Казакстан: Шайлоодон кийинки митингдерде 300 полиция жаракат алган

Казакстандын Ички иштер министрлиги өлкөнүн бир катар региондорунда 9-12-июнда болгон санкцияланбаган митингдер учурунда 300 кызматкери жаракат алганын билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Алардын бешөө медициналык жардамга муктаж болгон",-деп айтылат мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Нааразылык акциясына чыккандарга каршы полиция атайын каражаттарды колдонбогонун белгиледи. Митинг учурунда кармалгандар административдик жазага тартылган.

Казакстанда 9-июнда өткөн шайлоодон кийин Алматы жана Нур-Султан шаарларында каршылык акциялары өттү. Ондогон кишилер шайлоодогу мыйзам бузууларга нааразы болуп чыккан.

Коопсуздук күчтөрү акцияларды күч менен таратып, жүздөгөн кишилер кармалганы айтылган эле.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Шайлоо күнү санкциясы жок митингге чыкканы үчүн полиция беш жүздөй адамды кармады

Шайлоодон Касым-Жомарт Токаев 70,76% добуш менен утуп чыкты. Бирок активисттер шайлоо болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирүүдө. Коомдук сайттарда бюллетендерди массалык таштоо, кайталап добуш берүү сыяктуу ондогон мыйзам бузуу тууралуу тасмалар жарыяланган.

Буга нааразы болгондор шайлоону мыйзамсыз деп табуу талабын билдирген эле.

Шайлоого көз салган айрым эл аралык уюмдар Казакстандагы президенттик шайлоодо фундаменталдык укуктар бузулду, деп билдирүү жасаган.

"Өлкөнүн ири шаарларында өткөн тынч маанайдагы каршылык акциялары коопсуздук күчтөрү тарабынан күч менен басылып, бир нече киши кармалганын белгилеп коюш керек. Мындай окуялар бийликтин кадырын түшүрөт жана өлкөнүн репутациясына терс таасирин тийгизиши мүмкүн",-деген Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын жетекчиси Георгий Церетели.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Токаевдин каршылык акцияларына пикири

"Ооба, чынында эле Алма-Ата жана борбор шаарда өз көз карашын билдирүү үчүн бир катар жарандарыбыз көчөгө чыкты. (...) Өз оюн эркин билдирүү тууралуу айтсак, Казакстанда буга толук эркиндик бар. Тилекке каршы, бул жарандар сырттан келген маалыматтарга алдырып, башка жарандардын коопсуздугун коркунучка кептеди",-деп билдирди Токаев дүйшөмбүдө өткөн басма сөз жыйынында. (AbA)