Дунайдагы кырсык: Көз ачып жумганча чөгүп кеткен катерди суудан алып чыгышты

Чөгүп кеткен кемени суудан алып чыгышты Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Венгрияда куткаруучулар Дунай дарыясына чөгүп кеткен катерди суудан алып чыгышты. Андан төрт адамдын сөөгү табылды. Сейил катери өткөн айдын аягында баш калаа Будапештте чоң лайнер сүзүп алганда чөгүп кеткен эле. Бул Дунайдагы соңку 65 жылдагы 28 адамдын өмүрүн алган ири кырсык болду.

Катерден табылган дагы төрт адамдын бирөө жоголуп табылбай аткан венгер капитаны болушу мүмкүн.

Тергөө материалдарына караганда, май айынын аягында Дунай дарыясында швейцариялык ири лайнер Viking Sigy венгриялык Hableany ("Русалка") аталган сейил кемесин катуу барып, кыйрата сүзүп салган.

Катердин бортунда отуз беш адам болгон, түштүк кореялык туристтер жана экипаждын эки адамы, капитан менен анын жардамчысы. Андагы адамдардан жетөө гана тирүү калган. Төрт адамдын сөөгү дале табыла элек.

Күбөлөрдүн айтымында, катер саналуу эле секунддарда чөгүп кетти. Чөгүп курман болгон бир нече адамдын сөөгүн кийин кырсык болгон жерден 100 км аралыкта табышкан, көрсөт суу агымы алып кеткен экен. "Русалканын" капитаны азыркыга чейин табыла элек. Азырынча, түштүк кореялык он тогуз туристтин жана венгриялык экипаж мүчөсүнүн гана өлгөнү такталды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

"Русалканын" калдыктарын кургакка алып чыккандан кийин аны полиция изилдеп карап чыкмакчы. Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин бул кырсыкты венгр бийликтери менен бирге кылдат иликтеп чыгышаарын билдирди.

Тектеш темалар