Москва: Курулай дооматты токтотуу жүрүшү

Орусиянын суверендүүлүк күнү "Медузанын" журналисти Иван Голуновго тилектештик билдирген жүрүшкө айланып кетти. Москванын борбордук бөлүгүндөгү жүрүшкө шаар бийлиги уруксат берген эмес. Бирок ондогон кишилер өз алдынча уюшулуп чыккан.

марш Сүрөттүн автордук укугу AFP

Журналист Иван Голуновго тилектештик билдирип чыккандар, курулай доомат менен кугуунтуктоого каршылыгын билдирди. ИИМ жүрүшкө чыккандар санын 1200 киши деп баалады. Айрым байкоочулар эки миңдей киши чыкканын айтууда.

Марш Сүрөттүн автордук укугу EPA
Марш Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Жүрүш Орусиянын Ички иштер министрлиги жайгашкан имаратка чейин уланды. Акциянын соңу камакка алуулар менен коштолду. Жүрүшкө чыккан 423 киши кармалган. Расмийлер 200 чамалуу киши кармалганын айтууда. Кармалгандардын көбүнө «митинг өткөрүү эрежелерин сактабаган» деген айып коюшкан.

Марш Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Мунун алдында эле Иван Голуновго карата козголгон кылмыш иши далил жоктугунан улам токтотулганы белгилүү болгон эле.

Журналисттик тилектештик

Мындан эки күн мурун орусиялык үч басылма - РБК, "Коммерсант" жана "Ведомости" жаңы санында "Медузанын" журналисти Иван Голуновго тилектештик билдирип, «Мен/Биз Иван Голунов» деген теманы башкы бетине чыгарышты.

Газеты с Голуновым Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Миңдеген кишилер бул тилектештикти колдоп, гезиттин жаңы сандарын калтырбай сатып алышты. РБК басылмасынын орточо күнүмдүк нускасы болжолу 80 миң экземпляр, "Коммерсант" - 110 миң, "Ведомости" - 57 миң нускада басылат.

Иликтөөчү журналист Иван Голуновго ири өлчөмдө баңгизат сатуу боюнча айып коюлган. Журналист айыптоону четке кагып, муну атайын уюшулган иш деп атаган эле.

Дүйнөдө журналисттер тилектештик билдирип чыккан дагы кандай мисалдар бар?

Французские журналы Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

2011-жылы март айында Франциянын бир катар ири басылмалары башкы бетине Жапониядагы цунами учурунда бүлүнгөн аймактан окшош сүрөттү жарыялашат. Ал сүрөттө кырсыктан үрөй учкан жапон кызы тартылган эле. Басылмаларды эл калтырбай сатып алып кетишкен.

Андагы табият кырсыгы "Фукусима-1" АЭСиндеги аварияга алып келген.

Спорт жаатында

Испанский спорт Сүрөттүн автордук укугу AFP

Кээ учурда мындай биригүүлөргө жагымдуу окуялар дагы себеп болот. Маселен, 2003-жылы испаниялык спорт басылмаларынын баары башкы бетине "Бекхэм ОК" деген аталыш менен футболчунун сүрөтүн жарыялашкан.

Мунун менен күйөрмандарга "Манчестер Юнайтед" клубунан "Барселонага" өткөн Дэвид Бекхэм тууралуу сүйүнчү айтылды деп түшүнсөк болот. Бирок кийин бул трансфер оңунан чыкпай калып, баарынын көңүлү түштү. "Барселонанын" ордуна футболчу дагы бир испандык клуб "Реал Мадрид" менен 37 млн евро (41,85 млн доллар) келишим түзгөн.

"Жүзүң жакпады..."

Абдраимов Сүрөттүн автордук укугу social media

Кыргызстанда жакында эле өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Сокулук районунун Орок айылында чыккан чырды чагылдыруу учурунда журналист кыздардын бирине одоно мамиле жасагандан кийин сынга кабылып, кызматтан кетти.

Эртеси күнү бир катар ММК өкүлдөрү анын иш бөлмөсүнө барып, кызматтан кетүүсүн талап кылган эле.

Коомдук сайттарда "Мен журналистмин, мага өзүмдүн жүзүм жагат. Бирок мага биздин бийликтин жүзү жакпайт" деген хэштег менен акция өткөрүштү.(AbA)

*