өлгөн кыздын энесин тапканымда ал бир дөбөдө өзүнүн улуу кызы жана башка туугандары менен отурган эле.

Тегеректе койлор менен козулар жайылып жүрдү. Соттун чечимин кыздын энеси биле элек болчу.

Мен кыздын энесине айыпкерлердин алтоосу күнөөлүү деп табылганын айтканымда, ал көзүнө жаш алып, жакшы кабар алып келгеним үчүн мени алкады.

Анын өзүндө же туугандарында сотко барганга акчалары жок болчу, сот отуруму Пенджаб штатына которулган эле. Бул үй-бүлө кой-козуларын сатып тирлик кылат.

"Мен акыйкаттык болоруна ишенгем, кудай мага күрөшкөнгө күч берди", - деди кыздын энеси.

Ал ошондой эле кылмышты уюштурган эки адам өлүм жазасына өкүм болбосо, анда апелляциялык арыз берерин айтты. «Биздин кызыбыздын ишинде акыйкаттык болмоюнча биз ичпей-жебей күрөшөбүз»,-деди ал.

Анын улуу кызы азыр он беште, ал өзү жана башка кыздар индуисттерден коркуп жашап жатышканын, чоң адамдар коштомоюнча сыртка өздөрүнчө чыга албай турганын айтып берди.

Эл кыжырын кайнаткан кылмыш

Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө зордукталып өлтүрүлгөн кыз жөнүндө кабар дароо эле тарады, бирок Индиянын калган штаттарында бул окуяны апрелде араң билишти. Ошол учурда индуист топтор кылмышка шектүү болуп кармалгандарды колдогон демонстрацияларды өткөрө баштаган болчу.

Бирок сегиз жаштагы кыздын кыйноого алынып зордукталган окуясынын чоо-жайы белгилүү болгондон кийин бүт Индия боюнча нааразылык акциялары дүрт этти.

Кылмышка шектүүлөрдү коргоп, башкаруучу партиянын эки министри митингге чыкканда калың элдин кыжыры ого бетер кайнады.

Ушул кылмыштын натыйжасында Индияда 12 жашка чыга элек балдарды зордуктагандарга өлүм жазасын караган мыйзам кабыл алынды.

"Кызымдын жүзү менин көз алдыман кетпей койду, менин сыздаган сай-сөөгүм бүтпөйт. Анын курагындагы башка балдарды көргөндө менин жүрөгүм көтөрө албачудай болом»,-дейт өмүрү жалп өчкөн кыздын энеси.

Индия коомунун колдоосуна карабастан, өлгөн кыздын үй-бүлөсү негизинен индуисттер жашаган Катуа районунда тынч жашоо болбой жатканын айтууда. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар