Түндүк Кореяда эл алдында өлүм жазасы аткарылган жайлар

Түштүк Кореядагы бейөкмөт уюмдар КЭДР аймагында режимге ыңгайсыз кишилерди өлүм жазасына тарткан 318 жайды аныктаганын билдирди. Transitional Justice Working Group укук коргоо уюмунун кызматкерлери Түндүк Кореядан качып өткөн 610 киши менен маектешкен.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2013-жылы Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын өлкөдөгү таасирдүү делген жездеси Чан Сон Тхэктин өлүм жазасына тартылганы тууралуу маалыматтар тараган

Өлкөдө мал уурулуктан тартып, Түштүк Корея телеканалдарын көргөндөргө чейин өлүм жазасына тартылат. Бул көп жылдан бери уланып келүүдө. Уюмдун маалыматында, мындай өлүм жазалары дарыя жээктеринде, дыйканчылык талаалары жана базар, мектеп, стадиондорго жакын жерде аткарылат.

Докладда өлүм жазасынын аткарылышын көрүү үчүн миңден ашуун киши жыйылып келери белгиленген. Документтин авторлору жазгандай, өлүм жазасы аткарылып жатканда, жазага тартылган кишинин жакындары сөзсүз күбө болуп турат. Атууга кеткендердин сөөгүн сейрек учурда гана жакындарына беришет. Болбосо алардын сөөгү кайда жашырылганы ачык айтылбай кала берет.

Түндүк Кореядан качып өткөндөрдүн биринин айтымында, жети жаштагы тестиер ушундай өлүм жазасы аткарылган учурга күбө болуп турган.

Айрым учурда мындай өлүм жазасы абак жайларда жана эмгек лагерлеринде аткарылат.

Качкындардын бири 2000-жылдары эмгек лагеринде болгон. Ал өзү сыяктуу кармалган 80 кишинин көз алдында үч аялды атып салган окуяны айтып берген. Аялдарды Кытайга качууга аракет кылганы үчүн жазалашкан. Өкүм аткарылгандан кийин офицерлердин бири "эгерде кимде ким качууга аракет кылса, тагдыры ушунтип бүтөрүн" эскерткен экен.

Өлүм жазасына өкүм кылынгандардын көбүн атып салышат. Көп учурда муну үч аскер кызматкери аткарат. 2005-жылдан тарта дарга асуу азайган.

Докладдын авторлорунун бири Этан Шин Франс пресс агенттигине интервью берип, барган сайын эл алдында өлүмгө тартуу азайып жатканын белгилейт. Анын болжолунда, Пхеньян өлүм жазасын жашыруун аткарып жатышы мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Спутник аркылуу тартылган сүрөттөрдөгү түзөтүү лагери

Жакында эле Түштүк Кореянын "Чосон ильбо" басылмасы КЭДР бир нече чиновникти өлүм жазасына тартканы тууралуу жазып чыкты. Февралда Вьетнам баш калаасы Ханойдо өткөн Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусун уюштурууга бул чиновниктердин тиешеси бар деп жазат басылма.

Жакында эле маалымат каражаттары Түндүк Кореяда Мамлекеттик кеңештин АКШ менен байланыштар боюнча атайын өкүлү Ким Хёк Чхоль жана Тышкы иштер министрлигинин төрт кызматкери атууга кеткенин жазып чыгышты.

Бул тууралуу маалымат берген булактын ысымы аталган эмес. Аны тастыктаган башка маалыматтар болгон жок. Өлүм жазасына тартылгандарды АКШнын пайдасы үчүн тыңчылык кылган деп айыпташкан.

2013-жылы Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын өлкөдөгү таасирдүү делген жездеси Чан Сон Тхэктин өлүм жазасына тартылганы тууралуу маалыматтар тараган.

Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги Чан Сон Тхэк аскердик трибуналдын алдында өз күнөөсүн мойнуна алганын жана өлүм жазасы дароо аткарылганын билдирген.

Расмий маалыматтарда Тхэк "саясаттагы кара ниет дымагы" үчүн айыпталып, өзүн өлкөнүн лидери менен тең санап, аны "бийликтен кулатууну көздөгөн" деп күнөө коюлганы бар.

Кээде мындай маалыматтар жалган болуп чыгат. 2013-жылы ырчы Хён Сон Воль атууга кеткени маалымдалып, бирок бир жылдан кийин теледен чыккан. 2018-жылы кышкы Олимпиада оюндары учурунда Түндүк Кореянын делегациясы менен Сеулга келген эле. (AbA)